Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№4-ТӨРӨТКАНАДА ЭНЕЛЕРДИН КӨЗ ЖАШЫ КАЧАН ТЫЙЫЛАТ?

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж


25-май күнү борбордогу №4-төрөт үйүндө дени сак төрөлгөн ымыркайдын белгисиз жагдайдагы өлүмү катталды. Төрөлгөнүнөн 5 күн өтпөй чарчап калган наристенин энеси 29 жаштагы НУРЗАДА САДЫРБАЕВАнын өзөгү өрттөнүп, көз жашы тыйыла элек.

«БАЛАМА МЕДАЙЫМ ЭЧ КАНДАЙ ЖАРДАМ КӨРСӨТӨ АЛГАН ЖОК»
«Дарыгерлер баламдын дени сак төрөлгөнүн айтышкан» деген эне окуяны төмөндөгүчө баяндап берди:
– Балам курсагы ток болсо тынч эле жата берчү. 4 күн болгондо уулумдун бетине майда темгилдер чыгып кетти. Аны дарыгерге көрсөтсөм, «супрастин берип кой» деди. Ошентип, дарыгердин дайындоосу менен ал дарыны бердим. Эртеси биз төрөт үйүнөн чыкмакпыз. Кийим-кечегибизди чогултуп, кетебиз деп даярданып алганбыз. Бирок ал күнү баламдын денеси саргарып кетти. Аны көргөн дарыгер «биротоло айыгып, анан кеткиле» деп чыгарган жок.
Нурзада айым баласын көргөн дарыгер «саргарганы өтүп кетет, ага кабатыр болбо» деп тынчтандырганын айтат:
– Баламдын башына тамчылатма аркылуу дары куюп, андан кийин фотолампага жаткырып жатышты. Кезектеги нөөмөткө чыккан Назира аттуу медайым палатага кирип, уктап жаткан уулумду төрөткананын күн тийген тарабына алып барып, тамчылатма дары куюп баштаган. Бирок ал 3 ирет ийнени сая алган жок. «Эгер сиз сая албасаңыз, башка дарыгерди чакырыңыз» дедим. Ал айтканыма көнбөй, 4-жолку аракетинде баланын баш сөөгүнө сайганда уулум чаңырып ыйлай баштады. Ал такыр сооронбой жатты, медайым мага «балаңды соорот» деп, анын ыйлап жатканына карабай сыртка жөнөдү. «Баламды карап бериңиз, эмне болуп жатат? Минтип ыйлачу эмес да?!» деп кайрылганымда, «бөтөлкө менен суюктук бер» деди. Мен балага эмчек сүтүн эмизеримди айттым. Медайым «баланын оозуна глюкоза тамчылатсаң сооронот» деди. Мен глюкозаны бир аз тамчылаттым, бирок балам аны жутканга да жетишпей тулкусу толугу менен көгөрө баштады. Анын өңү кара көк тартып, дем албай калды. Мен титиреп, кыйкырынып, эмне кыларымды билбей калдым. Медайым эч кандай жардам көрсөтө алган жок. Анын шалаакылыгынан уулумдан айрылып калдым,- дейт эне. Айтымында, ал коридорго чыгып кыйкырып дарыгер издегенге мажбур болгон. Бирок эч кимди тапкан эмес. 5 бөлүм боюнча ал күнү бир гана жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери жана медайым болгон.

ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯЛАР
Перинаталдык борбор деп саналган бул төрөтканада буга чейин да чуулгандуу окуялар орун алып келген. Алсак, 2007-жылы төрөткананын акушер-гинекологу жаңы төрөлгөн ымыркайды 600 долларга сатканы жаткан учурда кармалса, 2009-жылы 2 ай ичинде 6 эне төрөттөн көз жумуп коомчулукта резонанс жараткан. Каза тапкан аялдардын өлүмүн иликтеген комиссия «3 аялдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн эле» деген бүтүм чыгарган.
Ошондой эле 2013-жылы ноябрь айында жаңы төрөлгөн ымыркай уурдалып, ызы-чуулардан кийин ал кайра табылган. Ымыркайдын уурдалышына төрөткананын Шарапат Мамырканова аттуу медайымы аралашканы ачыкталып, наристе үчүн 1500 доллар талап кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин акысын 1000 долларга арзандатканы белгилүү болгон. Бишкек ШИИБинин иликтөө иштеринин натыйжасында жоголгон ымыркай 8 күндөн кийин Бишкектеги Асанбай кичи районунда сатып алган аял Нуржан Макенованын үйүнөн табылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында соо төрөлгөн уул бала чарчап калган ымыркай кызга алмаштырылганы белгилүү болуп, себебин төрөткананын кызматкерлери 1 вакуумга экиден ымыркай жаткырылып жатканы менен түшүндүрүп кутулушкан.

«ОКУЯЛАРДЫН БААРЫ ӨТТҮ...»
Окуянын бир тарабын гана чагылдырып койбостон, экинчи тараптын да пикирин билүү үчүн тиешелүү тараптарга кайрылып, жарытарлык жооп ала албадык. Алгач эле аталган төрөткананын башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын сөзүн угуу үчүн кайрылганыбызда анын катчысынан «Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин уруксатысыз интервью бере албайбыз» деген жооп алдык. Аталган департаменттин уруксатын алып кайра кайрылганыбызда деле башкы дарыгер Б.Алмазбекова «Окуялардын баары өттү, кайрадан маалымат берүүнүн кереги жок деп эсептейм» деп комментарий берүүдөн баш тартты.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиевге байланышып «окуяга карата кандай чара кабыл алдыңыздар?» деп суроо узаттык. Бул окуяга байланыштуу тапшырма Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментине тапшырылганын айткан министрдин орун басары мындан башка пикир берүүдөн баш тартты. Ал эми Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин атынан башкы гинеколог Раиса Бейшеналиева жооп берип:
– Маалымат келип түшөрү менен эле чаралар кабыл алынып, жумушчу иликтөөчү топ түзүлгөн. Анын жыйынтыгы да чыгып, ошол күнү нөөмөттө турган Назира аттуу медайым кызматынан бошотулса, ошол эле нөөмөттөгү айрым кызматкерлерге сөгүш жарыяланды. Негизи бул төрөт үйүндөгү мындай окуялардын кайталанышынын себеби бар. Шаардагы жалгыз перинаталдык борбор болгондуктан, бардык эрте төрөгөн энелер, кыйналгандар ушул борборго келишет. Дасыккан кызматкерлер да жетишсиз,- деди.

БИЛЕРМАНДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Борбордогу №4-төрөт үйүндө бала сатылды, бала уурдалды, соо бала өлгөн ымыркайга алмаштырылды, соо бала кызматкерлердин шалаакылыгынан энесинин көз алдында каза тапты. Коомчулук аталган кылмыштар, шалаакылыктар боюнча кескин чара көрүлгөнүн угуп-билген жок. Саламаттыкты сактоо министрлиги, тиешелүү органдар кескин чара көрүп, бул жактагы баш аламандыкты иретке келтириши үчүн дагы канча эне боздоп-ыйлашы керек? Ушундай суроо менен өкмөткө, эл өкүлдөрүнө, юристке да кайрылдык.

Жогорку Кеңештин депутаты ЫРГАЛ КАДЫРАЛИЕВА:
– Биз кызматына шалаакылык кылган медицина кызматкерлерин жазалай албай жатабыз. Аталган төрөтканада мен да балалуу болгом. Бул жерде тааныш-билиш же акча аркылуу гана кардарларды көзөмөлгө алып, дарылап жаткандыгы ушундай өлүмдөргө алып келүүдө. Ушундай мамиленин айынан эртеңки күнү жаза тартып калам деген коркуу сезими эч кимде жок. Ушундай окуялар болгон учурда эч нерсеге карабай туруп, жетекчиликти биринчи кезекте жоопко тартуу, кескин түрдө жаза берүү, керек болсо сот жообуна тартуу керек. Айтайын дегеним, бул жерде деги эле систем туура эмес иштеп жатат,- деди эл өкүлү.

 


Социалдык блок боюнча вице-премьер ЭЛЬВИРА САРИЕВА сурообузга мындайча жооп узатты:
– №4-төрөткана жалгыз перинаталдык борбор. Бул жакка бир гана борбор шаар ичиндеги мамлекеттик жана жеке менчик төрөтканалардан эле эмес, аймактагы бейтапканалардан да абалы оор болочок энелер келип түшөт. Ошол үчүн да аталган төрөтканада кейиштүү окуялар көп болот. Бирок, албетте, мындай жагдай №4-төрөткана үчүн актануу болбошу керек.
1 жылдык пландар түзүлүп жатканда өзүнчө пункт менен Саламаттыкты сактоо министрлигине «ымыркайлардын өлүмүнүн саны азайтылсын» деген талап коюлган. Ошол эле учурда айтып койгум келет, Кыргызстанда дал ушул көрсөткүч жыл сайын жакшырып бара жатат.
Эң башкысы, болочок энелер өзүнүн ден соолугуна чоң кам көрүүсү шарт. Биздин башкы көйгөйлөр эне болом деп жаткандардын саламаттыгына жакшы көңүл бурбагандан келип чыгат. Буга кошумча, аймактарда, айыл-кыштактарда жайгашкан ооруканаларда техникалык жабдуулар жок же жетишсиз. Саламаттыкты сактоо министри Динара Зарлыковна менен соңку жолу сүйлөшкөнүмдө «№4-төрөтканада менеджментти оңдойлу» деп айтканмын. Ал бул ишти «жеке көзөмөлүмө алам» деп убада кылды.

Жогорку Кеңештин вице-спикери БӨДӨШ МАМЫРОВА аталган төрөткана бала сатуу менен иш алып барган мекемедей болуп калганын айтты:
– Таарынышпасын, бирок айтып коёюн, №4-төрөт үйү кадимкидей эле план түзүп алып, бала сатуу иши менен алектенген мекемедей болуп калды. Бул тууралуу канча жолу маселе көтөрүлбөсүн окуянын өзөгү айтылып, «күнөөлүүлөргө кылмыш иши козголду» деп келгени менен, кимге кандай жаза берилгени тууралуу эч кандай маалымат угузулбай келет. Кылмыштуу окуяларга катышкан кызматкерлерди кызматынан четтетүү менен гана кутулушат. Бирок алар айланып эле жүрүшөт, бир төрөтканадан бошотулган дарыгер экинчи төрөтканага кызматка орношуп алат экен. Мындай окуяларга негизинен башкы дарыгерлер күнөөлүү болгону менен, күнөөсүн медайымдарга шылтап коюп жатышат,- дейт.

 

Юрист ЖООМАРТ ЖОЛДОШЕВ дагы бул көрүнүштөргө карата:
– Бул жерде мыйзам алсыз болуп, чоң кылмышка барып, бала уурдап, бала сатып же өлтүрүп койгон кылмышкерлерге өз жазасы берилбей калып жатат. Дарыгерлер «мен ушул кылмышты кылсам, эртең мыйзам боюнча мага мындай же андай чара көрүлөт, мен сот жообуна тартылып калышым мүмкүн» деген жоопкерчиликти, коркунучту сезишпейт. Же коррупциянын айынан кээ бир айыптуулар «баары бир акча менен кутулуп кетем» деген ойдо жашашат. Медицинага тиешелүү мыйзамды кайрадан карап чыгып, тактап, тууралап, системдештирүү зарыл. Өнүккөн чет өлкөлөрдүкү сыяктуу эле айыптууларды кызматынан бошотуу менен бирге лицензияларын алып, финансылык жактан да айыптарды төлөтсөк дарыгерлерде жоопкерчилик пайда болот эле,- деген пикирин айтты.

Ширин Турдакунова
koom@super.kg



№4-төрөтканада наристелердин өлүмү качан токтойт?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(69)
09.06.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызматкер жетишпесе,иш сурап келгендерден пара албасын,коп нерсеге врачтар кунолуу уйкусурап жазып коёт,аны аткарган мед айым кунолуу болуп калат.Мейли олгондор аппараттын же препараттын жетишсиздигинен же абалы ото оорлугунан каза болду,сатълып кеткендерге эмне деп жооп беришет.
09.06.2014. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адамдар да кызык башка эненин коз жашын тогуп жатып кантип бактылуу боло алат.бала сатып алгысы келсе балдар уйундо канчалаган балдар эне мээримине зар болуп жатат,ошолоду алып мээрим бербейби сооп да болот.
09.06.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Врач медсестра акушерлер жумушун жакшы билбейт .канча кишинин убалына калып атат .буларды атестациядан откоруп билбегенин кайра окутуп желмогуз пара алгычтарды турмого камаш керек .ар бир палатага камера орнотуп агенттерди андытып коюш керек .
09.06.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул тороткананы полный жаап ошол иштеп жургон медиктердин полный медицина жактан иштоо укуктарын алып салыш керек.. и 3 жыл уй орест кылыш керек
09.06.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазалоо керек, у нас все приступлении без последствии.. До каких пор мы должны карат, пора уже действовать((((
09.06.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кыргызстандын врачтары оздорунун мурдунан башка эч нерсе коргон эмес .бир да жолу коро да уга элекмин .кыргызстанда врачтар бироого тура диагноз коюптур дегенди.качан болсо акырында болбойт деп эшикке чыгарып коет .эми бала саткан боюнча .факт болсо камаш керек
Модератор admin_superstan түзөттү 09.06.2014 12:08
09.06.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zarifa_love, этика нормаларына туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
09.06.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорку медициналык окуу жайларда акча менен бутушот. Анан кантип эле оз кесибин мыкты билген, кыйын врачтар чыксын.
09.06.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө кейичтүү, Назира деген медсестраны мен чачтан алмакмын. Ушундай сабатсыз медик сөрөйлөрдү жок кылыш керек. Алардын жазасыз калып кетип жаткандары, аларга чара көрбөй эле коррупция күч алып баштаганы абдан өкүнүчтүү! Кудай жазасын берсин!
09.06.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда ушу жерден коз жаргам,балам айына жетпей торолду эле,Ар бир дежурный врачка акча бергенбиз,тороткон врачтан баштап уборщицага Чейн ээээ жалгыз Эле 4эмес Жалчы аяк да аман болсун врачтардын айынан балам кооп кыйналды туура эмес дарылашып,эми коркуп атам кайда барып коз жарам!!!!!!
09.06.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dayana1991,
6 Роддомго барсаныз болот. Мен ошол жерде тородум. Врачтары медайымдары да жакшы карайт экен. Эч кандай акча деле берген жокпуз.
09.06.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dayana1991, men dagy 4-torot uyundo koz jargam,biz dagy ayina jetpei torolgonbuz. Vrach, medcectralardyn baary en jakshy karashkan.Janym, bir az chydap koi dep (al vrachty men taanybaim, birinchi korgom)torotkon.Sohraneniege da jatkam,ayabai sonun karashkan.Yraazymyn!Ech bir vrach, medcectra bir da som surashkan emes.Aitayin degenim,bardyk vrachtar okshosh emes!5-6 aldym juttum uchun baardyk vrachtardy jazaloo tuura emes.
09.06.2014. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dayana1991, мен да 4 роддомдон торогом, таанышым болсо да Ар бири акча умут этишет экен кадимкидей, уборщицасына чейин бергембиз. жакшы деп ошояктан торотушкон,
09.06.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын Кыргызстанда медиктерге ишенбейм.Ошон учун Россияга келип коз жаргам.
Журогун шуу дейт балан кичине жыгыла тушсо,бала каттуу ыйлап дем ала албай эрип когоро баштаса кочугун каттуу кысып кармагыла ошондо кочугунон аба кирбей дем алып ийет.Менин балам да ыйласа когоруп кетет ошондон аябай корком.
09.06.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча менен буткон калтырактарды. Ишке да акча менен алышат. Анан жыйынтыгы бул. Ошол чарчап калган ымыркый бир ккн келип ошол паракор жетекчилердин оз небереси болуп калып пешенесине муш болбосо болду. Алла таалла озу берип озу алат дейли, анда сатканды да бул бала торолуп анан сатылат деп жазылган, ошондуктан сатылып кетпедиби деп тушундуробузбу?
Тогуз ай которуп, не бир кыялдар менен ниеттенип, кырк мууну сыздап торогон аял бир заматта баласын жоготуп отурса....
09.06.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы торогом ушул ооруканада.Чындап эле аябай кыйналып жатсаң деле жакшы карашпайт экен.Азвр бут эле жеиде акча болуп калбадыбы,акча кооп берсен жакшы карайт болбосо карабайт.
09.06.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай көрүнүштөр ар бир облуста толуп жатат. Ош шаарындагы Төлөйкөндөгү роддомдо эжемди 9 айга 5 күн калганда акчага кызыгып кесерово жолу мн төрөтүп коюшкан эжемдин уруксатын да алган эмес жездеме бала тумчугуп калыптыр деп алдашат натыйжада бала 8 күн комада жатып чарчап калды. историясына энеси орукчан болчу деп толтуруп коюшкан экен кайын журту окушуп эжемди күнөөлөштү.
09.06.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кесерево кылса врачтарга премия жазат экен, ошон учун болбогон шылтоону айтып кылып коюшат экен.
09.06.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Москвада 6 ай 15 кун болуп туулган баланы сактап калышкан менин таанышымдын баласы болчу. Бизде болгондо олтуруп колуна карматмак 9 айлык баланы эптеп торото алышпайт.
09.06.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр бардык жерде эле акча берсен карайт болбосо жок. Торогондон да коркосун .....
12.06.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuri.88, айтпагыла кордук ко келинчегим жатканда ,акчасын бербесен ачык эле жаман коро башташат, ачык эле айтат жакшы карабайбыз дешип
09.06.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
роддомдо да жакшы карашпай калышты.Кудай сактасын таанышын болбосо олдун экенда.Акчан барбы карайм,болбосо жок деген мамилени коросун.Качан караба коз жашын тогуп олтурган энелерди кором роддомдо.Ыйман эле берсин врачтарга.....
09.06.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пулуң болсо кулуңмун деп эле кайда барба баары акча сурашат, колунан иш келгендери да келбегендерида!
09.06.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биро жаман болсо,баары жаман болбойтта. Баардык больнитсалар андай эмес жакшы карагандары да бар.
09.06.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кош бойлуу айымдар, мумкунчулугунор болсо, 4 роддомдон ары барып эле торогулочу, сураныч! Ушуну м.н канча жолу кылмыш болду. Биз билбегенибиз канча?
09.06.2014. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныз эжеке, Аллах жазалайт андай медайымдарды.
09.06.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
медиктер жаман копту го ыя, я уважаю конечно, бирок коррупция ушу медиктерде болуп кетти окшойт. Частный деле, мамлекеттик деле акча талап кылышат да турат. Эми кайда барып торойбуз, жеке менчик торот уйлор кымбат да?
SUPER.KG видео
09.06.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айагына чыгыш керек,жумуштан айдап койсо эле буттобу?! Жоопко тартыш керек,кийинки врачтар,мед айымдар коруп билиш керек,шалакылыкка жооп берерин.
09.06.2014. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мээрбан айым эмес эле бир асмандан тушкондой журушот. Врачы дагы башкасы дагы.
09.06.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобунчо жаш медайымдар иштей албайт го дейм.Кыргызстанда жакшы болуп калды го деп ойлогом медицинаны.Ар уч ай сайын окууга чакырып турушат врачтарды (курска).бир жумага же он кунго.
SUPER.KG видео
09.06.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламаттыкты сактоо министрлиги катуу колго албаса мындай мыйзам бузуулар кобойгондон кобойуп баратат.Кыргыз болуп туруп озундун жериндеги даарыгарлерге ишенбесен анда создун буткону.россияда документти жок аялдар да тороп жатышат,болгондо да акысыз.бул дегенибиз аларда мыйзам катуу,биздин кызматкелерге медиктерге да,укук коргоочуларга да соз жок демекмин.
SUPER.KG видео
10.06.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мед айымдар Кудай бар экенин билбесе керекта бизнес кылып алышканына караганда Каантип колу барат , озунун балдарын деле сатса керекта даже алмаштврып алса керекта спокойно эле.
SUPER.KG видео
10.06.2014. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bularga sot zhok!Myndan bir kancha zhyl murun bala satyshkanda zhumushunan boshotulgan dogdur 3 gnikalogiyalyk bolnisada zam gla vrazh zhe glavrach bolup kotorulup ketken,aty zhonun unutup kaldym.2008 zhyly menin balamdy tuura emes darylap olturgon Zanalieva Ainura dele ezh kandai zhaza albai ele dagy ele ishtep zhurot bul 9 poliklinikada bolgon.Bularga kudai oz zhazasyn bersin bul kun da kelet;(;(
10.06.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bularga sot zhok!Myndan bir kancha zhyl
murun bala satyshkanda zhumushunan
boshotulgan dogdur 3 gnikalogiyalyk
bolnisada zam gla vrazh zhe glavrach bolup
kotorulup ketken,aty zhonun unutup
kaldym.2008 zhyly menin balamdy tuura
emes darylap olturgon Zanalieva Ainura dele
ezh kandai zhaza albai ele dagy ele ishtep
zhurot bul 9 poliklinikada bolgon.Bularga
kudai oz zhazasyn bersin bul kun da kelet;(;(
10.06.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш медсестралар эле эмес, опытныйлары деле, карысы деле эптеп иштешсе болду. Мен озум тороп, баламы фототерапия кылганда коп нерсе билдим. Айынан эрте торолгон балдар да жаткан, тундо ыйлабасын деп уктатчу дары беришет экен. Ал дарыны билем, атайын наристелер учун,бирок курсагы ачып ыйласа да беришет. Байкуш наристе арга жок кайра уктап калат((( мен туну-куну озум карап, уктабай стресс болуп фототерапия сынан отказ кылып чыгып кеттим.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: