Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ООРУКАНАЛАР КАБЫЛ АЛБАЙ КОЮП, БЕЙТАП КАЗА ТАПТЫ

№614 08-август-14-август, 2014-ж


22-июль күнү борбор калаабыздагы 5 оорукана «Тез жардам» менен барган оорулууну кабыл албай, убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу бейтап каза тапкан. Ооруканага кабыл албай койгон дарыгерлердин бул кылыгы коомчулукта катуу кыжырданууну жаратты.

«БУГА ЧЕЙИН ДЕН СООЛУГУ ТАЗА ДЕШКЕН»
Дарыгерлерге нааразы болгон ОЛЬГА КРУГЛИКОВА (маркум Константин Кругликовдун апасы) буларга токтолду:
– Буга чейин уулум текшерилгенде бардык ооруканалар анализдери жакшы, таза дешкен эле. Каза болгондон бир-эки күн мурун Костянын ичи ооруп жаткан. 22-июль күнү «Тез жардам» чакырганга аргасыз болдук. Алар бизди бир күн кечке алып жүрдү. «Бизге тиешелүү оорулуу эмес» деп бир да оорукана кабыл албай койду. 7 саат дегенде бизди 6-шаардык оорукана кабыл алды. Тамчылатма дары куюшту, ден соолугун текшеришти. Дарыгер дени сак деп айтты. Бир органын алып коюштубу же эмне кылышты билбейм, жарым сааттан кийин абалы оорлошуп кетти. Жүрөгүнө массаж жасашты, бирок жанын сактап калышкан жок.

«ООРУКАНАЛАР АЛБАЙ КОЙГОН УЧУРЛАР КҮНДӨ ЭЛЕ БОЛОТ»
ЖАРКЫНБЕК КАСЫМБЕКОВ, Медициналык «Тез жардам» борборунун башкы дарыгери:
– 22-июль күнү саат 10дор чамасында Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунун 29 жаштагы тургуну Константин Кругликовдун жакындарынан «Тез жардам» кызматына чакырык келип түшкөн. Бизден бир бригада барып оорулууну текшергенде, анын абалы оор экен. Мындан улам жандандыруу бригадасын да жардамга чакырышты. Дарыгерлер ал оорулууга «өпкөнүн артериясынын тромбоэмболиясы» (өпкөгө канды алып барган артерияда тромбдун пайда болуусунан улам кандын жүрүшүнүн күтүүсүз токтоп калышы) деген диагноз коюшуп, аны Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып барышкан. Ал жерден оорулуунун 3-4 күн мурун болгон ич өткөк оорусуна басым жасап, «Жугуштуу оорулар ооруканасына алып баргыла» дешиптир. Жугуштуу оорулар ооруканасы да кабыл албай, ангиохирургия бөлүмүнө алып барууга аргасыз болушкан. Алар да «бизге тийиштүү оору эмес» деп кабыл албай коюшкан. Ооруканалар кабыл албагандыктан, дарыгерлерибиз өзүнүн койгон диагнозуна ишенбей, «Сокур ичеги болуп калганбы же каны суюлуп кеттиби? Балким, ичинде жара болуп жүрбөсүн?..» деген сыяктуу божомолдор менен Улуттук хирургиялык борборго алып барышыптыр. Ал жердин дарыгерлери да «биз дарылачу оору эмес» деп кабыл алышкан эмес.
Түш болуп калганда дарыгерибиз окуя тууралуу мага билдирип, андан соң биз да аралашып, айлабыз кеткенде №6-шаардык ооруканага жеткирдик. Ал жерден оорулууну текшергенде биздин дарыгер койгон диагноз туура болуп, кайрадан Улуттук кардиология борборуна жиберишти. Алар бул сапар да кабыл албай, айла жок, кайрадан №6-шаардык ооруканага алып барып жаткырышты. Ал оорукананын дарыгерлери болгон жардамын көрсөтүштү, бирок бейтап кечки саат 22лерде каза болуп калды.
«Тез жардам» эреже боюнча бир бейтапка ашып барса 1 саат убакыт жумшашы керек. Кругликовду 7 саат алып жүрүштү. Негизи эле ооруканалар кабыл албай, 3-4 саат бир бейтап менен убара болгон учурлар күндө эле катталууда. «Кабыл алып койгулачы» деп биздин врачтар жалдыраган учурлар да көп кездешет.

«БАШКЫ ДАРЫГЕРГЕ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ»
Эмне үчүн текшерип көрбөстөн «биздин оору эмес» деп кабыл албай койгонуна жооп алуу үчүн Академик Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун башкы дарыгери Жамиля Иманкуловага кайрылдык. Ал «Бул суроого биз жооп бербейбиз. Министрликтен комиссия түзүлгөн, ошолор жооп берсин» деген жообун айтты. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, андан соң окуяга тийиштүү медицина кызматкерлери, акыйкатчы, маркумдун жакындары жана министр Динара Сагынбаеванын катышуусунда тегерек стол өткөрүлгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамдарды көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси КУБАНЫЧБЕК КАЛМАМАТОВ төмөнкүлөрдү билдирди:

– Аталган окуя боюнча Улуттук кардиология борборунун башкы дарыгери Жамиля Шайшекеевнага сөгүш жарыяланды. Ал эми оорулууну кабыл алуудан баш тарткан дарыгерлерге аталган борбордун жетекчилиги өздөрү чара көрүшөт. Кардиология борборунун кызматкерлеринин түшүндүрүүсүндө, алар инфаркт, жүрөк ооруларын гана кабыл алгандыктан, бул ооруну ангиохирургия бөлүмү караш керек дешкен. Кругликовдун так диагнозун аныкташ үчүн медициналык экспертиза дайындалды. Жакында анын жыйынтыгы билинет.

«Шалаакылыктын айынан адам өмүрү кыйылып жатса, кабыл албай койгон дарыгерлер сөгүш алып эле кутулабы?» деген сурообузга Кубанычбек Калмаматов «Бул оорунун акыры баары бир өлүм менен аяктамак. Биздин өлкөдө бул оору менен күрөшүүгө шарт жок» деп жооп берди. Кандай оору болсо да аны кабыл алып, тийиштүү чара көрүү дарыгерлердин милдети эмеспи. «Баары бир өлүм менен аяктамак» деп кол куушуруп отура берүү акылга сыйбаган нерсе.
Эл аралык донорлор тарабынан саламаттыкты сактоону колдоого
24,5 миллион АКШ доллары бөлүнүп жатат. Ушундай суммалардын астында жүрсө да бул тармак качан оңолот деген суроо жаралат
.

МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СТАТУСУ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМДАН КЫСКАЧА:

Медицина кызматкерлери милдеттүү:

  • Бейтаптын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын бекем сактоо.
  • Бейтаптын толук сакаюусун же абалы жакшырганча толук жана үзүрлүү камсыздоо. Эгер толук сакайбай турган болсо, анда объективдүү себептер болуусу шарт.
  • Тез жардам көрсөтүүгө объективдүү себептер менен жолтоо болгон учурдан башка убакта убакыттын канча болгонуна, орунуна карабай биринчи жардамды көрсөтүү.
  • Кесиптик милдеттерин аткарууда медицина кызматкерлери бейтапты негизсиз тобокелдикке салууга укугу жок.

Медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги:

  • Медициналык кызматкерлер врачтык этиканы бузгандыгы, жарандардын ден соолугуна келтирген зыяны жана врачтык сырды ачкандыгы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик алат.
  • Ар бир медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттыкты сактоо мекемелери жеке менчик болгонуна карабай адамдын ден соолугуна зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ДАРЫГЕРЛЕРДИН КАЙДИГЕРЛИГИНЕ КАБЫЛГАНСЫЗБЫ?

Бообек Ыбыраев, 37 жашта:
– Келинчегим ооруп кыйналып жатканда ооруканага барганбыз. Дарыгерлердин кайдигерлигинен ооруканага жата албай жүрүп, буттары шишип, баса албай калган. Түн ичинде барып жалдырап, урушуп-талашканга чейин жеткенбиз. Акчаң жок болсо карабай да коюшат.

Айкан Топчубаева, 37 жашта:
– Дарыгерлердин кайдигер мамилесине кабылып көрө элекмин. Бирок балдарымды ооруканага алып барып калган учурларда кезек күтүү көп убакытка чейин созулуп кетет. Ал эми дарыгерлердин тейлөөсү, мамилелери жакшы эле деп баа бермекмин.

Нурсултан Тураров, 24 жашта:
– Мен жеке өзүм дарыгерлерге кайрылып көрө элекмин, бирок билишимче, биздин дарыгерлер акча, белек бермейинче оорулууларга оңгулуктуу мамиле кылышпайт. Эгер катардагы эле оорулуулардын бири болсоң, анда алар өзгөчө деле көңүл бурушпайт.

Разия Досбергенова, 50 жашта:
– 2008-жылы 16 жаштагы уулум кокустуктан катуу ооруга кабылып, Бишкектин бир ооруканасына кайрылдык эле, дарыгерлер ийгиликтүү операция жасап, баламды өлүмдөн сактап калышкан. Андан бери дарыгерлерге кайрыла элекмин.

Канышай Бөкөнбаева, 25 жашта:
– Дарыгерлердин кайдигерлигине бүгүнкү күнгө чейин эле кабылып келе жатам. Алардын кылган мамилесинен акча каалап жатышканын билесиң. Качан чөнтөгүнө акырын акча салганда гана мамилелери өзгөрүп, жакшы карап калышат.

Нуржамал Казакбаева, 52 жашта:
– Бардык эле дарыгерлер кайдигер мамиле кылат деп айтууга болбойт, арасында кызматын берилип аткаргандар да бар. Бирок оорулуулар аларга айыгып кетсем экен деген үмүт менен барса, алардын орой мамилеси демди суутат.

Адилет Кубатов, 24 жашта:
– Колум сынып, ооруканага барганымда, дарыгерлер жакшы эле кабыл алгандай болгон. Бирок алардын шалаакылыгынан колум туура эмес гипстелип калып, бүгүнкү күнгө чейин жакшы кыймылга келбейт.

Ширин Турдакунова
koom@super.kg



Ооруканалар кабыл албай коюп, бейтап каза тапты

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(43)
11.08.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларга акча бербесен карабайт да...Окуу жайды акча менен бутуп барып алышып, диагноз койгонду билишпейт. Эптеп эле акча берип, акча алып иштеп журушот.
11.08.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
''Баары бир олмок да'' дегени эмнеси...ошонун ордуна бир минут озун коюп корсо болмок...
SUPER.KG видео
11.08.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын.
(репортажды Бекжан даярдаса болмок..)
11.08.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Банкроту жок бизнес врачтардыкы тура корсо куноого батып жатышатко оздоруда билбеген куну каттуу сокку жешет алладан
11.08.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз жок!!! . Кыжырым келип жатат. Коп соз жазайын дейм бирок пайда жок.Айтып-куйуп кала беребиз а эч нерсе озгорбойт.
11.08.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжем иштен башым деп жыгылып тез жардам чакырганбызда давлениясы которулуп кетиптир ордунан козгонго болбойт деп.алар башка тез жардам чакырышты алар келип машинага салып фучикага алып бардык.ал жактан врачтар чыгып биз ала албайбыз республиканскийге алып баргыла деди.ал жака алып барсак алар да албайбыз деп коюшту.кайра фучике келдик,алар кордиологияга алып барып коргуло биз албайбыз дебедикпи дешти.кайра кордиолгияга бардык алар отказ кылышты ошо м.н тез жардамдагылар болду фучике таштайбыз
11.08.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деп алып келип уруш талаш м.н аташтап кетишти.ал кезде эжемдин оозунан ак кобук чыгып болбой калды.алып кирип жаткырышып укол сайышып,биз даарылай албайбыз эртен м.н баари бир республиканмкийге алып кетесинер дешти.эртен м.н башкы врач келип алып кеткиле деп туруп алды.ошентип тааныш салып атып рес-ге алып бардык.алар давлениясы бар адамды коп козгобош керек эле силер болсо 6 саат машинада журуп кыйнап коюпсунар ошого байланыштуу инсулт алыптыр дешти.мына туугандар эми эжем баспай калды
11.08.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам өмүрү бир сөгүшкө гана тең болуп калыптыр да ээ?
11.08.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akmaktar sogush emes ketirish kerek bulardinn baarin
11.08.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai bizdin brachtarga kun tushkuluk kilbasin
11.08.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"СОГУШ" элеби? Ал оорунун аягы олум болсо, анда "СОГУШ" жарыяланганына да окунуп жатышабы?
11.08.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эки кичинекей балдарым Ноокатта детский инфекционныйда жатып калды кудайга шугур жакшы болуп чыкты.Чыккан куну врач чакырып бир нерсе дебейспи дейт эмне болду десем акча тилеп жатканын сезип 500 сом берсем мен сизден коп куткон элем дейт оозу мурду кыйшайбай жаш балдар акысыз дарыланыш керек эч жерге акча толобойтго десем бизде ушундай дейт.Азыр алып келем деп чыгып диктофонго жазып подстава кылайын деп ойлоп бирок чыдабадым
12.08.2014. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алай81 бизде дал ошондой болгон азыр денеси кыймылдабай суйлой албайтат ушу врачтарга кандай мыйзамдык чара корсотот болду экен азыр акчан болсо жашайсын акчан жок болсо жашабайсын ээ кудай эмне болор экен
12.08.2014. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындап айтсам Кыргызстанда врачтарга кунуну салбасын Аллахым!!!Алардын аты акча болуп калышкан!Канча жолу кайдыгер мамилелерин кордум!Москвада врачтар ото ответсвенный,мамилелери аябай жакшы!А Кыргызстанда Аллахым врачтарга нысап берсин
12.08.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suimon302010, ооба туура айтасын. Кудай бетин нары кылсын, кудай ден соолук бер.
12.08.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эй бир адам олуп жатса ,согуш эле берип койгону кандай ?
12.08.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эч качан эч кимдин куну тушпосун дарыгерлерге.Мени ата-энемден,байкемден ажыраткан ушулар.Карапайым калк унчукпай кала беребиз.Менин байкемди колу бутун байлап кыйнап олтурушкон.Атамды туура эмес укол берип олтурушту.Апамды больницага кабыл албай карабай коюшуп уйдо жатып менин коз алдымда каза болду.Мен эч качан кечирбеймин доктор аттууларды.
12.08.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай корсотсун жаман врачтарга.
12.08.2014. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтарга нааразымын кетсинбашкы даарыгер мен жумуштан бошотулушун талап кылам.
12.08.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир күнү аксакал ооруп оору канага келет экен ал жерде ооруган жерин даарыгерге айтса. Даарыгер мага 50 миң акча алып келсениз биз операция жасайбыз дейт экен. Аны уккан аксакал менин пенсия м 3 миң болсо жашым 90 го барып калды балдарыма оорчулугуму тийгизбей, даарыланбай олуп эле калайын дейт экен даарыгерди карап. Анда даарыгер "Сиз өлсөңүз балдарыңыз 40 миңге бир жылкы 20 миңге тамак аш үчүн азык түлүк,
12.08.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экен ошончо акча сизде барбы десе аксакал мен анда өлүмгө акчам жетпейт экен андан көрө 50миңди берип даарыланып алсам окшойт деген экен.
муну менен айтарым ар бир ооруга продуктыга окшотуп баа коюп алышкан ал акчаны бербесен врачтар карабайт ал эми биринчи төлөм санаториядан места алгандай жатышка места таап бергенине да кеминде 10 миң акча сурашат. Уят биздин ак халат даарыгерлерибиз. Сиздерге барып, жалдырап карап коюңуз деге
12.08.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу катуу ооруп жатса,анан аны 7 саат машинеде бишкекти айлантса,бишкектин жолдру дагы укмуш да онгул-донгул,соо адамдын опко-журогу узулот,ал эми оорулуунун ичи-карыны аралашып калды го.
12.08.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде баардык гос органдагылар ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 13.08.2014 10:16
13.08.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
messi.kg - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
14.08.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyndygynda kyrgyzstanda jakshy karawpait,diagnozdu tuura koio alywpait,alardyn walaakylygynan Kop adamdar jabyrkait,medikterge da bir aiyp akcha tolotuw kerek,tuura emes iw kylganda..
14.08.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 kol barabar emes yimany bary da bar jogu kop koiup bersen pol juugu4u dele kyiyn men bir medsestra menen sanitarka odurandaganda _taak familyanar?_desem paipastap kalgany esimde .
15.08.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООрукунага баргандан кудай сактасын азыр акчан жоок болсо танышын жоок болсо олдум деп койо бериш керек менда жакында эле почкам ооруп баргам сразу эле акчан барбы деп сурашты 2 кун жатканыма 10мин сом акча короттум мейли биз эптпеп талалаап иштеп акча бердик байкуш карапайым калкчы аны ойлогон эч ким жоок чоондор озун курсагын ойлошот элди ойлогон эчким жоок каматып салыш керек андай врачтарды акмактар акча учун тим эле жанын беришет кудай озу жазасын берсин
17.08.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 26.07.2014 жылы 4 роддомдо тороп врач тын шалакылыгынан кызым 1,5 сутка жашап чарчап калды. Врач кайненемен акчаны алып келининер куноолу деп койду. Мурун эки баламды 4 роддомдон торогом, тааныштарды ортого салып.Бирок мында даярдаган эмеспиз.Мындай таш боор врачтардан кудай сактасын.
SUPER.KG видео
18.08.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча менен окууну буткон врачтар,акча берип ишке кирип! Акча алып тиригилик кылып,адам олтуруп жатышатго!!!
21.08.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне мынча ызы чуу болосунар.ден соолугун учун бересин,бербеске арга жок.ден-соолук баарынан биринчи орунда турат!
26.08.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын башындагы шумшуктордун иштебегендигинен ар бир тармак озунун мыйзамы, билгени(чынында-БИЛБЕГЕНИ)менен кун коруп,жашап жатышат,согушту деле бербей эле коюшса болмок
SUPER.KG видео
30.09.2014. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамга эн кыйыны, кун сайын адам болуу. Адам болгулачы врачтар. Акчага азгырылып ит болбой.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: