БИР БҮКҮМ
№610 11-июль-17-июль, 2014-ж

- Ырчы БЕК ИСРАИЛОВ "Элес" тобунун экс-солисти, Мурат Мамбетовдун уулу Нурлан Мамбетов менен дуэт ырдамакчы.
- "СУПЕР-ИНФО" гезитинин “Супер дебют-2013” наамынын ээси ЖООДАРБЕШИМ Кыргызстанды түрө кыдырам деп турган чагы. Бул турне Ысык-Көлдөн башталат.
- Ырчы ЖУМАГҮЛ РАИМЖАН кызы Honda Aссord үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду.
- ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ өзүнүн жеке жашоосу тууралуу тасма тартууда.
- Кыргызстандын "АЗИЯ МИКС" КВН командасы 3-июлда Казакстандын борбор калаасында өткөрүлгөн “Астана Кубогу” эл аралык фестивалында биринчиликти жеңип алды.
- Фестивалда Кыргызстандан “Азия Микс”, Орусиянын Москва шаарынан “РУДН” курама командасы жана Тюменден “СОЮЗ”, казактардын “Казакстандын жаңы курама командасы”, Азербайжандан “Баку” курама командалары күч сынашкан эле.
- "Береке" бий тобунун жетекчиси АЙНУРА КЫДЫРАЛИЕВА 6-июлда көз жарып, уулуна Нурсултан деген ысым ыйгарышты.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0