«ТАМАШОУЧУ» АКТАН БОЙДОКЧУЛУК МЕНЕН КОШТОШТУ
№621 26-сентябрь-02-октябрь, 2014-ж

«Тамашоудогу» «Позитифф» командасынын экс-капитаны Актан Рыскелдиевдин моюнуна каамыт илинди. Бул тууралуу «жаш кожоюн» менен байланышып, кубанычына ортоктош болдук. «1986-жылы 20-сентябрда ата-энем баш кошушкан экен. Мен да ушул күнү үйлөнөйүн деп чечтим. Келинчегим Феруза экөөбүз 2008-жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрчүбүз. 20-сентябрда кыргыздын салты менен сөйкө салып, Чолпон-Ата шаарынан алып келдик. Эртеси күнү кичи мекеним Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Пионер айылында тоюбуз өттү. Буюрса, заманбап тоюбузду кийинки жылы өткөрөбүз»,- дейт «тамашоучу».
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
башка койногум деле бар болчу, кирдеп калган))) анан айла жок согуш убагы деп ушуну кийе бердим!!
ооба озбек кызы, бирок кыпкыргыз апей... Чолпон Аталык озбек кызы... балким айрым бир жерлерде озбектерди жаман короттурсунор, бирок мен андай эмесмин.. мусулман туруп мусулмандарды жаман коргондорду тааакыр тушуно албайм....