Окурмандардан «атактуу адамдарга бере турган суроом бар, бирок кантип беришти билбей жүрөм» деген сөздөрдү кулагым чалып калат. Дал ошондой көөдөнгө катып алган көп суроолордон сууруп чыгып, айрым ырчыларга узатып, жооп алдык.

ЫРЧЫ БОЛБОЙ СЫНЧЫ БОЛУП КАЛСАҢЫЗ, ӨЗҮҢҮЗГӨ КАНДАЙ БАА БЕРМЕКСИЗ?
Кайрат Примбердиев:
– Бул жигиттин таланты жакшы, бирок аябай жалкоо демекмин. Чыгармачылык үстүндө көбүрөөк иштеп, жакшы ырларды ырдап чыкса, кийин Эл артисти болчу жигит деп бааламакмын. (күлүп).

ЫРДАП ЖАТКАН ЫРДЫН МААНИСИНЕ КӨҢҮЛ БУРАСЫЗБЫ?
Назгүл Токтакунова:
– Албетте, ар бир ырдын сөзүнө, музыкасына карап аткарам. Менин аткаруумдагы ырлардын сөздөрү, музыкасы жаштардын табитине ылайыкташып жазылган.

БИР ЖАРК ЭТИП, ЖАЛП ӨЧКӨН ЫРЧЫЛАР ЧАБАЛ ЫРЧЫЛАРБЫ?
Клара Алибекова:
– Эл алдына чымыны бар адамдар чыгышат. Айрым өнөр адамдары кандайдыр бир убакта турмуштук себептерден улам тыныгуу алышат. Мен дагы азырынча ошол ырчылардын катарын толуктап жүрөм. Ошондой шартка түшүп калган ырчыларды даремети жетпей калды деп айткандарга кошулбайм. Адамда талант болсо, бир күнү кайрадан оргуштап чыга берет. Мен дагы чыгармачылыкка киришейин деп жатам.

ТААНЫШ-БИЛИШСИЗ САХНАДА ОРУН ТАПКАНГА БОЛОБУ?
Аваз Акимов:
– Менин оюмча, тааныш чоң роль ойнойт. Өзгөчө талантың болуп, элдин баары ушул ырчыны угуш-көрүш керек деп коомчулукка алынып кетпесең эле, аталган чөйрөдөн өз ордуңду табуу кыйын. Мындай сыноону чыгармачылыкка аралашкан учурда өз башымдан өткөргөм. Менин бул чөйрөдө көрөрмандарымды, угармандарымды тапканыма Сыймык атамдын (ред. С. Бейшекеев) салымы чоң.
Султан Төрөбеков
star@super.kg
Сен дагы мени сагынгандасынан башка ыры атактуу болгон жокко дейм,Назгүл Токтакунова дегенди тааныбайт экем?
жакшы продюсер менен иштесе эл артисти болотко деп ойлойм.Клара Алга