
– Бир жолу Бек Борбиев айылга концерт коюп келип, биздикинде конок болду. Шорпо сунсам да, чай сунсам да ал мени тигилип карап жаткансыйт. Же мага ушундай сезилдиби... Көз карашы жүрөгүмдү эзип жиберди. Эртеси коштошкондо чогулгандардын четинде билмексен болуп карап турдум. Көздөрүңүз бирөөнү издеп жаткансыды.
Сизге канча жолу телефон чалдым, үнүңүздү угар замат ичиме чок салып жибергендей ысып кетем. Денем титиреп, оозумдан сөз чыкпай, «алло, сүйлөбөйсүңбү» деген сөзүңүздү укканыма ыраазы болом да, трубканы коюп салам.
Бактысы үчүн ар ким өзү күрөшүшү керек деген чечим менен бир күнү сиздин башыңызды айлантып алмакка молдого бардым. «Баланча алып кел, түкүнчө сатып кел» дейт. Мынча килограмм момпосуй, түкүнчө килограмм өрүк-мейиз, деги койчу, сизден башкасынын баарын алып бардым. Бирок сизди молдо да мендик кылып бере алган жок.
Түндө көргөн түштөрүм... Сиз менен өткөргөн күндөрдү түшүмдө көрөм да, эртең менен маанайым түшөт, анткени ал түшүмдөгү гана элес. Мына ушундай менин турмушум.
Сизди көрүүгө менде бир гана мүмкүнчүлүк бар, ал сиздин концерттериңиз. Бир эмес, бир нече жолу концерт бүткөндө Спорт Ордосунун артынан сизди көрдүм. Бир жолу чуркап барып «саламатсызбы?» дедим. Үн катпадыңыз, карадыңыз да башыңызды ийкеп коюп өтүп кеттиңиз, сыягы, айылдык кызды эбак эле унуткан окшойсуз.
Сизди айылдан 1-жолу көргөндөн бери 15 жыл өтүптүр. Унута албадым. Мен сүйүүнүн курмандыгы болдум. Жашоодо чыныгы сүйүү бар экенин далилдегим келет. Бек байке, сиз үчүн бул жашоодон бойдок өткөнгө даярмын.
Атым Гүлайым болгону менен үйдөгүлөр Гүлчөтай деп эркелетишет. «Гүлчөтай» деген ырыңызды угуп көзүмдөн жашым атып кетти. Анткени сиз да мен деп сыздап жүргөндөй туюлду.
Гүлайым, Нарын
Каап мен ойлонуп калдым кантсем экен сизге окшоп гуулонуп барып экобун болсомбу же молдого барсамб)))) кызык сиз жашоодо аял заты болосузго... мен ойлойм аялдар аларды суйгон адамды гана барктап билип бирге болуу керек эркек суйбогон убакта баары бир жасаганыныз текге кетет... Бактынызды берсин жаратка