Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ, "АТА ЖУРТ" ПАРТИЯСЫНЫН ЛИДЕРИ: “АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИ БААРЫБЫЗ КОЛДОШУБУЗ КЕРЕК”

№610 11-июль-17-июль, 2014-ж


Көптөн бери көрүнбөй кеткен “Ата Журт” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев НТС телеканалына маек берди. Кызуу талкуу жараткан баарлашууну айрым кыскартуулар менен берүүнү туура көрдүк.

– Саламатсызбы? Сиз азыр саясаттасызбы же акыркы чечимдерден кийин андан обочолоп калдыңызбы? Эмне менен алектенип жатасыз?
– Көп жылдардан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келгенден кийин азыр да “Ата Журт” мекенчил партиясынын төрагасы катары саясаттан алыстоого эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок. Элдин арасындагы ар түрдүү көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылып жатам. Спорт залдарды куруу, мектептерге жардам берүү, кыйналып жашаган адамдардын маселесин чечип берүүгө көмөк көрсөтүү дегендей... Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүндө 5 миң гектарга жакын сугарылбаган, бирок тегиз талаа бар. Мына ошол жерге суу чыгарып берүүгө аракет көрүп жүрөм.
– Чарба иштеринен тышкары саясий жаатта эмне болуп жатат?
– Фракция менен байланыштар жакшы. Азыр фракцияны Жылдызкан Жолдошова жетектейт. Негизги саясий чечимдер фракцияда жана парламентте кабыл алынып жатат.
Фракциянын чечимдери ошол партиядан шайланып келгенден кийин ар бир депутат партиянын саясатын жүргүзүп, анын көрсөтмөлөрү, иш пландары, идеологиясы менен кабыл алганга милдеттүү. Бирок Баш мыйзамда кетирилген чоң катачылыктардан улам бүгүнкү парламенттеги депутаттар партиядан шайланып келгенине карабай, ал партия менен байланышын толугу менен үзүп койсо болот. Алар шайланып келген соң партияны эстебей, идеологиясын жана багытын колдобой эле, өз алдынча каалаган саясатын жүргүзүүгө мыйзам жол берип койгон.
– Силердин фракциядагы тартип кандай?
– Кудайга шүгүр. Фракция жетекчилери жок калды. Партияны жеңишке алып келген лидерлердин баары азыр депутат эмес. Ошого карабай фракцияда ынтымак бар. Азырынча үч гана адам өздөрүнчө депутаттык топко бөлүнүп чыгып кеткен.
– Мына азыр Рамазан айы. Орозо кармайсызбы?
– Ооба. Орозо кармайм.
– Орозо маалында мурда-кийин пикир келишпестиктер болсо, бири-бирин кечиришет дейт...
– Туура. Рамазан айы – Алла Тааланын бизге берген ыйык айы. Куранда түшүрүлгөндөй, пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В. айткандай, Рамазан айы ынтымактын, биригүүнүн, бири-бирин кечирүүнүн, мамиле түздөөнүн жана мусулмандардын катыштыгын чыңдоонун касиеттүү айы деп эсептелинет. Ушул Рамазан айында көптөгөн адамдарга кайрылып кетким келет.
Акыркы эки жылда менин башымдан көптөгөн окуялар, адамдар менен жакшы-жаман айтышып калган, ийгиликтүү, ошол эле учурда ийгиликсиз күндөрүм да көп болду. Түрмөгө да отуруп чыктым. Туура эмес кылган иштерим болсо, кимдир бирөөнү капа кылып койсом, чын ыкласымдан мени кечирип коюңуздар деп айтам.
– Келишпестиктер ар башка деңгээлде болсо керек... Бийликтегилер менен мамилеңиз кандай?
– 2011-жылы президенттик шайлоодон кийин мен оппозицияда калып, оппозициялык партияны жетектеп келе жатам. Жогорудагы кечирим сурап кайрылганым жөнөкөй турмуштагы адамдарга эле эмес, бардыгына, анын ичинде бийликтегилерге да тиешелүү. Бийликтегилер менен да туура-туура эмес сөздөр айтылып кеткен.
– Азыркы премьер-министр, президент менен сот иши болгондон кийин жолугушуулар болдубу?
