АТ-БАШЫЛЫКТАРДЫ БИРИКТИРГЕН ТОКТОБЕК АСАНАЛИЕВ
№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

Көп жылдан бери концерттерде ырчылар сахнаны жарк-журк жасай коюп, конокторду акырын ырдата берет эмеспи. Бара-бара андай нерсе «модадан» чыгып бараткан белем, акыркы учурда концерттерди театралдаштырып башташты. Мындай жаңычылдыктын башатын 2013-жылы ырчы Токтобек Асаналиев баштап, режиссёрлукту
Алтынбек Максүтов колго алган. Жыл айланып Токтобек мырза кайра концерт берсемби деп турат. «Бул жылы жалаң Ат-Башынын таланттарын чогултуудамын. Билинбегени менен Ат-Башыдан 40 чакты таланттуулар чыгыптыр. Улуу, кичүү муун бири-бирин таанып жүрсүн деп алардын башын бириктирип жатам» дейт ырчы.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
4