АТАЙ МЕНЕН МАРАЛ УУЛДУУ БОЛУШТУ
№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж

«Ээнсиреген үй» тасмасындагы башкы каармандардын образын жараткан Атай Өмүрбеков жана Марал Койчукараева 3-сентябрь күнү уулдуу болушту. Бул кубанычтуу кабары менен актриса төмөнкүчө бөлүштү: «Атай экөөбүздүн кубанычыбызда чек жок. Кичинекейибизди жыттап, тойбой жаткан чагыбыз. Уулубуздун атын Искендер деп чоң энеси койду. Эне болуу сезимин сөз менен айтып жеткире албайм. Азыр өзүмдүн апам келип жардамдашып, небересин багышып жатат».
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1
Сайттан катачылыктар болгон жок. Демек, комментарийдин даражасын колдонуучулар аныкташууда.