– Кайсы бир бийликтеги адамдар менен жолугушуп, мамиле түзөйүн деген чоң аракетим болгон жок. Андай аракет деле кылган жокмун. Ошол эле учурда мен азыркы бийликтеги адамдарды да түшүнөм. “Көп адамды жеңе билген адам күчтүү эмес, өзүнүн ачуусун жеңген адам күчтүү” деп Мухаммад пайгамбарыбыз осуят калтырып кеткен. Ошонун сыңарындай, биз өзүбүздүн ачуубузду, туура эмес кулк-мүнөзүбүздү жеңип, эл-журтка, мамлекетке кызмат кылуу үчүн бийлик менен да, калк менен да мамиле түзүп иштөөгө милдеттүүбүз.
Президентке деле азыр оор. Геосаясий, геоэкономикалык маселелер курч бойдон. Ошолордун биздин мамлекетке тийгизген таасири күчөп кетиши мүмкүн. Же мамлекетибиздин көз карандысыздыгына карата кайсы бир сөздөр айтылып калышы ыктымал. Бүгүнкү күндө бүткүл бийликтин, оппозициянын кыргыз мамлекетинин жана коомчулугунун кызыкчылыгынын тегерегинде биригүүсү – негизги шарт болуп турат.
– Өлкөнү өнүктүрүү боюнча кандай сунуштарды айта аласыз?
– Буга чейин эле бийликке көп сунуштарды айтып келгенбиз. Бийлик анын кайсы бирин уккан, кайсы бирин укпаган мезгил болду. Бүгүнкү күндө эң негизги маселе – бардык бийлик бутактары менен кошо оппозиция өкүлдөрү, бардыгы элдин кызыкчылыгына байланышкан иштерди аткарышы керек. Эгерде элдин кызыкчылыгына, көз карандысыздыгына доо кете турган кайсы бир маселелер болсо, биз аны эч качан жеке кызыкчылык менен айырбаштабашыбыз керек.
– Силердин партия 2010-жылдагы шайлоону жеңип чыгып, алдыңкы орунда болчу. Ошол кездегидей эмес, азыркы айткандай, “бириксек, бир нукта өнүксөк” деп саясат жүргүзсөңөр, балким, бүгүнкүдөй абал болбойт эле?.. 2012-жылдын октябрындагы “Кумтөр” боюнча митингден кийин короого чыгып, андан секирип түшкөн аракеттер болбосо, азыркы абал башкача болор беле?
– Ошол 3-октябрдагы “Кумтөр” маселесин чечүү үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгын чечүү үчүн болгон аракеттерибиз эле. Саясий маселелерди чечүүдө митинг болушу мүмкүн, аларда кайсы бир сүйлөшүүлөр болушу ыктымал. Кашаадан аттап өткөндүгүбүз мамлекеттик ишмер катары, депутат катары туура эмес болгонун биз моюнга алышыбыз керек. Бул ачуу чындык болсо да, бул өтө оор болсо да, биз моюнга алганга милдеттүүбүз. Ошол эле мезгилде биз аны өзүбүздүн маселебизди чечип алалы, бийликти басып алалы деген ниетте кылган эмеспиз. Ал эл-журтубуздун, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн болгон “Кумтөр” маселесин чечүүдөгү аракетибиз эле.
Биз “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккандан кийин ошол маалда парламенттик комиссия түзүлүп, аны “Ата Журт” фракциясынан чыккан депутат жетектеген. Андан соң 3-октябрдагы окуялар болду. Мындан ары “Кумтөр” маселеси мамлекеттик деңгээлге көтөрүлдү. Ошонун негизинде бийликтегилер да, президент да, парламент да, өкмөт да буларды туура деп табышып, “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыгышып, бир нече айлап-жылдап талкуулап отуруп, акырында үлүш 33 пайыздан 50 пайызга чейин көтөрүлдү.
– Митинг резолюция кабыл алуу менен бүтсө болмок беле, короодон ары секирбей эле?
– Биз ошол кашаадан аттап өткөнүбүздүн туура эместигин моюнга алабыз. Ал үчүн мыйзамдын чегинде жазабызды тарттык. Түрмөдө отуруп чыктык. Мандатыбызды алдырттык.
