Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«УУЛУМДУ ӨЛТҮРГӨН АДАМДЫ «САЛАМ, НЬЮ-ЙОРК!» ТАСМАСЫНАН КӨРҮП ДЕНЕМ КАЛТЫРАДЫ»

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж


«Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер тасмасы» наамын жеңип алган «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы учурда коомчулукка жетиштүү деңгээлде тарап калган чагы. Ийгиликтерди катарынан багынтып келе жаткан мына ушул тасманын айланасында чуулгандуу окуя болуп кетет деп эч ким күтпөгөн. Бир кездеги классташын бычак менен сайып өлтүргөн жигит тасмадагы көрүнүктүү ролдун бирин жаратканы маалым болду.

ДЕПУТАТКА БУЛ МААЛЫМАТ КАЙДАН ЖЕТКЕН?
29-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Максат Сабиров айрым мыйзамдардын иштебей жаткандыгын айтып, ага бир мисал келтирди. Анда депутат «2006-жылы Бишкектеги мектептердин биринде Азим Чикеев деген окуучуну Даниэль Бурканов аттуу классташы бычак менен сайып өлтүргөн. Кылмышкер баланы жакындары психикалык ооруканадан «акыл-эси кем» деген маалым кат алуу менен жазадан сууруп кетишкен. Ошол бала эми «Салам, Нью-Йорк!» тасмасында көрүнүктүү ролдордун бирин аткарыптыр» деп билдирди. Көп өтпөй каза тапкан окуучу Азим Чикеевдин апасы ЖАМИЛА ЧИКЕЕВА 5-6 ай мурун тасмадан уулунун өлүмүнө себепкер адамды көргөнүнө күйүп, бир топ жерге, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылгандыгын айтып кеңсебизге келди.

ЖАМИЛА ЧИКЕЕВА: «ЖАЛГЫЗ УУЛУМДАН АЖЫРАТЫП КОЮП, ТАСМАГА ТАРТЫЛЫП ЖҮРӨТ»
– Бир кыз, бир уулубуз гана бар болчу. 2006-жылы 27-февралда Бишкектеги №5-улуттук компьютердик гимназиянын 11-классында окуп жатканда уулумду мектептин дааратканасынан бычак менен сайып кетишиптир. Уулум ооруканада кечки саат 7лерде үзүлүп кете берди.
Билишимче, Даниэль Бурканов экөө мектептин ичинен түртүшө кетишиптир. Ал өзүнүн берген көрсөтмөсүндө «бир эле жолу сайгам, мен бычакты кармап турсам Азим өзү келип бычакка сайылып калды» дейт. Ооруканага алып барганда врачтар 5 сааттан ашык операция жасашып, уулумдун өмүрүн сактай албай калышты. Бир жолу эле сайганда ошончо жаракат албайт болчу да.

 

«АКЫЙКАТТЫК ИЗДЕП КЕЛЕБИЗ»
– Уулубуздун сөөк коюу каадасы менен алаксып жүргөндө Буркановдун ата-энеси келип бир көрүнүп коюп, «ишти сот чечет» деп кетип калышкан. Топурак салганга да келишкен жок. Биз деле адам өмүрү кыйылып жаткандан кийин тиешелүү органдар акыйкат чечим чыгарып берет го деген ишеничте жүргөнбүз. Бир күнү баланын атасы Мырзакмат Бурканов бизге «баланын кунун төлөп берели, кыргызча бүтүрүп алсак кантет?» деп акча сунуштап келиптир. Жолдошум ачууланып, «акыйкат жазасын алат» деп койду. Ошондо Буркановдун атасы «барчу жериңерге барып алгыла, силер албай койгон акчаны тиешелүү жерлерге жумшап, уулумду куткарып алам» деп кеткен. Айткандай эле азыркы заманда акчага баарын сатып алса болуп калган деңгээлге келгенибизди уулумдун өлүмүнөн кийин билип отурабыз. Ал баласын психикалык жактан жабыркап жүрөт деп оорулуу кылып ооруканага жаткыза коюптур.
Республикалык психикалык ден соолук борборунан комиссия түзүлүп, 2006-жылы 13-июнда аны «психикалык жактан оорулуу, өзүнүн кылган ишине өзү жооп бере албаган абалда» деген чечим чыгарып беришкен. Бирок ал комиссия Даниэль Буркановду тергөө иштеринин жүрүшүн үзгүлтүккө учуратпай суроолорго жооп берип турганга мүмкүнчүлүгү бар деп жазып беришкен. Кийин ошол эле жылдын 30-августунда жана 16-ноябрында дагы башка комиссия түзүлүп, «Бурканов өз аракетин башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан жин оорусу менен жабыркайт» деген чечим менен жазасын жеңилдетип, психиатриялык ооруканада дарыланууну сунушташкан. Ошону менен ар кайсы эшикти каккылап, уулубуздун өлүмүнө себепкер адамды жоопко тарттыра албай кала бердик.

