Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

СИЗОдо 3 ЖЫЛ ОТУРГАН ШАХИДА БАСПАЙ, СҮЙЛӨЙ АЛБАЙ КАЛГАН

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж


Капаска түшкөн чымчыктын эңсегени эркиндик эмеспи. Төмөндө сөз болчу Шахида Аманбаева аттуу 21 жаштагы кыз адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелип, 18 жашында СИЗОго камакка алынгандан бери 3 жылдан ашуун убакыт болду. Ал ортодо Шахида өз алдынча баса албай, кийинчерээк сүйлөй да албай калган.

СОТ САПАТСЫЗ ТЕРГӨӨНҮ КАЙРА-КАЙРА КАЙТАРУУДА
Окуянын учугу 3 жарым жыл мурунку мезгилге барып такалат. Тактап айтканда, 2010-жылдын апрель айынын башында 22 жаштагы Рабига Жумабаева аттуу кыздын жансыз денеси Токмок шаарынын 1-кичи районундагы өзү жашаган үйдүн жанынан табылган. Укук коргоо кызматкерлери бул кылмышты иликтеп, көп өтпөй адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип Токмок шаарынын 3 тургуну кармалат. Алар: 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев жана 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева эле.
Алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (киши өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 3-6-пункттары (күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери аяктаганда иш сотко өткөрүлөт. Бирок сот тергөөгө канааттанбай бир нече ирет ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүп, андан бери 3 жылдан ашуун убакыт өтүп кеткен.

«КЕПТИН БААРЫ ТЕРГӨӨДӨ»
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн соттун чечимин күтүп убактылуу кармоочу жайда күн кечирип жаткан Шахида Аманбаеванын жактоочусу КҮМҮШБЕК ЫБЫКЕЕВГЕ кайрылдык:
– Учурда Шахида, Урмат Аскеев жана Алишер Жумашев убактылуу кармоочу жайда отурушат. Алар азыр эки ортодо, же абакта эмес, же эркиндикте эмес болуп чайналып жатышкан чактары. Мунун себебин соттор «тергөө чала жана сапатсыз жүргүзүлгөндүктөн кайрадан тергөөгө жөнөтүп жаттык» деп түшүндүрүп жатышат. Сот мындай чечими менен эч кандай мыйзам бузууларга барган жок. Кептин төркүнү тергөө амалдарын жүргүзгөн органдарда жана прокуратурада болуп жатат.
Логикалык жактан деле ойлонуп көрсөңүздөр, Шахида Аманбаева азыркыдай баса албай жана сүйлөй албай калган абалга кантип келген? Алгач ал берген көрсөтмөдө адам өлтүрүүгө катыштыгы жок экенин айтып, таптакыр күнөөнү өзүнө жууткан эмес. Ал тургай жанындагы шектүү деп кармалган берки экөөнү дагы өз көрсөтмөлөрүндө күнөөсүз деп көрсөткөн. Бирок бир нече убакыт жүргүзүлгөн тергөө амалдарынан соң ал кылмышка катыштыгы бар адам болуп, «Рабига Жумабаеваны менин көзүмчө Урмат Аскеев таш менен башка уруп өлтүрүп койду» деп көрсөтмө берген. Бирок бул көрсөтмөгө ынандыра турган буюмдар же күбөлөр жок болгондуктан сот отуруму улам кийинкиге жылдырылып, шектүүлөрдү же актай албай, же маркум Рабиганын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү таба албаган прокуратура кызматкерлеринин иликтөөсүнө ынана албай соттор да чайналып келишкен.
3 жылдан кийин Токмок шаардык соту Аманбаеваны «күнөөсү жок» деп актаган. Бирок жабырлануучу тараптан Рабига Жумабаеванын атасы соттун чечимине макул эмес экендигин билдирип Чүй облустук сотуна апелляциялык даттануу арызын жазган. 20-майда Чүй облустук соту ошол арызды карап, бирок мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен сот отуруму 2014-жылдын 27-майына жылдырылды.

