Ысыкка чыдабай көлөкө издеп, суусап турган маалда чаңкаганыңызды кандыра турган суусундук ичип алганга эмне жетсин. Кыргыздын улуттук ашканасы табигый азыктардан жасалган суусундуктарга бай. Аларга жарма, максым да кирет. Максым – талкандан жасалган жарманын ачытылганы. Ал эми жарманы ачытпай, жөн гана ага ак (сүт, айран, сүзмө) кошуп ичкендер да бар. Келиңиз анда, көбүрүп-жабырган максым кантип жасаларын үйрөнүп алыңыз.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
8-10 литр максым даярдайм десеңиз: Ушунча өлчөмдөгү сууга
тоң май – 2 аш кашык,
ун – 2 аш кашык,
талкан – 400-600 грамм, көрөңгө – 400-500-грамм, татымына жараша туз.

БИЛИП АЛЫҢЫЗ:
-
Унду куургандан кийин бир аз жылуу суу кошуп унду эзип алып, андан соң муздак суу куйсаңыз, куурулган ун бөлтөк болбой, тегиз эзилет.
-
Жарма кайнап жатканда ташып кетпеси үчүн маал-маалы менен чалып туруңуз.
-
Жарма кайнап жатканда маалы менен сапырып турсаңыз, талкан жакшы бышат.
-
Максымды ачытуунун алдында ага 100-200 граммдай айран же сүзмө кошуп койсоңуз, ал көбүрүп-жабырып жакшы ачыйт.
-
Эгер үйдөгү температура төмөн болсо, максымды ачытуу үчүн күн тийген жерге алып чыгып койсоңуз болот.
-
Максым куюлган мискейге темир чөмүчтү калтырып койбой, алып коюп турганыңыз же жыгач чөмүч колдонгонуңуз жакшы. Себеби темир чөмүч максымды тундуруп коёт.
-
Максым ачытуу үчүн көрөңгө жок болуп калса, ачыткы (дрожжи) колдонсоңуз болот.
Ширин Турдакунова
kenesh@super.kg
suuduktardy alyp i4iwet anan yilawat iiiii ak4amdyn baary kaida ketken dep. Men bolso bayagy ele sumkama salyp algan maksymymdy i4em , ozun jasasan olo ekonom, jana paidalu bizde ayabai azyr suusunduktun turu koboidu bardygyna iwenbeim himiya dep esepteim.