Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алмазбек Атамбаев: «МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН ИЧКИ ДУШМАНДАР КЫЙЛА КОРКУНУЧТУУ»

№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж


31-августта президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган сөзү кезектеги талкуу толкунун жаратып, Жогорку Кеңешти ойго салды. Ажонун кыргыз жана орус тилиндеги сөзүнүн урунттуу учурлары төмөнкүлөр болду.

ЭГЕМЕНДИК ТУУРАЛУУ
– Майрам күнү болсо да, сиздер менен кээ бир жүрөк ооруткан ойлор менен бөлүшкөнгө уруксат этиңиздер.
Мамлекетибиз өз алдынча туу көтөрүп, өз жолун издеп келе жатканына 23 жыл болду. 23 жылда элибиз кыйналды, кысталды, бирок сынган жок. Чайпалды, бирок төгүлгөн жок. Кыйынчылыктарга туруштук берип, бүгүн биз чыйралдык, жетилдик. Көп нерсеге көзүбүз ачылды: Жакшыны жакшы, жаманды жаман, акты ак, караны кара деп атап ажыратканга үйрөндүк.

"ДУШМАНДАР КЫРГЫЗСТАН ЖОК БОЛСУН ДЕП ТИЛЕП ОТУРУШАТ"
– Бүгүн Кыргызстан бөлүнсүн, жок болсун дегендер аз эмес. Мына быйыл да коңшулар газды өчүрүп, элибизди сынап жатат. Ага өзгөчө өзүбүздүн айрым «сасык» саясатчылар сүйүнүп жатышат, чыр салганга жакшы шылтоо табылды деп. Ички жана тышкы душмандар Кыргызстан бөлүнүп, жок болсун деп тилеп отурушат. Ичибизден ыркырашып, бири-бирибизди күнөөлөп, бөлүнсөк, душмандардын отуна май куйган болобуз. Биримдиктүү, ынтымактуу эл боло албасак, эгемендүүлүктү да сактай албайбыз. Ачык айтканда, тышкы душмандарга караганда ички душмандар, көз камандар, элди бөлүп-жарган сасык саясатчылар биздин мамлекет үчүн кыйла коркунучтуу. Ошондуктан тышкы күчтөр да үмүтүн ошолорго артып, каржылап жатат.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖАНА ӨКМӨТ СЫНГА КАБЫЛДЫ
– Биздин мамлекет али жаш, алсыз. Ага жардам берип, мамлекеттүүлүктү бекемдеш керек. Кайран элибиз эптеп чыр чыгарып, кан төгүлүп кетсин деп тилеп, элди бөлүп, бийликке жетсек дегендерге алданып, кээ бирде ээрчип кетип жатат. Биз минтип отурсак, мамлекетти сактагандын ордуна талкалайбыз да!
Депутаттар да популизмге алдырып, айрым учурларда мамлекеттин келечегинин ордуна келе жаткан шайлоону ойлоп, өкмөткө, сотко туура эмес басым жасап жатат. Сот менен өкмөт да парламент бизди кызматка бекитпей коёт деп, депутаттардан жалтактап коркуп отурат. Мен ачык айткым келет, азыр өкмөттөгүлөр үчүн эптеп отурган жеринде калуу, бул нерсе, тилекке каршы, негизгиси болуп калды. Бирок мындан пайдаланып, артында эч нерсеси жок кыйкырыктары менен «ОБОН» атка конгондор мамлекеттин тынчын кетирип, анын аркасынан акча табышууда. Мындан улам өлкөбүздө бир канча адамдын же бир айылдын кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыктарынан өйдө туруп калууда. Бул өкмөттүн тил-оозсуз макулдугу, парламенттин колдоосу менен ишке ашууда. Минтип отурсак мамлекетибиз эмне болот? Же парламенттик демократия, парламенттик башкаруу деген ушулбу?
Азырынча бул коллективдүү жоопкерчиликсиздикке гана окшоп келе жатат.
Мындай жол менен парламенттик башкарууну дискредитациялоо гана болуп жатат. Бул маселенин үстүнөн парламент башкаруучулары жана фракциялардын лидерлери жакшылап ойлонушу керек.

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК ЭКИ ЖЫЛДАН КИЙИН...
– 1991-жылы көз карандысыздык тууралуу декларация кабыл алынгандан кийин чыныгы суверендүү өлкөнү бекемдөө үчүн көзгө көрүнөрлүк иш аз гана жасалды. Мисалга алсак, өлкө башчылары газ суроо үчүн жыл сайын коңшуларга ийилип барып, биздин жарандар үчүн унаа жолдорду, жүк ташуу үчүн темир жолдорду ачууга көндүрүшчү. Жыйынтыгында чек ара аймактарындагы аргасыз абалдарга алып келүүчү кадамдарга макул болуп жүрдүк. Өтүп кеткен 20 жыл аралыгында электр линияларын, көмөк чордондорду, айланып өтмө жолдорду курууга, ал тургай газга болгон муктаждыктан да чыгып кетүүгө мүмкүн эле. Эмнеге дал ушул жылы чек ара жаңжалдарынын саны өсүүдө? Эмнеге дал ушул жылы бизге газ берүүнү токтотуп коюшту? Анткени бул ишти кылып жаткандар биздин 1,5-2 жылдан кийин энергетикада да, транспортто да алардан толугу менен көз карандысыз болорубузду түшүнүп жатышат.
Биз «Датка» көмөк чордонун курдук. Ушул жылдын ноябрь айында «Кемин» көмөк чордонунун курулушу аяктайт. Келерки жылдын кыш мезгилине «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр энергиясын өткөрүүчү линиясын курабыз. 2016-жылдын күз мезгилине карата «Камбар-Ата-2» ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Бирок булар аздык кылат. Жашоо бизге бир гана гидроэнергетикага таянууга болбостугун көрсөттү. Тилекке каршы, суу тартыш болгон жылдар биз үчүн кадимки көрүнүшкө айланып калышы мүмкүн. Ошол себептен Энергетика министрлиги менин тапшырмам менен Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр станциясын куруу долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Мындан тышкары Бишкек шаарындагы 2-Жылуулук электр борборун газга которуп чыгуу керек. «Газпром» колдосо, анда 2-Жылуулук электр борборун куруу кийинки кышка карата жүргүзүлүп баштайт.

ГАЗ АРЗАНДАЙТ
– Газ маселесине өзүнчө токтолгум келип жатат. Ал айрыкча оппозициялык саясатчылар тарабынан козголууда. Ачык айтсам, ошол козгоо жана ички саясий кырдаалды курчутууга ишенип, бизге газды өчүрүп коюшту. Өзүңүздөр билгендей, Бишкекке жакында эле «Газпромдун» жетекчиси, урматтуу Алексей Борисович Миллер келди. Ал экөөбүз газ маселелери боюнча 2 жарым сааттай сүйлөштүк. Ошондой эле миң кубу 244 доллар болгон газды үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып «Газпром» өлкөнүн түндүгүнө 165 доллар баасында жеткирип турмак болду. Башкача айтканда, газ Бишкекке жана өлкөнүн түндүк аймагына дээрлик 1,5 эсеге арзандайт. Убада кылынгандай, ушул жылдын ноябрында «Газпром» Жалал-Абад облусундагы «Көгарт» жана «Майлысуу IV» кендеринде газ издөөгө жана өндүрүп чыгарууга активдүү киришет. Бул аймактардагы болжолдонуп жаткан газ топтомдору 2,5 миллиард кубдун тегерегинде.
Мындан сырткары «Түндүк-Түштүк» магистралдык газ түтүгүн куруу үчүн «Газпром» убада кылган 20 миллиард рубль, инвестицияга кошумча 45 миллиард рубль бөлүүдө. Муну менен катар өлкөнүн түштүгүндө, Кызыл-Кыяда газ жана көмүр өндүрүү боюнча заводдун курулушун долбоорлоонун үстүндө да иш жүрүүдө. Дүйнөдө бүгүнкү күндө мындай заводдор 500дүн тегерегинде экен. Жыл аягына чейин «Газпром» менен биргеликте варианттардын бирин тандап алып, Кудай буюрса, 2016-жылы Кыргызстандын түштүгүн газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылып баштайбыз. 2016-жылга чейин дагы 2 жыл бар, 2 кыш бар. Ошондуктан биз түштүк эли алдыдагы 2 кышты олуттуу маселелерсиз өткөрүшү үчүн бардыгын кылышыбыз керек.

КОҢШУЛАРГА КАЙРЫЛУУ
– Бүгүн ушул жерде чет өлкөлөрдүн, коңшу өлкөлөрдүн элчилери отурат. Учурдан пайдаланып, алар аркылуу мамлекет башчыларына кайрылгым келип турат. Урматтуу коңшулар, келиңиздер, ынтымакташып жашайлы, зыян келтирүүгө аракет кылгандын ордуна бири-бирибизге жардам берели. Сиздер «Кыргызстанда кайрадан революция болот, болгону сырттан бир аз түрткү жана оппозиция тарапты каржылык жактан колдоо керек» деп ынандыргандарга ишенбеңиздер. Мындай окуя эми эч качан болбойт. Биз өзүбүздүн араб жазыбызды баштан кечирдик. Биз эми башка өлкөбүз жана биз менен күч колдонуп сүйлөшүүгө болбойт. Кыргызстан эми кимдир-бирөөнүн алдында эч качан тизелебейт.

БАЖЫ СОЮЗУ ТУУРАЛУУ
– Чынын айтсам, бизде Бажы союзуна башка альтернатива жок. Мен дагы бир жолу кайталап кетем, мамлекетибиз толук изоляцияга түшөт же өсүп-өнүгүү үчүн чоң түрткү алат. Бажы союзунун өлкөлөрүнүн биз менен эч кандай аймактык доо талаптары жок. Бул өлкөлөрдүн экономикалык өсүштөрү жана элинин кирешеси биздикинен кыйла жогору. Аларга теңелүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
Жогорку Кеңеш өкмөт тарабынан жактырылып, жакынкы күндөрдө парламентте карала турган Бажы союзуна кирүү жөнүндө документтерди колдоп, бардык аргументтерди дагы бир жолу талкуулап чыгат деп ишенем.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(12)
08.09.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Мамлекет учун ички душмандар коркунучтуу" деген созду олко башчысы намыстанбай,уялбай кантип айтты?! Тообо,жаканды карманууга туура келет.Керек болсо Каримовдой, Назарбаевдей тиран болсун,олкодо тартиптуулук,бир багыттуулук болот.Демократия деп кайдагы батыштын чириген саясаты менен жашасак ички душмандар,койнундагы душмандар,аркандагы душмандар кобоймок тугул бир кун тубуно жетет да.Бизге тиран керек, бирдиктуу мамлекет курам дешсе...
08.09.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мамлекеттин негизги душманы бийлик озу экенин айтып койоюн, айрыкча "убактылуулар" бийликке келгенден тарта ар бир оз кемчилигин Бакиевге шылтап турду ххх. Качан караба элди болуп-жарып келишет, тундук-туштук, бийлик-реваншисттер, кыргыз-озбек ж.б. болуп. Бул менин создорум эмес бийликтин созу, качан караба оз кемчилигин жашыруу учун "ички-тышкы душмандарды" ойлоп табышат.
Модератор admin_superstan түзөттү 10.09.2014 12:18
10.09.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Frunze1, далили жок билдирүү жазуудан алыс болуңуз!
Модератор admin_superstan түзөттү 10.09.2014 12:24
08.09.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийлик элди болуп отуруп Ош окуясы чыгышына себепкер болду, ал коогаланда канчасы мерт кетти, эки эл дагы эле тирешип абал кооптуу бугун дагы. Мына коншулар менен ыркыбыз келишпей ара кундо чыр-жангал чек араларда, эл газсыз, светсиз, суусуз кымбатчылыкта жарым ач отурат, буларга да ички-тышкы кучтор куноолуубу? Качанга чейин жомок айтып келет бул адам, элдин №1 душманы озу экенин билбейби элдин байлыгын тоноп ташып жаткан, элди тентитип жаткан!!! АША эки жуздуулугу боюнча Акаев, Бакиевден ашат
08.09.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматуу ажоо сүйлөө маданиятыңызды, рухуңузду, духуңузду тик сызык боюнча өстүрсөңүз абдан сонун болот эле.
09.09.2014. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажобуз карып баратат окшойт, ар нерсени эле сүйлөй берчү болуп калды.
09.09.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Dadin1, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган!
Эскертүү!
09.09.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туштукто Барак анклавы Озбекистанга отооруно бир кадам калды. 23-жылда аз-аздан казак, озбек, тажиктерге откон жерлердин коломун айтпай койо туралы.
Модератор admin_superstan түзөттү 10.09.2014 12:23
09.09.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир президент чекеден жер сатып отурса эртен биз кайда жашайбыз!!! Ансыз да Союз убагында Казахстан, Озбекистанга убактылуу пайдаланууга берилген миндеген гектар жерлер кайра артка кайтарылбады!!! 23 жылда Озбекистан, Тажикстан, Казахстан олкого сунгуп кирип канча жерлерибизди оздоруно алып койду!!! Эми ал аздай жер саткыла!!! Кыргызстан 23 жылда 20-30% жеринен ажырады баарын кошкондо!!!!!!!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 10.09.2014 12:23
10.09.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Frunze1, далили жок билдирүү жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
12.09.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы кундору ушул перзидент суйлосо эле кыжырым кайнай бермей болдум. Кесе-кесе суйлосо президенттей болуп. Кыргызстан онугуп жатат деп жомок айткандан коро. Озу айткан ички душмандары менен жакшылыкча кетип калса болот эле. Бул кетиште дагы бир араб жазы болуп кетиши толук мумкун.
14.09.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
_KipchaK_, Кыргызда эсин барда этегинди жап дейт, "убактылуулар" бийликке келгенден бери элден жакшы соз угуша элек. же болбосо айланасындагы кошоматчылардан мактоолор угуп кооп жатышабы? Ушундайында жакшылыкча кетип калса орундуу болмок, бийлик, байлык козду кызартып наспин тыйа албаса Акаев, Бакиевдин кейпин кийишет. Атамбаев 6 жыл башкарып анан Текебаев же Турсунбековго бийликти откоруп беруу ою бар го, эл буга койбойт, кундон кунго элдин нааразычылыгы кучоп келет, эл толкуса токтотуп кор!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: