БИР БҮРКҮМ
№623 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж
-

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагалыгынан Юруслан Тойчубеков бошотулуп, ордуна
САНЖАР МУКАНБЕТОВ дайындалды.

-
1-октябрдан тартып ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН тарифи калк үчүн 1 метр кубу 12 сом 93 тыйын, коммерциялык абоненттер үчүн 13 сом 81 тыйын деп бекитилип, калк тарифи 3 сом 40 тыйынга, коммерциялык абоненттерге 4 сом 50 тыйынга арзандады.
-
Бишкек шаарында быйыл 140 миң даанага жакын бир жылдык ГҮЛДӨР соолуп калды, ар бир көчөттү тигүүгө 30 сом сарпталган. Баары биригип бюджетке келтирилген чыгым 4 миллион сомду түзөт.
-
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «ЖЫРГАЛАҢ» шахтасын текшерүү учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки куткаруучусу тереңдикке кулап кетип, газга ууланып каза табышты.
-
КӨМҮРДҮН БААСЫНА 90 күндүк мамлекеттик жөндөө киргизүү боюнча акттын долбоору сунушталууда. Аны ортомчулардын айынан көмүрдүн баасы негизсиз көтөрүлүп жатканынан улам Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги алып чыкты.
-
«Бишкекжылуулуктармактары» ААКсынын директору Эркин Абдыкалыковдун айтымында, борбор шаарда ЖЫЛЫТУУ сезону ноябрь айынан эрте башталбайт.
-
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгон токтомго ылайык, мындан ары
БАЗАРЛАР Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен соода жайларынын ижара акысынын тарифин макулдашпайт.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0