ЕВРАЗИЯ ЧЕМПИОНУ ҮЧҮН БЕТТЕШ
№616 22-август-28-август, 2014-ж

29-августта борбор шаарыбыздын Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бирма боксу боюнча Евразия чемпиону үчүн профессионалдар арасында беттеш өтмөкчү. Анда 73 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык Дастан Шаршеев орусиялык Дмитрий Котов менен күч сынашат. Ошондой эле рейтингдик беттештер да орун алмакчы. Мекендешибиз Дастан Шаршеев бул беттеште жеңишке жетишип, континент чемпиону аталат деп ишеним артып турган чагыбыз.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1
сураныч
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жөнөтүлдү.