«КЫЗЫМДЫН ӨЛҮМҮНӨ КҮНӨӨЛҮҮЛӨРДҮ ТААП БЕРГИЛЕ»
27-майда Рабига Жумабаеванын өлүмүнө шектелип кармалган жогорудагы 3 жарандын сотуна биз да барып катыштык. Сот отурумуна Шахида Аманбаеваны кызматкерлер көтөрүп келип отургузушту. Ал баса албай калган экен. Денесин кармай албагандыктан, башы оң тарапка бурулуп, токтоосуз калчылдап турат. Ал эми Рабига Жумабаеванын атасы СЫДЫК ЖУМАБАЕВ сот залында буларды айтты:
– Урматтуу соттун төрагасы жана мүчөлөрү. Сиздерден өтүнүчүм, менин кызымдын өлүмүнө күнөөлүү болгон 3 жаранга мыйзамдын негизинде жазасын бериңиздер. Коомчулук Шахида Аманбаеванын СИЗОдо отуруп оорукчан болуп калганын талкууга алса эле аны боштондукка чыгарып коюш керекпи? А менин кызымдын өлүмү үчүн ким жооп берет? Макул, түшүнүп турам, шектүү катары кармалышты, алардын бири минтип оорукчан болуп калды дейли. Бирок мен бир да тиешелүү тармактын же органдын «Аманбаева төмөнкүдөй оорунун негизинде оорукчан болуп калды, дарыланууга муктаж же башка» деген кагаз жүзүндөгү далилди көрө алган жокмун. Жактоочусу күнөөсүз экенин далилдей турган бир нече версияларды айтып жатат. Анда кызымдын өлүмү үчүн күнөөлүү адамдарды таап бергиле деп мен кимге кайрылам?
Ушул сыяктуу талаш-тартыш камтылган сот отуруму бир нече саатка уланса да чечим чыгарылбастан, кийинки отуруму 29-майга жылдырылды. Ал эми мамлекеттик айыптоочу кылмышка шектүү Шахида Аманбаева менен Алишер Жумашевди 13 жылга эркинен ажыратууга, ал эми Урмат Аскеевди 16 жылга эркинен ажыратууну сурады.

«КЫЗЫМ КҮНӨӨСҮЗ, БИРОК ДАЛИЛДЕРИБИЗГЕ ЭЧ КИМ ЫНАНБАЙ КЕЛЕТ»
Учурда Шахида Аманбаеванын жана башка шектелип жаткан 2 жарандын туугандары да соттун акыйкат чечимин күтүп жаткан учурлары. Окуя тууралуу өзүнүн версиясында Шахиданын апасы НУРГҮЛ АМАНБАЕВА мындай дейт:
– Кызымды көрдүңүздөрбү, өзүм да карап тура албайм. Аны темир тор артында алты саны аман болбой, ден соолугу начар абалда карап отуруш мен үчүн абдан оор. Аны СИЗОнун дарыгерлери тиешелүү деңгээлде караган да эмес. Кызымдын кылмышка эч кандай күнөөсү жок экенин билем, бирок биздин берген көрсөтмө, далилдерибиз эмнегедир укук коргоо органдарын такыр ынандырбай жатат.
Кызым СИЗОдо жатканда апама арнайм деп 2 дептер толтура күндөлүк жазган экен. Ал жакта ар бир күн так даталары менен жазылып, башынан өткөн окуялар баяндалган. Өзүңөр деле окусаңар болот. Шахиданын башына полиэтилен пакет кийгизип кыйнап, өздөрү түзгөн кылмыш ишинин сценарийин жаздырышканын баяндаган. Шахида жөн жерден ушундай жарым жан абалга келип калган жок. Анын сыз, муздак СИЗОнун камерасында 3 жылдан ашык отурганына кошул-ташыл тергөө амалдарынын жүрүшүндөгү зордук-зомбулук дагы ушундай оорукчан болуп калууга алып келди. Мен соттон туура чечим күтөм. Азыр үмүтүмдү актай турган адамдар чыгар бекен деген ой менен гана жашап калдым.
Сот отурумунда Шахида Аманбаева апасын үмүттүү көз караш менен тиктеп жатты. Мурдараак Шахиданын апасына арнап жазган күндөлүгүн окуган элем. Бул көз караштан: «Апа, айткан кебиңди укпай досторумду артык көрүп, сага каяша айтып тетири басып кеткен күндөрүм үчүн кечирим сурайм. Башыма түшкөн азаптуу күндөрдө мени кай тарапка которуп кетип жатышса да артыман калбай ашыңды көтөрүп жолугушууга келип жүргөн күндөрүңдүн бир күнүн актай алар бекенмин? Кечирчи мени, апаке! Балким, сени капа кылгандыгым үчүн ушундай күндөрдү көрүп жаткандырмын...» деген цитаталарды эстеп жаттым. Сот отуруму эки тараптын кайым айтышы менен аяктап, кароолдогу кызматчылар Шахида Аманбаеваны көтөрүп кайрадан
СИЗОго алып кетишти.
Кылмышка шектүү деп кармалгандарды ак же күнөөлүү дегенден азырынча алыспыз. Аны сот чечсин. Бирок алар күнөөлүү болгон күндө да укук коргоо кызматкерлери кызды ушундай акыбалга алып келгенге укугу бар беле?

3 жарым жыл соттун чечимин күтүп СИЗОдо отурган ШАХИДА АМАНБАЕВаны сот 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча айыптап, 4 жылга эркинен ажыратты. Тергөө абагында өткөргөн 1 күнүн 3 күн катары эсептеп, аны сот залынан бошотууга буюрду. Ал эми Урмат Аскеевди «адам өлтүрүү» беренеси боюнча 9 жылга, Алишер Жумашевди кылмыш уюштурууга катыштыгы бар деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу маалымат гезит басууга берилерде маалым болду.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Соттун өкүмүн күтүп баса албай, сүйлөй албай калган Шахиданын абалы

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

Шахида Аманбаева эркиндикке чыкты

Автор: Бекжан Рыскулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(178)
SUPER.KG видео
29.05.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Иии байкуш кыз озум суйунгонумдон ыйлап жибердим ((((( кордунорбу СМИ деген кандай нерсе. Качан эле ушинтип интернеттерге резонанс кылып чыгарышса качан эле чыкмак бул кыз.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тумодон адам жакшы болуп чыкпайт эч качан, же наркоман же болбосо мына бул кызга окшоп инвалид болуп чыгат, жалько бул кызга, бир жакшынакай кыз келечеги алдыда, эми болсо минтип он гулунун бир гулу да ачылбай жатып инвалид болуп калыптыр, жакшы болуп кетсин эми.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз кандай кылмыш менен кунолуу болуп олтурган не понятно, билсенер жазып коесунарбы? Рахмат.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш карындаш тагдыры оор экен кудай ден соолук берсин
SUPER.KG видео
29.05.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетсин :(
SUPER.KG видео
29.05.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотторго рахмат. Айыгып кет эми. Тынч эле уйдо жатчы.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бир татынакай кызды соттор убал кылышты бизде соттор акыйкатсыз иштешет айыгып жакшы болуп кетсин эми.супер инфо жааматы апасынын данныйын берип жиберсениздер акча салып жиберет болчум
SUPER.KG видео
29.05.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
чыдабай ыйлап жибердим чын эле камерага кайтса эмне болмок ужас просто айыгып кетсин эми.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
baykuskızzz debsınerda baarınar olgon kızdı da oylob koygulaaaaaa
SUPER.KG видео
29.05.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай курук дооматтардан кудай сактасы.Баарыбызда уул, кыз бар.Эмнеси болсо да бул кыз айыгып кетсин.Керек болсо иттин баласы да оорубасын.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шахида чын журоктон ден соолук каалайм, жашоондун баары алдыда, жакшынакай жапжаш кызсын. Албетте чечим туура эмес, бирок булар менен дагы алышып дагы канча кучун, ден соолугун, каражатын кетет. Андан коро баарын кудайга коюп, ушунуна да шугурчулук кылып койчу. Баары бир бизде акыйкаттык болбойт. Эн башкысы ден соолукта болуп, экинчи мындай кырсыктан кудай сактасын сени.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыркы заманда аллахтан умут узбош керек себеби акча болуп кетти баардык жер сага Аллах шыфасын берсин сакаяйып кеткин корбогондой болуп келечегин алдыда Ден соолук болсо кайра баары болот Аман болгун карындаш
SUPER.KG видео
29.05.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кыз ай журогум ооруп кетти сакайып кетсин.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ылайым бактылуу болуп ден соолугун жакшы болушун каалайм.Баары отуп кетти кайрадан сотко нааразы болуп аларды сотко беришин озуно минус болобу деп корком же туугандарына, аларды кудайга коюп кой отконду кайтара албайсын.Эми жаман адамдарга аралашпай жашоонду жаныдан башташыны каалайм.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шахида сага Жаратканым ден соолук берсин. Туура, жогурада жазгандарга кошулам. Эми сенин келечгин алдыда. Өткөндөргө өкүнбөй, келечек, ден соолук тууралуу ойлон. Баары өттү, кайра кайрылбайт. Эч качан Аллахтыр жардамынан үмүт үзбө. Жаратканым баарын өзү таразалайт. Келечекте ден соолугу чың, бактылуу жар болушуңду каалайм Оомийин!
SUPER.KG видео
29.05.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлап жибердимго ушул ахыбалга алып келген адамдар жакшы кун корбосун.Жаратканым шыпа берип сакайып кетсин.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
men ech tuwunboy jatam,bawka videosunda bul kiz korsotmo berip jatpadi bele korgon bilgenin aytip kunooludoi bolup...kayra kunoolu emesmin dep jatsa tuwunboy kaldim.karalayin degen oyum takir jok den sooluk,ken kelechek kaalaym...Namaz oku,Kuran oku...
SUPER.KG видео
29.05.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ОПЕРлер сабап, коркутуп жасалма көрсөтмө алып алышканда. Мындай учурлар көп кездешчү болду. Күнөөсүз адамды коркутуп, сабап моюнуна алдыруу.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден соолук каалайм Шахидага
SUPER.KG видео
29.05.2014. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
смиге чон рахмат!азаматсынар!абдирасулова эже ,бубусара эжелер элдерге чон жардам кылышат рахмат сиздерге да кудай колдосун сиздерди.сактансан сактайм дейт кудай ар бир адам так, таза журсок мындай балекеттен алыс болобуз.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болсун кудайым эми мындан ары жалан жакшылыктарды буюрсун.Бирок журокто так калды бул кыздын ден соолугуна зыян келтирди Шахиданын бул акыбалга жеткирген адамдар жоопко тартылат бекен же кудайым жазасын берет деп кала беребизби.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
den soolugu jakwy bolup batyraak sakayip ketsin!
SUPER.KG видео
29.05.2014. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Еки баланы емне учун кайра отургузуп койду жакшы ешнерсеге тушунгон жокмун толук малымат бере аласыздарбы
SUPER.KG видео
29.05.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куноон жок болсо кудай колдоор! эхххх..... Жан кеийит!
SUPER.KG видео
29.05.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шахида алла таалам сага шыпаа берсин. Эми озунду кара озуно кам кор. Келечекте буйруса бааары жакшы болот. Сен кудайым берген сыноолордон оттун деп ойлойм. Куноолулорду кудайым озу жазаласын сен кучунду аларга сарптаба. Озуно куч керек. Мени ыйлаттын.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bizdin olkodo myndai ister toltura kancha degen kunosuz baikustar oturushat...
SUPER.KG видео
29.05.2014. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындан кийинки жашоондо дайыма жакшылыктар болсун эми,бул кундорду корбогондой болуп кет
SUPER.KG видео
29.05.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да суйунуп кеттим. СМИ ортого тушкондо гана бошотушту деп ойлоп атам.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шахида го акталды. Бирок бул кызды ушул абалга жеткиргендер жооп берсин да, башында кыз жакшынакай эмес беле. Куноолуу тергоочулор, прокуратура жооп бериш керек. Шахида айыгып кетсин, апасына айтаарым кызынызды ушул абалга жеткиргендер жазаланыш керек...
SUPER.KG видео
29.05.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омей бизде прокурорлор канетет катту суйлошпой бу. ..же микрофон койбойсунарбы
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: