Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Нурлан Тилебаев, ырчы: «ӨМҮРҮМДӨ БИР ДА КЫЗДЫ СҮЙҮП КӨРГӨН ЭМЕСМИН»

№617 29-август-04-сентябрь, 2014-ж


«ОТУРУШТАРДЫН ПАДЫШАСЫ ЭЛЕК»
– Мен 1967-жылы Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 3 эркектин улуусумун. 3-класска чейин айылда менден өткөн тентек бала жок эле. Ата-энем мугалим болгондугуна байланыштуу 3-класстан 10-класска чейин мектеп-интернатта окуп калдым. 4-класстан тарта музыкалык аспаптарды үйрөнө баштагам. Интернаттын жогорку класстарындагы орус балдар «тамекинин бүчөгүн чогултуп келсең, гитара черткенди үйрөтөбүз» деп түн ортосунда көчөгө жиберишчү. Анан дүкөндөрдүн тегерегинен тамекинин бүчөгүн чогултуп келем. Ошентип жүрүп гитараны үйрөндүм.
Негизи кыздар гитара черткен жигиттерге жакын болот эмеспи. Окуучулук кезде отуруштардын падышасы элем. 8-класстан баштап обон чыгара баштадым. Эң биринчи жазган «Кол үзүштүк» деген ырымды Асел Турдалиева кийин ырдап чыкты. Мектепте окуп жүргөндө Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев агаларыбызды көрүп, актёр болгум келчү. Бирок мени ким киносуна тартмак эле? Акыры «жоктон көрө жогору» деп музыка жагын тандап алгам.

«АСКЕРДЕ ГИТАРА БОЮНЧА БИРИНЧИЛИКТИ АЛГАМ»
– Интернатты аяктаган соң Ленинград шаарында аскердик кызматты өтөдүм. Ленинград аймагында 17 аскердик бөлүк бар эле. Ар дайым бул бөлүктөрдөгү аскерлер ортосунда футбол же музыка жаатында мелдештер уюштурулуп турчу. Орусча жакшы ырдачумун. Ошондой мелдештерге катышып, гитара боюнча 1-орунду утуп алгам. Аскерден кайткан соң Фрунзе шаарына келип, «Кыргызавтомаш» заводунда иштеп калдым. Чубак Сатаев, Тургуналы Нурматовдор ошол убакта белгилүү болуп жаткан. Мен дагы «Эңсөө бийлеп» деген ырымды ырдап чыктым. Эл жакшы кабыл алды. Кийин заводдо чогуу иштеген балдар (Таалай Бектурганов, Борончу Кудайбергенов, Болот Алымкулов) болуп «Ак тилек» деген топ түзүп, ар кандай мааракелерде, тойлордо ырдап жүрдүк. Таалай Бектурганов менен кантип таанышканымды айта кетейин.
Күндөрдүн биринде Таалай келип, «мен дагы гитарага кызыгам, үйрөтпөйсүңбү?» деп калды. Ал кезде элге таанылып калгам да. Ошондон кийин ага гитараны үйрөтө баштадым. Өзү деле мурда ойноп жүрчү экен, бирок жакшы черте алчу эмес. Ошентип жүрүп экөөбүз ынак болуп кеттик. Бир төшөккө жатып, бир нанды бөлө жеген дос болдук. Мен мурда «Мыскыл жана тамашага» жылда чыгып ырдачу элем. Таалайды ошол жакка алып барып биринчи жолу чоң сахнага чыгардым. Кийин өзү да обон чыгара баштады. Эл жакшы кабыл алып, досум бат эле популярдуу болуп кетти. Кийинчерээк менин «Эненин арманы», «Унутам деп», «Оо, жаным» деген ырларым чыгып, ал ырлар мага популярдуулук алып келди. «Унутам деп» деген ырымдын тарыхы да бар.
Мени тааныштарым конокко чакырып калышты. Ырдап отуруп 5 мүнөт эс алып алайын деп ашканасына киргем. Столдун үстүндө турган гезиттеги «Унутам» деген ырга көзүм түштү. «Сөзүн жазган Байтемир Асаналиев» деп турат. Сөздөрү аябай жакшы экен. Акырын гезитти айрыдым да, чөнтөгүмө салып койдум. Кийин 4 айдан соң ага обон чыгардым. Ал кезде азыркыдай жайнаган радиолор жок эле. Бир гана «Кыргыз радиосу» менен биздин ырлар элге тарачу. Бишкекте кайсы жерде той же туулган күн болсо, бир жагына Чубак Сатаев, бир жагына мен кетчү элем.

«КОНЦЕРТТЕН ТҮШКӨН АКЧАЛАРДЫ ЧАЧЫП ЖОК КЫЛГАМ»
– 1992-жылы популярдуу болуп турган чакта 4 күн Улуттук филармонияга жеке концертимди бергем. 4 күн тең бош орун калбай, көрүүчүлөр туруп көрүшкөн. Ошол концертимде Таалай өзүнүн ырларын ырдап чыккан. Калк арасында менин ырларымды Таалайдыкы, Таалайдын ырларын меники деп чаташкандар азыркы убакта деле кездешет. Мунун себеби бар. Таалай менин стилимде ырдап чыкты да, экөөбүздүн ырдоо стилибиз окшош болгондуктан, эл айырмалай албай калды. Чынын айтсам, 4 жыл популярдуу болуп турдум. Эл жаңы нерсени күтөт, каалайт да. Кийин Таалай чыкканда угуучулар ага ооду. Таалайдын белгилүү болуп кеткенине устаты катары ошондо аябай кубангам. Биринчи концертимде 14 миң сом түштү. Ал кезде шаардын ортосундагы 3 бөлмөлүү батир 9 миң, 2 бөлмөлүү батир 6 миң сом болчу. Балдар менен «кел, ичебиз, жейбиз» деп отуруп эле аягында 1000 сом калган. 1994-жылы экинчи жолу концерт коюп, 11 миң сом түштү. Аны да болбогон нерселерге чачып жок кылгам.
Гастролго көп чыктык. Концерттерибиз аншлаг менен өтчү. Гастролдо кызыктын баары болчу, мушташчубуз. Бир жолу Аксынын Кербен шаарынан жергиликтүү балдар Таалай Бектурганов менен Болот Токтобаев деген ырчы балабызды сабап кетишиптир. Келсем, биз менен гастролдоп жүрүшкөн кыздарды алып кетебиз дешет. Алардан араң качып кутулганбыз. Ал кезде эл сыйчыл болушчу.Барган жерибизден сыйлап эле жатып калышчу. Ичип да жүрдүк. Мактанбайын, күйөрман кыздарыбыз толтура болчу. Ал кезде жаш элек, өң деле бар эле (күлүп).
Бир жолу филармонияда ырдап жатсам, сахнага бир татынакай кыз гүл көтөрүп чыгып мага сунду. Гүлдү жакшы эле кармагам, алаканым «тыз» дей түштү. Ырдап бүтүп сахнанын артына өтсөм, колум канап кетти. Көрсө, тиги кыз гүл сатып ала албай, филармониянын алдында өскөн роза гүлдөрдү жулуп алып, гезитке ороп келе берген экен. Бизди эл жакшы кабыл алганынын себеби дайыма жандуу ырдачубуз. Кээде сахнада ырдап жатканда гитаранын кылдары үзүлүп кетчү. Андайда эл ого бетер дуулдап, колдоп жиберишчү эле. Азыр ошол кездерди сагынам.

«КӨП ЫРЧЫЛАР ЖАКШЫЛЫКТЫ БИЛИШПЕЙТ»
– Мен эч качан бирөөгө арнап же сүйүп «мен сени сүйдүм же мен сен үчүн Бишкекти ордунан жылдырып берем» деп ыр жазган эмесмин. Акындардын китептерин алып окуп жүрө берем. Арасынан жаккан ырлардан таасир алып, ага обон чыгарам. Чынын айтсам, ушул кезге чейин бирөөнү сүйүп көргөн эмесмин. Жакшы көрүү сезимдери болгон чыгар. «Мен сени сүйөм» деп кантип айтышат түшүнбөйм, мен антип айта албайт экем.
Биринчи жубайым менен пикир келишпестиктерден улам ажырашып кеткенбиз. Экинчи келинчегимдин аты Уулжан, менден 9 жаш кичүү. Лейлектин күйөө баласымын. Экөөбүз 2 кызды тарбиялап жатабыз. Улуу кызыбыз Рано быйыл 2-класска барат, ал эми экинчи кызым Рахима 3 жашта. Азыр үй-бүлөм менен бактылуу жашап жатам. Менин негизги максатым – ден соолугум болсо, ушул кыздарымды элден кем кылбай чоңойтуу. 2 жылдан бери ооруп жүрөм. Дарыгерлер ички варикоз деген диагноз коюшуп, Москвага барып операция жасатып келгем. Жакында да барып текшерилип келдим. Чоңдордон эмес, карапайым элден айланса болот. Дары-дармекке кетчү каражатты кесиптештерим, тууган-туушкандарым, жердештерим жана карапайым калк эле чогултуп беришти. Ал эми миллиондогон акчасын сапырган чоңдор, байлардан бир да тыйын чыкпайт экен.
1989-жылдан баштап КТРге оператор болуп ишке орношком. Кийин режиссёрлукка өттүм. Андан соң КУУнун журналистика факультетин аяктадым. Ошентип телевидение жаатында иштегениме 22 жылдын жүзү болду. КТРде көп жыл иштедим, кийин 2010-жылы Бейшенбек Бекешов агай чакырганынан ЭлТРге келдим. Азыр аталган телеканалдын башкы администраторумун. Жумушум менен алек болуп жүрүп ырчылыгым экинчи планда калып калды. Кээде жаңы ырларды жазып коём. Бирок клип тартып, сахнага алып чыгууга шымалана киришкен жокмун. Телеканалда иштеп жүрүп азыркы атактуу ырчылардын 20 чактысына, «мен жылдызмын» деп төшүн каккандарына чейин популярдуу болушуна жардам көрсөткөм. Ошол ырчылар азыр мени тоготпойт, жакшылыгымды эстегилери да келбейт. Кээ бирлери, мисалы, Бактияр Токторов сыяктуулары гана моюнуна алып, ыраазычылыгын билдиришет.

«Таалай Бектурганов экөөбүз бир нанды бөлүп жеген достордон элек».

«Ал кезде күйөрман кыздарым көп болчу».

Асхат Субанбеков
star@super.kg



"90-жылдары кечелердин падышасы болгонбуз" дейт Нурлан Тилебаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
01.09.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
den soolukta bolsun,yrlary maga abdan jagat,suibogondogu yrlary ele ukmuw,suiup kalsa myndan da soonun yrlar jaralmak eken da
02.09.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш ырчылар бир ыры менен "Маданияттын мыкты кызматкери", "Супер ырчы" наамдарын алып жатышат. Тируусундо легендага айланган Нурлан Тилебаев агабызга эч кандай наам берилбей келет. Албетте легендарлуу бул ырчы эл журогунон тунок таап алда качан "Эл ырчысы" наамына татыган эл учун. Ошентсе да мамлекеттик наам ашыкча болбос эле агайга. Нурлан агай Омурунуз узун, ден-соолукта кооп жашан! Сиз дайыма журоктосуз.
03.09.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп жашаныз,Жараткан ден соолук берсин сизге.Чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
03.09.2014. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан Тилебаев менен Таалай Бектурганов гитарада эн жакшы ырдап легендага айланган ырчылар. Азыр деле ким гитара уйронсо 1-ушулардын ырларын чертип уйронот. Нурлан Тилебаевге кудай ден-соолук берсин, коп жашаныз сизге наамды эл берет.
SUPER.KG видео
03.09.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ видеодо ырдаган карындашым деген ырын жуктоп койгулачы сураныч?
SUPER.KG видео
03.09.2014. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы талант азамат , анан ырдаган ырды жуктоп койгулачы
SUPER.KG видео
03.09.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Тилебаев, чыныгы талант ээси деп айтууга болот. жаш кезинде сахнаны солкулдатып, куйормандарынын арзуусуна айланган экен.
эми мынтип ооруп калганы окундурот. айыгып кетиниз, эл дагы да болсо сизден эн мыкты чыгармаларды кутот.
03.09.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат Супер Инфо.Илгери ушул ырчы жөнүндө жазгылачы деп сурандым эле,суранычым орундалыптыр.

Супер инфо,эми дагы бир суранычым калды.Илгерии биз тобунда ырдаган Аксана Матисакова жөнүндө да жазып коё аласыздарбы.
04.09.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
03.09.2014. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Тилебаевдин "Эңсөө бийлеп" деген ырын таппай жүрөм,ырчыдан алып калсаңар жүктөп койгулачы сураныч.
04.09.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan, жүктөгөнгө аракет кылабыз.
04.09.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, рахмат чооң.
07.09.2014. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу,Администрация,Азада Бегим тууралуу маалымат бере аласыздарбы?Эгер мумкун болсо,алдын ала ыракмат!
08.09.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ggvatua, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
07.09.2014. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Тиллебаев. Мен бул адамды качан ЭлТРге келгенде тааныгам. Азыр болсо, бул адамга атамдай мамиле жасайм, атамды кандай жакшы коруп, кандай урматтагым келген болсо, ошол сезимдердин баарын Нурлан агайга жасап жатам...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: