
Өкмөт Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу боюнча жол картасынын долбоорун жактырганын экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, аталган документ өлкөнүн Бажы союзуна кирүүдөгү укук-ченемдик базасын түзөт. Эми долбоор парламентке жөнөтүлүп, андагы эки комитетте каралат. Андан ары майдын аягында Казакстандын Астана шаарында мамлекет башчылардын деңгээлинде өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеши тарабынан бекитилүүгө жөнөтүлөт. Өкмөттө Кыргызстандын Бажы союзга кирүүсү боюнча документти талкуулоо Жоомарт Оторбаевдин жетекчилигинде журналисттердин катышуусу жок өттү. Кийинчерээк жол картанын долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарына таркатылды.
Бажы союзга карай ташталган кадамдын ток этер жерине токтолсок, Кыргызстан союздун алкагындагы ар кандай талаптарды жүзөгө ашыруу үчүн 370 миллион доллар сурамай болууда.
Эске салсак, Бажы союзу Орусия, Казакстан жана Беларусту камтыйт. Өткөн жылы аталган союзга кирүүгө Армения кадам таштаса, Кыргызстан биримдикке кошулууга 2011-жылы эле арызын берген.
Темирбек Матаев
politika@super.kg
Сунушуңузга рахмат!
бийликтегилер эл кызыкчылыгын ойлобой, өз кызыкчылыгыг ойлоп кылган иштери.
Уже кошулчудай эле болуп калдык,
анан да Атамбаев байма бай ар өлкөгө каттап жүрү
Балким супер инфодо паспорт жонундо толук маалымат жоктур.
Ал санынан кийин да эки сан чыгып жатпайбы!!!
Демек ал нерседен кабарңыздар жок.
)))))))
Провокацияга жол берилбейт!
Рахмат, аракет кылабыз.
Издеген адамыңыз тууралуу катты Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43