Нурлан Насиптин 24-туулган күнү быйыл жылдагыдан өзгөчө болду. 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү саат жебеси түнкү 12ни какканда сахналаш достору Нурмат Садыров, Аваз Акимов, Асел Кадырбекова жана башкалар ырчынын үйүнө жашынып, жагымдуу сюрприз кылышты. Кандай сезимдерге кабылганын ырчынын өзүнөн угалы.
– Туулган күнүмдө мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме ыраазычылыгымды билдирейин деп атамды Бишкекке чакыртып, Тойота Ипсум үлгүсүндөгү жеңил унаа белек кылдым. Андан соң адаттагыдай эле тойлорго ырдаганы кеткем. Бир кезде атам «келип биз менен чогуу тамак ич» деп телефон чалды. Досторум алдын ала туугандарыма, атама айтып коюшуптур. Келер замат эч нерсени этибарга албай өз бөлмөмө кирсем эле жарык боло түшүп, торт көтөргөн досторум ырдап кирип келишти. Мен үчүн күтүүсүз, кинодогудай жагымдуу сюрприз болду. Башыма мен жактырган мультфильмдеги каарман Спанч Бобдун баш кийимин кийгизип, белек-бечкектерин берип кубантышты. Эртеси досторум менен шаардагы караоке клубдардын биринде майрамды уланттык. Достор мени белектерге «көмүштү». Андан соң атайын заманбап жасалгалуу автобус менен түнкү Бишкекти кыдырып ырдап, бийлеп шаңдуу отурдук.
Маанайы көтөрүңкү болгон Нурлан автобуста Аселге тамашалап стриптиз бийлеп берүүгө да жетишти.
«Түн ортосунда досторум кинодогудай сюрприз жасашты».
«Белектеримдин катарын упчу, сүт куюлган бөтөлкө, памперс толуктады».
star@super.kg
Эгер бул жигит Сауд Аравиясы же Иранда болгондо олкодон кууп чыкмак "биздин сендей жалпак жожобуз жок!!!"деп.... Сендей жалпак жожону кыргыз дегенден уялам, кой экинчи эл козуно корунбочу намысын болсо, намыс болбосо анда эмне деп айтсан да бекер, кылы кыйшайып койбойт.. Намыссыздар колдой берсин сени, чыныгы кыргыз, чыныгы мусулмандардын сендей жалп
Эгер бул жигит Сауд Аравиясы же Иранда болгондо олкодон кууп чыкмак "биздин сендей жалпак жожобуз жок!!!"деп.... Сендей жалпак жожону кыргыз дегенден уялам, кой экинчи эл козуно корунбочу намысын болсо, намыс болбосо анда эмне деп айтсан да бекер, кылы кыйшайып койбойт. Намыссыздар колдой берсин сени, чыныгы кыргыз, чыныгы мусулмандардын сендей жалпа
Ala-Too, биринчиден, этика нормаларын сактаңыз. Экинчиден, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Үчүнчүдөн, талкуудан алыстабаңыз. Азырынча эскертүү!
Эскертүүгө карабастан эреже бузганыңыз үчүн 5 күн БАН!
Азырынча оозеки эскертүү!
Сунушуңузга рахмат!
Эскертүү!