– Абактагы мезгилге келсек, соттун чечими адилеттүү болду деп эсептейсизби?
– Тогуз ай абакта отурдук. Анда бизге бийлик тарабынан эч кандай саясий басым же болбосо физикалык басым көрсөтүлгөн жок. Муну баары билиши керек. Баары мыйзамдын чегинде эле болду.
Бирок соттун чечимине макул эмеспиз. Себеби анда так жана даана жазылып турат “ошол кашаадан куралдуу аттап өтүп, бийликти басып алууга аракет жасады” деп. Бирок кашаадан аттап өткөнгө чейин жана андан кийин биздин жаныбызда эч кандай курал же жок дегенде таш болбогонун бүт дүйнө көрүп турат. Ошол жерде окуяны тарткан ондогон камералар бар. Сотто да далилденди. Ага карабай Жогорку Сот өз чечиминде “булар кашаадан аттап өткөн маалда жанында курал болгон” деп жазып койгон.
Куралы жок, аракет болуп жаткан маалда бизге 295-берене коюлбай, бейбаштык боюнча жоопко тартылышыбыз зарыл эле. Өкүм акыры барып отуруп бейбаштык беренесинен да төмөн болуп калды. Бул кайсы бир деңгээлде бийлик ээлеринин бизге карата жасаган, мүмкүн, жумшак мамилеси болду. Эгерде Жогорку Сот жазгандай, жаныбызда курал менен аттап өтсөк, андан ок чыгара турган болсок, албетте, анда 10-15 жылдан жаза тартышыбыз керек эле.
Жалпысынан алганда, бизге оор берене коюлду, бирок жазага тартуу өтө жеңил болуп калды. Андай кылбай эле бейбаштыкка тартып, ошонун негизинде бизге мындан да оор жаза берсе болот эле.
– Эмдиги жылы күзүндө шайлоо өтөт. Даярдык кандай, катышасыңарбы?
– “Ата Журт” партиясы сөзсүз түрдө шайлоого карата даярдыктарын жүргүзүп келе жатат. Ага карата жаңы партия түзө калып, шайлоону жеңип алалы деген максат эмес, биз шайлоого дайыма даярбыз.
– Өзүңүздүн шайлоого катышууга укугуңуз барбы?
– Азыркы күндө юридикалык жактан укугубуз жок болсо да, шайлоого чейин ушул маселелер чечилип калышы керек деп ойлойм.
– Ал үчүн эмне кылуу кажет?
– Ал үчүн сот чечими болушу кажет. Соттуулук жоюлушу керек. Жакында сотторго бул маселе боюнча кайрылабыз, алар адилеттүү чечим кабыл алып берер деген үмүттөбүз.
Жалпы партиялык саясатка келсек, мамлекетибизге биримдүүлүк керек. Партия-партияларга бөлүнүп алып, парламенттен 5-10 орун алышыбыз зарыл деп чапкылай турган болсок, мамлекетибиз ыдырай берет. Биз ынтымактуулук, биримдүүлүк алып келишибиз кажет. “Башчысы бирөө, баатыры миң калк эч качан жеңилбейт” деп коюшат, ошол сыяктуу мамлекетибизде бир башчы болуп жана ал иштеп, эртеңки мамлекеттин келечегин аныкташыбыз керек деп эсептейм.
– Башка партиялар менен мамилеңиз кандай?
– Жогоруда айткандай, биз биригүү процессине, Кыргызстандын келечегин аныктай турган сүйлөшүүлөр аркылуу башка партиялар менен биригүүгө барышыбыз керек. Ушул принципти кармануу менен ушуга окшош сүйлөшүүлөр бизде да жүрүп жатат.
– Бийлик менен “чын эле кызматташалы” деген байланыштар барбы?
– Шайлоодон бери үч өкмөт башчынын ичинен Өмүрбек Бабанов менен гана иштешип калдым. Жантөрө Сатыбалдиев премьер болуп турганда мен түрмөдө элем. Ал эми Жоомарт Оторбаевде мен депутат болбой калдым. Өмүрбек Токтогулович премьер болуп турганда анын өкмөтүн эң көп сындаган мен болгом. Убакыттын өтүшү менен карап, ошол үч өкмөттү салыштырсак, эң түзүк иштеген Бабановдун өкмөтү болуптур.
