БИР БҮРКҮМ
№613 01-август-07-август, 2014-ж
-

Өкмөт башчы: «Жыл сайын Кыргызстандан
100 МИҢДЕЙ ЖАШТАР эмгектенүү үчүн чет өлкөлөргө кетишет».
-
ТЕМИР САРИЕВ: «Кыргызстанда суунун 50 пайызы туура эмес пайдаланылат. Европада, мисалы, бир адам бир күндө 50 литр суу коротсо, бизде бир киши 560 литр коротот».
-
Кыргызстанда быйыл кургакчылыкка байланыштуу ЧӨПТҮН БААСЫ ЭКИ ЭСЕГЕ КӨТӨРҮЛДҮ. 2013-жылы ушул маалда 1 түк 100 сомдун тегерегинде болчу.
-
ЭЛЬВИРА САРИЕВА: «Эгерде МАИчилер чет элдик номурлуу автоунааларды негизсиз түрдө токтотуусун уланта берсе, анда өкмөт туризмден түшкөн кирешени жогорулата албайт».

-
НАРИМАН ТҮЛЕЕВДИН иши боюнча соттук отурум аны менен бирге айыпталып жаткан Р.Бейшенбаевдин ден соолугуна байланыштуу 19-августка жылдырылды. Соттук отурум ушуну менен 24-жолу жылдырылды.
-
Кыргызстандын банктарынан 5 миң номиналындагы ЖАСАЛМА ОРУС РУБЛДАРЫ табылды. Кылмыш иши козголуп, Улуттук банкта ревизия өткөрүү пландалууда.
-
Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоону күчтөндүрүү максатында Япония биздин мамлекетке 2,5 МИЛЛИОН ДОЛЛАР грант бөлүп жатат.
-
Министр Т.Сариев: «Кыштан чыгуу үчүн Казакстандан 1 миллиард кВт саат ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН СУРАП, ордуна 300 миллион метр куб суу беребиз».
-
Каржы министрлиги мамлекеттин бюджетин толуктоо максатында 16,6 ТОННА НЕФРИТ ташын аукционго коюуда. Мындай аукцион буга чейин да өткөрүлгөн. Аны кытайлык компания 99 миллиондон ашык сомго алган.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0