«МЕЙКИН АЗИЯ-2014кө» КЫРГЫЗСТАНДЫК 10 ЫРЧЫ ӨТТҮ...
№608 27-июнь-03-июль, 2014-ж
-
«ЭЛЕС» тобунун мурунку ырчысы Салтанат Аширова Орусиянын 1-каналындагы «Үн»
(«Голос») долбоорунун 1-турунан өттү. Эми ырчы 3-июлда өтчү сынактын 2-туруна катышуу үчүн Москвага жөнөйт.
-
18-20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган «МЕЙКИН АЗИЯ-2014» эл аралык фестивалына катышуу үчүн кыргызстандыктардан он ырчы 2-турга өттү.
-
НАЗМИ сөзү Кыялбек Урманбетовго, обону Мукан Рыскулбековго таандык «Классташтар» деген ырына клип тарттырууда.
-
ЭРНЕСТ БӨРҮБАЕВ «Той ыры» деген жаңы чыгарманын үстүндө иштеп жатат.
-
НАЗИРА ТОКОНОВА 7-июлда Алматы шаарында өтө турган Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө арналган фестивалда комуздун коштоосунда элдик ырларды аткарат.
-
РОЗА ШАКИРОВА, АЙНУРА САЛАХИДИНОВА, АЗИЗА «Курбуларга» аттуу ырына клип тартканы Ысык-Көлгө барышат. Бир ок менен эки коён аткан ырчылар үй-бүлөлөрү менен чогуу эс алып келишмекчи.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0