– Тышкы саясат боюнча партиянын туруму кандай?
– Дүйнөдө азыр өтө чоң геосаясий жана геоэкономикалык өзгөрүүлөр тез жүрүп жатат. Мына, Украина, эл ынтымактуу болбогондуктан бири-бирине каршы туруп, мамлекет катары бөлүнүп-таланып бара жатат. Ушундай чоң коркунучтардын биздин өлкөгө келишинен алдын алуу үчүн мамлекеттеги биримдүүлүктү сакташыбыз кажет. Анын негизинде түрдүү саясий күчтөр кайсы бир деңгээлде биримдикти сактап, Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн аракет кылышыбыз зарыл.
– Экономиканы кантип көтөрүү керек, Кыргызстандын келечеги кандай болот деп ойлойсуз?
– Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүү деген демилгеси эң туура. Ушуну бүт мамлекет, андагы ар бир жаран, жөн эле мамлекеттик кызматкерлер эмес, жөнөкөй жарандар да колдошубуз керек. Демилгенин жыйынтыгын чыгарууга аракет жасашыбыз зарыл. Коррупциянын кекиртегин буугандан кийин гана кайсы бир деңгээлде мамлекетибизде өзгөрүүлөр пайда боло баштайт. Темирдей тартипти орнотушубуз абзел. Ошол гана мамлекетти алдыга алып чыга алат.
Экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору көп, тоо-кен тармагы, ички экономикалык ресурстарды колдонуу, ошонун баарын колдонушубуз шарт.
– Коррупционер деп бирөө-жарымды кармаса эле митингдер уюштурулуп, жолдор буулуп жатат. Мындай көрүнүш деле экономикалык көрсөткүчтөрдү түшүрөт. Буга кандай баа бере аласыз?
– Сиз ачык эле атын айта албай жатасыз. Бул жерде Келдибеков жөнүндө сөз кетип жатат. Ахматбек Келдибековичтин күнөөсү бар болсо, ал сөзсүз жазасын тартышы керек. Коррупцияга аралашкан, коррупцияны жүргүзгөн же болбосо, мамлекетке чындап зыян келтирген болсо, ал адам сөзсүз жазасын тартышы зарыл. Бирок коррупцияга аралашканын тактай албасачы?..
Алай элинин бир талабы болгон “биздин уулубуз ооруп жатат, үй камагына чыгарып алып соттой бергиле” деген. “Эгерде күнөөсү такталса, камай бергиле” деп жатышат. Коомубузда коррупция өтө көп. Ага каршы темирдей тартип менен гана күрөшүү кажет. Башка күрөшө турган ыкмалар жок.
– Андай тартипти мамлекет кантип орнотот? Жөн жүрсө таза, абакка отурары менен оорукчан боло калып жатышпайбы...
– Муну абакка отурган адам гана билет. Кудай сактасын, бирок соо жүргөн адамды абакка алып барып камап койсоң, ал ооруп калат. Адам болгондон кийин анын ар түрдүү дарттары болот, алар айрыкча адам стресс болгондо күчөйт. Коомчулук муну туура түшүнүшү зарыл.
Ооба, коррупцияга аралашкан, мамлекеттик байлыкка кол салган адамдарды эч качан саясатка жакын жолотпоо керек.
– Саясатка кандай адамдар келиши керек?
– Чын-чынына келгенде, бизде анык партиялык тизме менен биринчи жолу шайлоо болду. Тажрыйбасыз болгонубуздан, партиянын жетекчиси катары ошол жоопкерчиликти да өзүмө алышым абзел. Партияга биз туура эмес адамдарды киргизип алганыбызды моюнга алышыбыз керек. Мындан аркы шайлоодо ар бир депутат болом деген адамды башынан аягына чейин окуп чыгып туруп, анан тизмеге киргизүүгө аракет жасашыбыз шарт.



Экс-депутат Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевден кечирим сурады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(49)
14.07.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң туура айтат Украинадан сабак алсак болот мындай кырдаалда Атамбаевди колдошобуз керек ал да Кудай деген адам! жана биздин мусулман бир тууганыбыз.
14.07.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurmuxammet, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!
14.07.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Созунон кайтып кетиппи? Бийлик сындырыптырго акыры.
19.07.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KUMU89, Чындыкты айткан сынганга жатпайт дос!
14.07.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пиар, бонус топтомойлору жакпайт.реабилитироваться этип кайра бийлике жакындайын деген ниети го чамасы.
14.07.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев не жумуш кылып жатат туугандар айткылачы россида жургон кыргыздарды департ кылып ушул сферада жардам берсе болот бул жактан департ болгондор айылга барып не жумуш кылат баягы еле корунуш башталат пикетке чыкмай талап тоно урдоо так что ойлонсунчу уулу урмату атамбаев мырза
14.07.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
koiluev-m,депорт кылса алар оздору билет Россиянын ички законуна эч ким кийлигише албайт,бир эле кыргыз эмес баарын эле депорт кылып атышат,эмне Атамбаев ошого чейин аралашсынбы биринчиден баардык документти тактап алыш керек анан эч ким эч нерсе дей албайт,орусча билбегендер деле тоодон тушуп келип атышат оздору куноолуу ошолорду тазаласа сонун болмок,уят кылып бутушту кыргыздарды пиво ичип тамеки чеккен кыздарды айтпай эле коелу
16.07.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
koiluev-m, депортация маселеси уже чечилген,депортацияны анулировать этуу же черный списоктон чыгуу жолдору азыр бар. Бирок депортацияга жеткирбей,документтерди туура жасап алышса жакшы болмок биздин мекендештер. Азыр кыргызстанда эле туруп РАЗРЕШЕНИЕ НА РАБОТУ жасаганга мумкунчулук бар болуп калбадыбы.
14.07.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aimeerimka, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган!
7 күн БАН!
14.07.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ээ Камчыке жигит создон тайбайт дечу эле,забордон секирип бараткан Камчыке менен азыркы Камчыкенин айырмасын кара, ээ кудай бийлик учун адамдар нени гана ойлоп таппайт,ынсап берсин баарына
18.07.2014. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
restreppo, Ташиев эртеби кечпи билбейм бирок катасын тушунуп эл алдында кечирим сурады. азыркы иштеп жаткан бийлик да азыркы кылып жаткан иши учун эртеби кечпи элден кечирим сурай турган куну келет буйурса.
14.07.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сындырыптыргоо бул байкебизди бийлик.Созуно туралбаптыр Камчыке
15.07.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бийлик уй булоно.балдарына чейин асылып атып акыры сындырыптыр да.Эмки кезек Жапаров Садырда болсо керек .
15.07.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озгоруптур укмуш. Биригкиле ушинтип кыйындар силерди эл карап турат. Чегараны чечкиле эртерээк. Украйинаны карап сабак алалы. Тынчтык болсун.
15.07.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттин өнүгүшү бир гана президенттен көз каранды эмес ар бирибиз өзүбүздүн пейилибизди оңдошубуз керек.
15.07.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев Атамбаев менен келишип соттолду деген айыбын алдырып кийинки шайлоого аттанууга камынган окшойт.
17.07.2014. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayakosya, Создун баары ошол! Бирок бул киши Элдин адамы! Туз жол менен барууну ойлоду!Башкача жол олкону алыздатып салат!
16.07.2014. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eski zapiske okshosh eken, chto to ishenbey jatam. Emne bolso da Allah biletda
16.07.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетибизге мекенчил жана улутчулураак адам келсе жакшы болмок. Улутчулдуктун терс таасири бар, бирок азыркы учурда бизге ошондой башкаруучу керек менимче.Ал эми чондордун айткандары, жасаган жумуштары менен тастыкталып турса...
16.07.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каап катуу сыныптыр
16.07.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичине ойлонсо керек Камчыбек мырза!!!!туура кыласыз президентти колдоп баарылап чын дилден иштеп берсенер,кудайым буйруса онугуп гулдоп оскон Кыргызстан болобуз!!!!!
16.07.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура кылыып жатат президентти колдош керек мамлекетти онуктуруш учун биримдик. болуш керекта анан оппозициядамын Деп еле туура болсода бийликти жамандай Берген болбойт Равшан Жеенбековко окшоп тууура кылдыы !!!!Жакшы ниетте болсо кыргызсатанга жардамы тийип жаткан адамды колдоп койсо еле сынып калган болбойтта жон гана озунун оюн айткан
17.07.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чондор баары ынтымакка келишсе КЫРГЫЗСТАНыбыз кандай сонун мамлекет болуп онукмок! Ташиев акебиздин создору туура эле деп ойлойм, жакшы жакка озгоруптур!
17.07.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Камчыкени турмодо коркутуп уркуткон окшойт. Камчыке созуно турган атамбаевди тенине албаган эркек элего.
17.07.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ, "АТА ЖУРТ" ПАРТИЯСЫНЫН ЛИДЕРИ: “АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИ БААРЫБЫЗ КОЛДОШУБУЗ КЕРЕК”деген тема экен бирок Ташиевдин оозунан Атамбаевди колдошубуз керек деген соз чыкпаптырго. жон гана бир башчы болуш керек ошого баш ийишибиз керек деген мааниде айтыптыр.
17.07.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
aliaman, текстте "Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүү деген демилгеси эң туура. Ушуну бүт мамлекет, андагы ар бир жаран, жөн эле мамлекеттик кызматкерлер эмес, жөнөкөй жарандар да колдошубуз керек" деп кетип жатат. Макаланын аталышы жогорудагы эки сүйлөмдүн маңызын эле камтыйт.
17.07.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Экс-депутат Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевден кечирим сурады. дагы бир кошумча Ташиевдин оозунан Атамбаев мени кечир деп жеке озунон сурабай жалпы элден сураптырго. андыктан биздин журналистерден суранаарым маалыматты туура жеткирсениздер жакшы болмок. Ташиев Атамбаевден эмес элден кечирим сурады. деп тема койсонуздар жакшы болмок экен
17.07.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
aliaman, текстте "Туура эмес кылган иштерим болсо, кимдир бирөөнү капа кылып койсом, чын ыкласымдан мени кечирип коюңуздар деп айтам. Жогорудагы кечирим сурап кайрылганым жөнөкөй турмуштагы адамдарга эле эмес, бардыгына, анын ичинде бийликтегилерге да тиешелүү. Бийликтегилер менен да туура-туура эмес сөздөр айтылып кеткен" деп кетип жатат.
Модератор admin_superstan түзөттү 17.07.2014 15:54
17.07.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Сиз жазгандай, "экс-депутат Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевден кечирим сурады" деген сүйлөм жогорудагы текстте берилген эмес. Тема коюуга келсек, ал эми редакциянын өз иши.
17.07.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
коррупция менен курошуп темирдей тартип орнолушун менда колдойм бирок азыркы бийликтин коррупция менен курошуп жатканына мен кошулбайм. ачыктан ачык коррупция кылгандар эркин журушотда каяктагылар камалып атат бул коррупция эмес бул саясий куугунтук.
17.07.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Макаланын темасы тоо десе бээ дегендей экен. Чындыкты жазсанар адамдын нервине гана танцага тушосунорда.
17.07.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
karlik, жогоруда түшүндүрмө берилди.
karlik, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
17.07.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
айласы жок калгангоо деймда чамамда)
Медиа-портал
18.07.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билбейм баардык атка минерлер окшош! сылаа, сыпаа боло беришет )))
19.07.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э Камчике да бийлике жем таштап жатса керек себеби шайлоого аз калдыда хе хе хорош хорош брат
19.07.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлоп койгону бар да!
Медиа-портал
20.07.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muzliim, бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынган!
10 күн БАН!
21.07.2014. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э, реально эле айтып жататго Камчыке! Мы не рождаемся идеальными, а становимся! Мен бул байкени сыйлайм! Эркек чыныгы! Баса,(видео-репортаж) маектин темасын кичине окшоштуруп коюш керек деп эсептейм. А А.Келдибеков байкеми коррупцияга аралашкан эмес деп чын журогумдон ишенем!
21.07.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ali-Baba - 10 күнгө БАН!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Камчыбек Ташиевдин НТС телеканалына берген маеги гезит бетине өзгөрүүсүз айрым кыскартуулар менен берилген. Эгер күмөн санасаңыз макаланын ылдыйына илинген видеону көрсөңүз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: