АЙБЕК ЗАМИРОВ ОРУСИЯНЫН “ГОЛОС” МУЗЫКАЛЫК БЕРҮҮСҮНӨ ӨТТҮ...
№609 04-июль-10-июль, 2014-ж
Ырчы АЙБЕК ЗАМИРОВ ОРУСИЯНЫН “Голос” аттуу музыкалык берүүсүнө кастингден өттү. Буюрса, Айбек сентябрь айында баштала турган берүүнүн 3-сезонуна катышмакчы.
- ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА Түркмөнстанда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык маданият фестивалына катышып келди.
- “МОНИКА БЕЛЛУЧЧИ” командасынын оюнчулары Жеңиш Майрамбек уулу, Бакыт Осмонканов жана актриса Элина Абай кызы Эрнест Абдыжапаровдун “Кекеч” фильминде башкы каармандардын ролун жаратышты.
- Ырчы КАНЫКЕЙ учурда Азербайжандын Шеки шаарында өтүп жаткан “Жибек Жолу” эл аралык музыкалык фестивалына катышып жүрөт.
- “АЗИЯ МИКС” КВН командасы 6-июль күнү Казакстанда боло турган Астана шаарынын туулган күнүнө арналган концертте өз өнөрлөрүн тартуулашат.
- АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА Ялтада өтчү "Чыгыш базары" эл аралык фестивалында калыстар тобунун мүчөсү болот.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Бул тууралуу тактаганга аракет кылабыз.