«ЭСКИ ЖАРААТЫМДЫ АЁОСУЗ СЫЙРЫГАНДАЙ БОЛДУ»
– «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы шаарыбыздагы кинотеатрлардан көрсөтүлө баштаганда биз да барып көрүп кайтканбыз. Биринчи көргөндө Буркановду тааныган эмесмин. 5-6 айдан кийин дисктен кайра көрдүм. Бүткөн соң тасманын катышуучуларынын тизмеси титр менен өтө баштады. Бир маалда эпизоддордон Даниэль Бурканов деген ысым көзүмө чалдыкты. Денемди калтырак басып, тасманы артка түрдүрүп кайрадан кайталап көрдүм. Көрсө, Бурканов аталган тасмада башкы ролдогу Баатырды Америкадан кезиктирип, батирине жашатып, жардам берген Дастан аттуу баланын ролун жаратыптыр. Дароо кайрадан тиешелүү жерлерге кат жөнөтө баштадык. Бирок жыйынтыктуу жооп эч кимден келе элек.
Эгер ал чынында эле психиатриялык ооруканада дарыланууга муктаж адам болсо, эмнеге аны көзөмөлдөбөй, чек арадан чыгып кетүүгө, болгондо да АКШга кетүүгө уруксат беришет? Мен бул боюнча Америкадагы Кыргызстандын элчилигине да кайрылгам, бирок жооп келе элек. Адам өмүрүнө кооптуу жагдай туудурган адамдарды ушинтип коомго ээн-эркин чыгарып койгон органдар жооп бериши керек эле. Буркановдун 1971-жылы туулган Рустам Бурканов деген агасы дагы «акыл-эси ордунда эмес» деген чечим менен көзөмөлдө экен. Ал 7 жолу соттолуптур. Ушундай маалым катын көрсөтүп коюп кылмыш кылып жүрө берсе боло береби? Тасмадан Буркановду көрүп эски жараатымды бирөө сыйрыгандай болду.

«БУРКАНОВ ЖАКШЫ ТААСИР КАЛТЫРГАН»
Жогорудагыдай окуядан кийин тасманын режиссёру Руслан Акунга байланышканыбызда ал: «Даниэлди таап, сүйлөшүп, анын пикирин билгим келет. Аны менен Нью-Йорктон таанышканбыз. Сүйлөшүүдөн кийин Бурканов жакшы таасир калтырган болчу. Ал тасмада экинчи пландагы каармандын ролун жараткан. Мага азыр депутаттын сөзүнө ишениш кыйын болуп турат»,- деп билдирген.

«КАЙРЫЛЫШСА ДАРЫЛАЙБЫЗ»
Республикалык психикалык ден соолук борборунун башчысынын орун басары КУБАНЫЧБЕК ЭРМЕГАЛИЕВ төмөнкүлөрдү айтып түшүндүрдү:
– Мындай иштер биздин ооруканада бир күндө ондоп саналат. Баарын эле эстеп калыш оңой эмес. Бул жерде 1 эмес, 3 чечимде тең окшош диагноз коюлуптур. Демек, кылдат текшерүүдөн өткөн десек болот. Союз учурунда психикалык жактан жабыркаган жана дарыланууга муктаж каттоодогу адамдарды көзөмөлдөп турушчу. Азыр болсо шартка байланыштуу атайын кайрылган адамдарды гана дарылоого жиберебиз. Бул чечимде Даниэль Бурканов 2011-жылга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек деген жери бар экен. Оорулуунун туугандары 2011-жылдан кийин дагы мөөнөттү узартып, дарыгердин көзөмөлгө алуусун сурап келсе, анда ал учурда бизде дарыланып жаткан болмок. Андан бери кайрылуу болгон эмес, демек, жоопкерчилик бейтаптын туугандарында.

Жогорудагы 2 ай сайын жүргүзүлгөн 3 текшерүүнүн жыйынтыгына таянып, 2006-жылдын 1-декабрында Свердлов райондук соту Даниэль Буркановго коюлган Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесин (адам өлтүрүү) өндүрүштөн алууга буюруп, ордуна 91-беренени таккан. Бул берененин 2-бөлүмү катардагы байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага жайгаштыруу дегенди түшүндүрөт. Учурда бул адамдын кылган иш-аракеттерине жооп бере албаган абалы үчүн ким жооп берет, белгисиз.

АГАСЫ ДА «ООРУЛУУ» КЫЛМЫШКЕР
Ал эми жыл башында болгон чуулгандуу кылмышта Даниэль Буркановдун агасы Рустам Буркановдун ысымы да айтылганын эсиңиздерге сала кетели. 2014-жылдын 9-февралында Боом капчыгайынан белгисиз бирөөлөр жогорку ылдамдыкта келе жатып, МАИ кызматкерлерин атып, качып кетишкен. Кийин алар кармоо учурунда милиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Алар психиатриялык ооруканадан качып чыгып кылмыш иштерин жасап жүргөн Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаев аттуу жарандар болгон. Бул 2 кылмышкер 2013-жылдын 31-декабрында Рустам Бурканов (Даниэль Буркановдун агасы) менен биргеликте Бишкек шаарынан бир бизнесмендин 50 миң АКШ долларын тоноп алышкан.
Рустам Бурканов тоноо кылмышынан кийин Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Анын үйүнөн бет каптар, тапанча табылган жана ал мындан башка да бир нече кылмышка катыштыгы болушу мүмкүн экендиги айтылган. Кылмыш кылган убакта Заур Магомедов менен Рустам Бурканов психикалык жактан оорулуу делинип Кызыл-Жардагы ооруканада дарыланып жүргөн адамдар экени белгилүү болгон.

Купулга толгон жакшы тасманын атагын алыска таанытып, өлкөдөгү бир нече сыйлыктарга жетишип сүйүнүчүбүз артып турганда бир карын майды бир кумалак чиритет болуп «кылмышкер тасмага тартылыптыр» деген кеп менен талкуу чордонуна түштү. Ал эми жалгыз уулунан айрылган эне уулунун өлүмүнө себепкер адамды жазага тарттырып көксөөсү сууйбу? Депутат көтөрүп чыккан маселесинин өтөсүнө чыгабы? Бул иштер боюнча дагы маалымат беребиз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Уулумду өлтүргөн адамды "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынан көрдүм" дейт Жамила Чикеева

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(113)
SUPER.KG видео
09.06.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан окунучтуу,бирок эми кандай болот,кандай чечим чыгарышат болду экен,болбосо америкада даарыланып жатат деп айтышабы?чындап олтургонбу же окшоштукпу,аябай табышмак болуп калды бул жагы.
SUPER.KG видео
09.06.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жазасын алыш керек!
SUPER.KG видео
09.06.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эже баланыз азимдин жаткан жери жайлу болсун биринчиден экинчиден олтургон баланы аллах озу жазасын бесин. ушуну гана айталам биздин кыргызстанда атка минерлерге ишенич жок
09.06.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазасын бул дуйнодо болбосо тиги дуйнодо созсуз алат го, бул дуйнодо эч ким туболук калбайт ойлонгун адамзат
10.06.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан боодо кырсыктан, курулай дооматтан озун сактай кор, биздин бийлик, биздин атка минээрлер акчага сатылган. Жигиттин жаткан жери жайлуу болсун.
10.06.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто нет слов
10.06.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уйбулосу менен бандиттер турбайбы ужассссссссссссс
Модератор admin_superstan түзөттү 10.06.2014 11:06
10.06.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эненин коз жашы ошол баланын убалы уктатпас баласын акча берип куткарып алып тынч уктап жаткан ата энеге мин наалат
SUPER.KG видео
10.06.2014. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эне учун баарыбыз аракет кылып жыйынтык чыгарууга жардам берсек кантет оз ойунарды айткылачы
10.06.2014. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men Daniel Burkanovdy N5-Komputerdik Gimnazyada okup jurgondo bilchim. Kerek Bolso al Mektep Prezidentinin ishin atkarchy oshol maalda. Esimde bizde ekinchi Fizika Sabagynyn orduna bashka klass kelip biz kiinki sabaktu kutuugo tuura kelip kalgan. Koridordo jursok okuuchular terezeni tiktep kalyshkan eken baryp karasak( Azim uje kylap kalgan eken eshikte. Any bat ele alyp ketishken, birok tilekke karshy al kaza bolup kalgan. Daniel kylgan kunoondu moinuna al erkek bolson.
10.06.2014. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eger Daniel Psihikalyk oorukchan bolso emne uchun al Mektep Prezidenti bolushu kerek ele? Mektep Prezidenti al sabakty jalang 5ke okugan aktivduu, ulguluu okuuchuda!? Men ozum Mektep Prezidenti bolgonmyn oshol mektepte al postko otush ongoi emes, senin biliming teksherilet, tarbia tartibing baaru karalat. Daniel men seni dagy Azimdi agy bilem. Azim ramatylyk jany janatta bolsun.Uiatyn bolso kylgan kylmushty moinuna al!!!! Ech ubakta biroo bychagynga saiylyp kalbait jon ele!!!!
10.06.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aibars, адам олтургондон кийин да киного тартылып журсо мектепте президент болуу не деген кеп эле!агасы криминал болсо андан президенттикти мектепте ким талаша алсын.ошол маркум жалгыз конкурент болгон экен го!
10.06.2014. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
дастандан интервью алсанар болмок.
10.06.2014. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кокусунан болгондур бул окуя, болбосо улгулуу бала кантип эле кылсын. дагы билбесем, тооба дейин!
11.06.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnazi, мультфильмдерде эле бироо кармап турган бычакка озу барып сайылып албаса жашоодо андай болбойт.
10.06.2014. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамиля эже Арты кайрылуу болсун! Мен ишенем сизге акыйкат болот. Атасы акчасына ишенсе ишенсин, бирок эл бар, эл таразалайт.
10.06.2014. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ алла баламы кандай кылып тарбиялап алам. Уйдо айтасын бирок коомчулуктан тарбияны кобуроок алат экен. Энеден баланы айрыбасын.
SUPER.KG видео
10.06.2014. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудай жазалайт эже сабыр кылыныз
SUPER.KG видео
10.06.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жазасын алсын. Кудаидан деле коркуш керек. Атасынын, чечим чыгарган соттун.. аты-жонун ачука корсотуп, талкууга алыш керек.
10.06.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
АЛЛА таалам жазалайт биздин куч органдар жазалабаса
10.06.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш эне баланын куйуту кандай жаман, тиги актёрдунда ата-энесида кыйналып азап тартып жатат бир уулунун куйуту аз келгенсип кичуусунунда азабын тартып
SUPER.KG видео
10.06.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде бутеле эртенкисин ойлогон адамдар жок негизи даже приздентен тарта оздорунун кунумдугун ойлошот заман бузулду дейбиз ошол заманды ушундайлар бузуп атат башы жок манкуртар бул жактагы куноосуз адамдаразап тартат эх эх эх эх аллааахым буткул дуйнодогу адамдарга озун ыйман ынсап иштебеген мээсине акыл бер аллааахым
10.06.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугунку кундо жалпы эле адамзаттын пейили кетип турган убак. Кээде ойлойсун акыр кыяматтын жакындап калганыбы деп... Айтор ойлонуп отурсан ой коп,бирок тугонбойт! Аллах бар,ал баарын билип,коруп турат! Бул жалган дуйнодо эч ким,эч нерсе адилетсиз калбайт! Кан кое бербейт,егерде олтургону чын болсо акмактын!
SUPER.KG видео
10.06.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эже,эч кайгырбаныз! Бул жарыктыкта жазасын албай, атасынын акчасына таянып жургон болсо , созсуз тиги жашоодо жазасын алат.Бизде акыйкаттык жок экенин айтпасак деле белгилуу да,ошол чечимди чыгарган врач ,сот созсуз жазасын алышат. Закон турундо албаса дагы созсуз Кудайым озу жазасын берет.Энелердин коз жашына калгырлар !!! Кудайымдын бар экенин эсинерден чыгарбасанар боло !!! Эже,ишениниз баары оз жазасын алышат!!!
10.06.2014. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Агасынын да жинди деген документти болсо, озунда да бар андай справка,анда булардын уй булосу менен ошондой справка болсо керек,акыйкаттык кайда тоок уурдагандар камалып адам олтургондор Америкада ойноп журушот
SUPER.KG видео
10.06.2014. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Amerkikanyn KG dagy elchiligine kairylyshsyn dagy, je al bala USA da nelegalno jurgon bolso kyiyn karmash...
10.06.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КГ да эч нерсеге тан калбаш кк. Анан баары бутконсуп он каарманды ойноп коюптур го. Кан баары бир кое бербейт.
11.06.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kynyry ish kyrk jylda bilinet degen uwu da,
emi kyjaalat bolbon eje emi ka4yp kytyla albasa kerek emi ke4 bolso da milisiya kyzmatkerleribiz kamashaaar degen tereen oidobuz... dagy aitaar eleem birin4i bala bolobu je jalgyz je onun4ubu al baaribir ene u4un balasy..
SUPER.KG видео
11.06.2014. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kynyry ish kyrk jylda bilinet degen uwu da,
emi kyjaalat bolbon eje emi ka4yp kytyla albasa kerek emi ke4 bolso da milisiya kyzmatkerleribiz kamashaaar degen tereen oidobuz... dagy aitaar eleem birin4i bala bolobu je jalgyz je onun4ubu al baaribir ene u4un balasy.
11.06.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президентке путин сыяктуу крим инфонун башчысын коюуу керек ошондо онолот КР а то акыйкат жок. Азизди олтуруптур камабады эми даниельди азиздин туугандары олтурсо качан турмодо чиримек.
11.06.2014. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Паракорчулуктун айынан,жебеген самсага акча толойт бечера адамдар.
11.06.2014. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч болбосо кудайдан коркулачы адамдар
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: