Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КЫЗЫМДЫ ИЗДЕП ЖҮРҮП, СОЙКУКАНАДАН ТАПТЫМ»

№613 01-август-07-август, 2014-ж


Редакциябызга бир аял телефон чалып, кызы жаман жолдо мажбурланып иштеп жүргөнүн айтты. Айтылган дарек боюнча барсак, эшиктери темир торлор менен курчалып, аябай сактык менен жасалган кулпулары бар үйдүн бир бөлмөсүндө 26 жаштагы Эля (каармандын аты өзгөртүлдү) башын кучактап, жер карап ыйлап отуруптур. Жанында апасы «кызым, сени жакшы үмүт менен төрөгөм, сен болсо мени шерменде кылдың» деп каргап, тилдеп жатыптыр.

«КИРСЕМ, КЫЗЫМ ЭРКЕК МЕНЕН ЖАТЫПТЫР»
Окуянын чоо-жайын Элянын апасы төмөндөгүчө түшүндүрүп берди:
– Кызым Бишкек шаарына иштегени кетип «бир кафеге жумушка кирдим» деп айткан эле. Турмушка чыгып, бир ай жашабай, кош бойлуу кезинде ажырашкан. Азыр баласы 5 жашка чыгып калды. «Иштесең да үйгө бат-бат келип тур, балаң сагынып, куса болот экен» дегем. Бир-эки ай дегенде барат. Анда да артынан томпойгон, ак саргыл Айнура деген аял кошо келип, «баласынын жанында бир күн түнөп кетсин» дегениме карабай «Азыр бизде жумуш көп. Банкеттер үзгүлтүксүз болуп жатат. Түнү да картошкаларды аарчып, эртеңкиге кам көрүшүбүз керек» деп алып кетип калат. Бир жолкусунда өзүбүздүн айылдык кыз менен барган эле. Кызым кафеде иштеп жатат деген ойдо эле жүрө бердик.
Акыркы бир ай ичинде дайынсыз болуп кетти. Өзүнүн телефону жок же башка бирөөнүкү менен чалып койбойт. Баласы дарбазага чыгып алып кечке жол карайт. «Апам качан келет» деп ыйлап, арыктап кеткенде апасын таап бербесек болбойт деп издегенге катуу кириштик. Эч дайынын билбей жүрдүм. Акыры биздин үйгө ээрчишип барган айылдаш кызды кармап алдым да «кызым кайда экенин билесиң, таап бербесең милицияга берем» деп коркуттум. Ал кыз бизди ушул жерге ээрчитип келди. Эшикти такылдатсак, эч ким ачпайт. Бир баланы кардар катары «кыз керек» дедиртип жатып ачтырдык. Кирип барсак ар бөлмөдө бирден кыз эркектер менен жатат. Алардын арасында менин да кызым бар экен. Атын Эля деп өзгөртүп коюшуптур. Кызымдан башкасынын баары качып кетишти. Мындай шермендечиликти күткөн эмесмин. Ошол замат милиция менен силерге кайрылдым.

«КАРДАРДЫ КАНЧА СОМГО ТЕЙЛЕГЕНИМДИ БИЛБЕЙМ»
5 жашар баласын, бир боорум деп сыздаган ата-эне, туугандарын ойлобой, бул жолдо иштеп калышына эмне түрткү болгонун ЭЛЯ төмөндөгүдөй баяндап берди:
– 2012-жылы Бишкек шаарына иштегени келип, Диля аттуу эженин батиринде жашап жүрдүм. Бир күнү «Кызым Ошто бала багуучунун колунда. Барып кабар алып келели. Жер көргөнчө эс алып келесиң» дегенинен жаман оюм жок кошо баргам. Барчу жерибизге жетип, мен уктап калыптырмын. Ойгонсом, Диля эже мени таштап кетип калыптыр. Аз өтпөй бизди тосуп алган эже «сен сейфтен акча уурдадың, ошону төлө, болбосо милицияга берем» деп жалаа жаап, коркута баштады. Айлам жок, төлөп берүүгө макул болдум. Ал жакта да аткарган ишим эркектерди тейлөө болчу.
Батир берген жигит менин тагдырыма боору ооруп «Эля, бул жерден кетип кал, болбосо өмүр бою кор болуп өтөсүң» деп Бишкекке кетүүчү таксиге салып жиберди. Ал жактагы эже милиция кызматкерлери менен биргеликте мени издеп, бирок кармай алган жок.
Бишкектен да жумуш издеп жүрүп, Айнура эженин колуна келдим (Айнура – Эля табылган Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сойкукананы иштеткен аял экен). Бул эже менен мурдатан тааныш элем, ушундай эле кызмат кылып колунда иштегем. Ага Ошко сатылып, ал жакта иштеп жүрүп 10 миң сом топтоп, качып келгенимди айтып бердим.
Айнура эженин жанында бир күн калдым, эртеси эле милиция кызматкерлери келип «сени камайбыз, Айнуранын кассасынан акча уурдаптырсың» деп күнөө коюшту. Айнура эжеге «Эже, эмнеге мындай кылдыңыз? Мен эч нерсеге тийген жокмун го?» десем, «Башымды оорутпа, кассадагы 32 миң сом акчам жок. Сен уурдадың, карызсың» деп моюнума илип койду.
3 айдан бери ушул жерде Айнура эженин колунда иштеп жаткам. Бул убакыт ичинде бир жолу апамдын туулган күнүндө, экинчисинде, таякем каза болгондо 5 миң сомдон эмгек акымды алдым. Айнура эже «карызды төлөшүңөр керек» дегендиктен жумуш акыбызды колубузга албайбыз. Ошол себептен кардарды канча сомго тейлегенимди билбейм. Күнүнө 23-24 кардар тейлеген учурубуз болот. Качан гана ооруп калганда ооруканага көрсөтүп коюшпаса, медициналык кароодон да өтпөйбүз.

«БААРЫН ӨРТТӨП, СОЙКУКАНА УЮШТУРГАНДАРДЫ КАМАГЫЛА!»
Сойкукана катары иштетип жаткан үйдөн Элядан башка эч кимди таппадык. Баскан, отурган, жаткан жерлеринин баары кир, тазалык дегенден дайын жок. Жагымсыз жыт сиңип
калган бул жайда күнүнө 20дан ашык кардар тейлеген кыздардын дени сак деп эч ким кепилдик бере албайт.
Барганыбызга бир сааттан ашып калганда гана Элянын апасы чакырган милиция кызматкерлери келишти. Аларга эне «Ушул жерде кызымды Айнура деген аял мажбурлап, сойкулукка иштетип жүрүптүр. Жапжаш кыздардын тагдырын бузган мындай жерлер көбөйүп жатат. Баарын өрттөп, уюштурган аялдарды камагыла!» деп арызданып жатты. Мындай иштерден тажап калганбы же мындай жерлерден пайда көрүп жүрүшөбү, билбейм, милиция кызматкерлери»ким мажбурламак эле, өзүнүн каалоосу менен эле иштеп жатат да» деп апага каяша сүйлөшүп, ал ортодо айтыша да кетишти. Аягында алар Эляны апасы менен чогуу Ленин РИИБине арыз жаздырганы алып кетишти.
Бизди коргойт деген милиция кызматкерлеринин кайдыгерлигине, кызматтык мамилелерине таңыркадым.

Окуядан кийин Элянын апасы кызын мажбурлап, сойкулукка иштетип жүргөн аялдардын үстүнөн милицияга арыз жазганын жана жакында эжесине кошуп базарга сатуучу кылып жумушка чыгарарын айткан эле. Гезитибиз басууга кетер алдында да байланышсак «Күнөө кызымда да бар окшойт. Качып кетиптир, таппай жатабыз. Мен ооруп, төшөктөн тура албай жатам» деп жооп берди.
Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери кандай чара көрүп жатканын билүү максатында кайрылганыбызда, Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан «Эч кандай чара көрүлгөн жок. Себеби, Эля «Мен ал жерге өз каалоом менен баргам» деп арыз жазбай койду» деген жооп алдык. Ал эми Эля иштеп жүргөн сойкукана бүгүнкү күндө да өз ишин улантып жатканын билдик.

Сойкулар кардарларын тейлеген бөлмө.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



Дайынсыз жоголгон кыз сойкуканадан табылды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(106)
04.08.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закондун кучу жок.
04.08.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кундо озунун эрине бир тунду кандай кыйын бул 23-24адамды кантип тейлеп жатат шорун кургур кызго бети жок
04.08.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арам акча арам жашоо иши кылса эсен эле болушсун. Арам жашоодон жийиркенбей иштеген кыздарга жана ошол арам жерге барган эркектерге Мин Наалат!!! Жана ошого окшогон арам жашоого аралашып жашап жургон милицияларга да МИН НААЛАТ!!!
04.08.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энендин жашын колдотуп гезит бетине чейин судурогончо олуп эле калбайсынбы! Ыйманына келгир! Тууган-урукту айтпай эле коеюн, тогуз ай которуп жарыкка алып келген энендин, тогуз ай омурткан сыздап тапкан баландын бетине коо суртуп, эл алдында башын ийдин, Азззаммматттт!!!
04.08.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба 23-24 дейби?д.соолук кайда кетти?ал жерге абат да эркек барбайт да,мас ириген чиригендер барса керек.ээй сулуу кыз, сулуу кыз ошондой эркеке кантип озунду ыраа коруп жатасын?ак иштеп,таза тошокто жатсан боло,алты санын аман болгон сон.
04.08.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaaai sakta 23 24 degeni ne degen shumduk uuuujas soz jok prosta
04.08.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо кызда да бар окшойт да же болбосо коркутуп коюшкан милициянын колунан эч нерсе келбейт акчага жатат козур ошол болуп калган азыр Кыргызстанда уят эле баарына...
04.08.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо кызда да бар окшойт да же болбосо коркутуп коюшкан милициянын колунан эч нерсе келбейт акчага жатат козур ошол болуп калган азыр Кыргызстанда уят эле баарына...
04.08.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООрунун баары ушуларды .турбайбы чиркииин
04.08.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактаа! 23 карадар
04.08.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
я так и знала мурунку коменте эле жазгам оз калосу менен эле барган деп!
04.08.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада орус алжып калган кемпирлердин бир созун милиция кызматкерлери кынк этпей аткарышат.Себеби коркушат ошол алдып калган кемпирдин бир созу учун жумушунан айрылаарын.Ал апага каяша айтканы тоготпогону колунан келгенин кыл дегени.Бзди коргой турган,биздин укугубузду коргой турган ошолор го акыры.
04.08.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бети жок кыз экен жаткан жерлерин кара капкара болуп. Андан коро баласына мээримин тогуп тарбиясын берип апсын карап отурбайбы.Бизде закон деген жок ал арыз жазбаган кундо да ошол жерди угуп коргондон кийин сойкуларды камап мамашасынан бери камаш керек болчу жогоруда айтылгандай саан уйдан милиция кызматкерлери айрылгысы келген жок окшойт кайра ал жер иштетилип жатканына караганда.
04.08.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундун ысыгында соода кылып эмне кылам фарфылдашып коюп женил акча тапканым он деди да.
04.08.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун тапкан акчасы буйурбай, корунгону бул кызды лоховайтетип иштетип атат да ууру кылды деп.
04.08.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам акча жеген мамашасы куч структура бары кыздарынан корот.Арам акча балдарына арам тамак акыбети жаман.
04.08.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ар ким кылса озуно баарыбызга биринчи ыйман берсин. эляга окшогон кыздарды уксам ортоп салгым келет. бул дуйного сыналганы келгенбиз го келерибизден кетерибиз тез чын дуйнону ойлобойбу.... ак иштесен ошого жараша берекеси да болот эмесби, ал эми апасына ден соолук каалайм
04.08.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайды, Ыйманды кыялына келтирбеген же болбосо мурда билсе да кийин есинен мүлдө чыгарып жиберген адамдардан кудай өзү сактасын!
04.08.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уялбай 1 кундо 23-24 эркек тейлейбиз деп коет. Бети жок
04.08.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сойкукана бугунку кундо да ошол райондун начальник милициясын багып жатат оз ишин токтотбой дебептирда
05.08.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасына жаман болуптур даа жолдошу да бекер ажырашбаса керек дааааааааааа
05.08.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умуту жок ата эне бала чакасын ойлобосо озун ойлобойбу шерменде,куноо бар окшойт эмей эле озундо эн чон куноо,арыз жаздырбай эле озун баш кылып камаш керек,биздин милициялардын да иштерине жол болсун баары эле коз боемочулар.
05.08.2014. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарда санаа деген жок турбайбы
05.08.2014. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
милиция кызматкерлерине да кунумдук чай чакасына чыгарып бергени учун кайдыгер мамиле жасап жатышатта
09.08.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер, бул кыз учун психологдордун оюн да кошуп койсонор жакшы болмок экен. Анча мынчасына сабак болот беле.
05.08.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уял эй кыз,кантип ошол ишке колун барды!жок дегенде баланды ойлоп койсон болмок,баландан ата эненден ошол ыплас бол сага азиз болдубу???Аллахым баарыбызга ыйман ынсап берекор...Динден тушунугу жок немего бул кыз,унутпа кылган ишиндин суроо жообу болот билип кой...
05.08.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын! кыздын ан сезими жок да. андан коро пол жууп иштебейби.
05.08.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айласыздан ичинден согуносун... Милиция качан эле элге кызмат кылышчы эле... А тиги мамаша соорой канча кыздын убалына калды ким билет.. Негизи кыздар коп бузулуп баратат жашоо шартыбыз жаман дейин десен кудайга шугур эле баары иштеп бир кыргыздын жигитерине тийип алса болмок.. Куроонун баары озундо
05.08.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошмар. Бир кундо 23-24 киши дейби ия? Кудай сактай кор. Физически кантип жетишет ошонун баарына.
05.08.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам баласы озу сак болушу керек ар ким жур десе кете береби. Ал кыз озу каалаган неге себеби куйосунон ажырап, жашооу кызыксыз болуп бараткандыр ким билет?! Болбосо Кудай деп кой мени балам бар апам бар деп ойлонум журуш керек болчу. Ал эми милиция кызматкерлерине келсек алар оздору ушунун артынан пайда корушуп журбойбу, таза болушса неге комментарий беруудон баш тартышат. Албетте баары окунучтуу мыйзамдын кучу жоктугу, адам баласы бири бирин алдап кун карып атканы-баары окунучтуу...
05.08.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми Москвага качып келип,бир жундуу тажике тийип ал олувам кетсин!!!
07.08.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Danel, олтурдун даке олтурдун
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: