Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТЕЛЕФОНДУН ЖАРЫГЫНДА ЖҮРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж


Ушул жылдын 11-октябрында жүрөк хирургу Калдарбек Абдраманов интернет баракчасына электр энергиясы өчүп калган учурда уюлдук телефондун, кол чырактардын жарыгы менен бейтаптын жүрөгүнө операция жасаган видео тасмасын жүктөдү. Ага кошумча: «Токтотулган жүрөккө мына ушундай экстремалдуу кырдаалда операция жасап жатабыз. Мен айта албайм, бул кылмышпы же эрдикпи? Эмне кылабыз? Жарык жок деп бейтапты калтырып коёлубу, же тобокелчиликтерди эске алып операцияны уланта берелиби? Же кезек күтүп турган жүздөгөн бейтаптарды өмүрүнөн айрылып калуу коркунучуна кабылтып операцияларды токтотуп салалыбы? Качан бизге ыңгайлуу шарттарды түзүп беришет?!» деген билдирүүсү жарыяланды.

«БИР ДА ХИРУРГГА МЕНИКИНДЕЙ АБАЛДА КАЛУУНУ КААЛАБАЙМ!»
Коомчулукту дүрбөткөн бул окуя боюнча, ошол кырдаалга кириптер болгон Түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр илимий изилдөө борборунун жетекчиси КАЛДАРБЕК АБДРАМАНОВду кепке тарттык
.

– Калдарбек агай, электр энергиясы өчүп калганына карабай жүрөккө жасалып жаткан операцияны кол чырактардын жарыгы менен улап кеткениңиз коомчулукта курч талкуу жаратты. Ошол күнкү окуяны кыскача баяндап өтсөңүз?
– Демейдегидей эле күн болчу. Жүрөккө операция жасап жатканбыз. Негизи, бизде айына бир-эки жолу суунун же электр энергиясынын өчүп калмайы бар. Ошол 8-октябрь күнү электр энергиясыз калабыз деп ойлобоптурмун. Мурда да жарык өчүп, бирок 5-10 мүнөткө жетпей кайра жанган учурлар болгон, андайда атайын аппараттар бир аз убакытка чейин иштеп турчу. Бул жолу аябай эле созулуп кетти. Бейтаптын жүрөгү токтотулган абалда эле, мындайда кан жүгүртүп туруучу аппарат иштеп турат. Электр энергиясы жокто ал аппаратты кол менен иштетип жаттык. 26 мүнөттөн кийин электр энергиясы берилди.

– Бейтапты аман-эсен алып калгандыгыңыз алкоого арзыйт. Бирок операция өкүнүчтүү аяктап калганда эмне болмок?
– Хирург, айрыкча жүрөк хирургу үчүн бейтапты операциядан аман-эсен алып чыгуу маанилүү. Жүрөккө операция жасоодо абдан кылдат болуш керек. Мен негизги жоопкерчилигимди сездим. Бейтапка аман-эсен операция жасап, анын өмүрүн сактасам экен дедим. Силер кыйыткан юридикалык жоопкерчилик негизги жоопкерчилигимден кийин турат. 

– Сиз башкарган борбордогу электр энергия маселесин чечип берүүгө далалат кылгандар чыктыбы?
– Ооба. Интернеттен көрүп алып чет мамлекеттик бир нече ишкерлер жардам беребиз деп жатышат. Латвиялык бир ишкер генератор алып берүүгө даяр экендигин айтты. Кыргыз жигиттери да жардам бере тургандыгын билдиришти. Көбүнчө мага моралдык жактан колдоо көрсөтүп жатышат. Бул да жакшы.

– Айрым кесиптештериңиз жарык өчүп калганда жүрөккө операция жасоо мүмкүн эмес деп жатышат...
– Эми эмне дейм!? Ошол эле мен сыйлаган Эрнст Акрамов баш болгон хирургдар ошондой ойлорду айтып жатышат. Алар биздин ишибиздеги бардык жагдайларды билишет. Жеке мен өзүм кабылган кырдаалды бир да хирургга каалабайт элем. Мени «ушундай жол менен атын чыгаргысы келген» дешти. Мындай жол менен кантип өзүн-өзү жарнамалоого болсун? Адамдар эмне болуп баратабыз?

– Бейтаптын абалы учурда кандай?
– Абалы жакшы. Өзү басып, өзү тамак жеп калды. Жакында үйүнө чыгат.

БАШКА КАРДИОХИРУРГДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Түрдүү ойлорго түрткөн бул окуя боюнча Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий изилдөө институтунун кардиохирургу САМУДИН ШАБЫРАЛИЕВге кайрылганыбызда төмөндөгүдөй оюн билдирди:
– Бейтапка операция жасоодон мурун анын коопсуздугун дарыгер камсыздап бериш керек. Биз Германия же Америка эмеспиз, Кыргызстанда баары болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан альтернативдүү жол катары генераторлорду колдонобуз. Менин практикамда деле мындай кырдаалдар орун алган, бирок электр энергиясы  өчкөндө генератор иштеп баштаган. Шарт болбосо бейтаптын өмүрүн коркунучка салуунун эмне кереги бар?!

Буга катар эле өлкөбүздүн алдыңкы хирургдарынын бири Эрнст Акрамов маалымат каражаттарына КАЛДАРБЕК АБДРАМАНОВ жүктөгөн видео боюнча мындайча оюн билдирген:
– Мындай операцияны жарыксыз жасоого болбойт. Жүрөккө операцияны жасоо үчүн жапжарык болуп турушу керек. Бул деген жараат тигүү эмес да. Балким, ушинтип өздөрүн жарнамалоо аракетин көрүп жатышаттыр? Жеке мен жарыгы жок операция жасалганын тажрыйбамда көргөн да, уккан да эмесмин.

ООРУКАНАНЫ ЖАРЫКСЫЗ КАЛТЫРГАН ИШКАНА «КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕСПИЗ» ДЕЙТ
Оорукана жайгашкан аймакты электр энергиясы менен камсыздаган «Жалал-Абад электр» ишканасы төмөндөкүдөй билдирүү таратты.
«8-октябрь күнү аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу авариялык абалда Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймагы боюнча жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борборунда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, 21 мүнөт ичинде калыбына келтирилген. Аталган борбор Облустук кан тапшыруу борборунун 3-кабатында жайгашкан. Ал имарат «Жалал-Абад электр» ишканасынын балансында турган трансформатордон калк менен кошо электр энергиясын алат. Ошондуктан бул борбор керектөөчүлөрдүн 1-категориясына кирбейт. Буга чейин бир нече жолу аталган борборго «Жалал-Абад электр» ишканасы тарабынан кат аркылуу электр энергия үзгүлтүккө учурабашы үчүн 1-категориянын талаптарына ылайык чараларды аткаруу жөнүндө билдирүү берилген. Ошондуктан катта эскертилгендей, кандайдыр бир авариялык өчүрүү орун алса, борбордун ишине терс таасирин тийгизсе, ага «Жалал-Абад электр» ишканасы жооптуу эмес»,- деп айтылган.

Гезит басууга кетерде бейтаптын апасы Жумагүл Турдалиева байланышып, бизге «Мен үчүн Калдарбек агай баатыр. Эч ким жарык өчүп калат деп күткөн эмес. Кызымды аман алып калганына өмүр бою ыраазы болуп өтөм. Абалы азыр жакшы, кызым бутуна туруп калды» деп билдирди.
Бул окуядан кийин коомчулук дагы бир жолу Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ишинде шалаакылык бар экендигине ынанды. «Өрттөн кийин» актануу кеч. Адам өмүрү баарынан кымбат, андыктан мындай тобокелчилик кайталанбашы үчүн адамдын өмүрү тараза ташына коюлган ооруканаларда жарык өчүрүлбөшү же генераторлор менен камсыз болушу шарт.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg



Кол чырак менен жүрөккө операция жасаган хирург

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  29 
Комментарийлер(77)
20.10.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЗАМАТСЫЗ..коралбастык биздин каныбызга синип калгандай.Ишинизге ийгилик.сизди ушактап айткандардан алыс болунуз.
20.10.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себеп болуп бергенди айтсан.Себеп болуп бериш да оной эмес болсо керек.
20.10.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aлла ыразы болсун, аман эсен чыканына врачтарга рахмат.
20.10.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Врачтын шалаакылыгы дегенге кошулбайм! Вот энергетика десеңер жарашат! Врач азамат экен, коркпой опереция жасаптыр. Жакында айтышат " свет өчсө, генаратор сатып алып жаса" деп. Биринчи толук шартты түзгүлө, анан жоопко тарткыла!
20.10.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнст мырзанын бул созуно тушундум, мен ойлойм бул коро албастыктан чыккан соз,ушундай врачтарга алкыш болсун! Эльвира Сариевага келсек ушул айым акыркы кундору ото жагымдуу создоруду суйлоп калды,мынаны мынтиш керек тигинтиш керек деп эле,
20.10.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
а менин уулум телефондун жарыгында жарык дуйного келген
20.10.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Телефондун жарыгында жашап калабыз кээде свет очкондо, кочодо телефон фонариккке айланат, себеби кочолорубуз карангы, эки чынына келсек эч бир кесип ээси коллегасынын ийгилигин коро албайт, себеби адамбыз, адамдык муноз куноолу буга
20.10.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алкыш сизге агай.
20.10.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ичи тарлар дагы бир алкышка татый турган азаматты артка тартуунун амалын кылып атышат!канчалаган кылмышкерлер жазасыз тайрандап журушот-жоопко тарта бергиле ошолорду каалашынарча!!!Калдарбек агай-кылган эрдигинизге бали!!!Аллах ыраазы болсун.
20.10.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун Калдарбек ага.
20.10.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaldarbek Abdramanovgo DANK!!!
SUPER.KG видео
20.10.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан мыкты киши!! Илимдуу,жонокой! Ушул кишинин кандидатурасын Минздравка койсо болушмак! Кыргыз эли дагы колдошмок....
20.10.2014. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо кудай качан жетишебиз баарына бул эмне деген шумдук адам укса куло турган азаматсыз башка тушсо байтал жорго дегендей эле болуптурда ушундай кырдаалга келген адам билетда кудайколдоп ийгиликтуу болгонуна аябай кубандым жогорудагылар качан жакшы турмушта жашайбыз?
21.10.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
колдоо мооноту отуп кеткен уколдорду сайып 34 адамды олтургондор ошол дарыны ташыган депутат айым жазаланбайт дагы адам омурун сактап калган азаматты жазалайсынарбы калдарбек абдраманов ишинизге ийгилик коро албагандарга наалат
SUPER.KG видео
21.10.2014. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул врачтын да армандары копкооооо.....Окмот жардам бере коргуло.
21.10.2014. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне деген адамсынар ? Адам омурун сактап калган адамды куноологон. Шарт жок жасабайм деп койсо деле болмок озун ойлоп . Адамгерчиликти биринчи орунга койуп , бироонун чырактай кызын, сактап калганы учун жазалайсынарбы??? Ойлонгула Кыргызым!!! Бирин- бири коро албастарга да кенеш берип кетет элем : эч качан бироого жамандык кылбагыла , кайра озундун башына тийет! Эхх кайда баратабыз Кыргызым !!!
21.10.2014. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнст Акрамовдун улуту озбек.
21.10.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуянын аркасында саясат бардай го.
21.10.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бейтаптын ден соолугун ойлогон бир врач чыкса, аны да коро албай жаман кылышыптыр го. Калдарбек ага иштеринизге ийгилик!
21.10.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын окмотуно - эми ушинтип шалаакы ишинер ачык, даана корунуп калгандан кийин, турсийинерди чечип, башынарга кийип алып актансанар да эч ким ишенбейт.
Ар кайсы созду тантырагандын ордуна, тиешелуу адамдарды жоопко тартсанар, бир аз да болсо ылай бетинерди андан да кирдетпей сактап каласынар....
21.10.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALLAH raazy bolsun!
21.10.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай нерсе
биринчи жолу Кыргызстанда болсо керек)
22.10.2014. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MUSU1MAN, Биринчи жолу эмес! Мен операция болгондо да свет очуп калып, шам (свеча) менен операция жасашкан.
21.10.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизгиси адамдын омуру сакталып калыптыр.ишине жоопкерчиликтуу врач экен.Данк!
21.10.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуну кантип реклама кылсын? Жогору жактагылар озунун айыбын жаап жашыра албай кардиохирургду козел отпушения кылып атышатда. Реклама кылган кундо деле масштабдык проблеманы корсотту, бул да озунчо эрдик креслосун ойлобой коркпой жарыялады.Бул проблема Кыргызстандын баардык булун бурчунда бар. Бишкектен башка.Баткендеда обл. Бейтапкананын даарыгерлери генараторго демоорчу издеп жургон эле.Мамлекеттик бейтапкана го жекеменчик эмес.Эстелик местелике болбой акчаны бюджеттен, генараторго болушсо.
21.10.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минздрав ичара жеп койсо кк болунсо деле ошон учун жаап жашырышат.Энергетика мин.гида куноолуу. Буга чеин баары эле билишчу бирок которуп чыккан адам жок болчу.Калдарбек байкеге данк жана эрдик медалын бериш кк!
21.10.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калдарбек агай сизге данк, бир адамдын омурун сактап калдыныз.Адамда коро албастык аябай орчугон.Колдоо корсоткондун ордуна
21.10.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалалабат обул больница мен бул жерди аябай жакшы билем чындыгында коп аппарат жетишсиз жонокой эле мисал ысык суу оорулуларга койкалар жетишпейт айта берсен коп жогору жактагылар креслосун кучактап укташпастан ойгонушуп койгойлуу маселелерди чечишсе
21.10.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiuktuujar, Бишкектеги Республикалык бейтапканада коздун микрохирургия болумуно Барып корунуз Жалал -Абад биякта ле турсун.кроваттары зым дары айрылган союздун убагынан калган кроваттар.Орун док коридорунда кущеткакада жаткандары канча, кезек кутконкондору канча. Атамкем катарактасын операция жасатты 17би же 19 минге. Чыкканча ошол ззымы айрылган кроватта жатты. Кээ бир бейтапканалар ушундай бомждун швртындай шарттары .кулушунду же кайгырышынды билбейсин
24.10.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айрыкча род.домдо ыссык суу болбосо жаман экен, торотторн кийин озун зорго турасын анан муздак сууну кантип кармайсын ысыкта торогондорго анча билинбесе керек мен былтыр чилдеде тородум Сузактын род.домунда ысык суу жок муздак сууга колду зорго чайкайсын. Шаарларда уйдо даже ыссык суу чыгатго бизге хотья ушундай керектуу жерлерге ысык суу берип коюшса болмок, анысы аз келгенсип свет да жок болчу торогонумдо бешенеме жакшы кундузу тородум, баланы таразага тартаарда свет жок деп жаткызып коюшту
21.10.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде врачтардын баары ушул агайдай болсо кана!!!Гиппократтын антын карманган врач ушул агай экен.А тиги акрамов,макрамов дечулор адам омурун сактап калды жакшы иш кылыптыр дештин ордуна тетири оюн айтышып ичи тардык,коро албастыгын корсотушуптур.баатырдык иш кылыптыр адамды ажал оозунан куткарып,ийгилик агайга,ушундай ак журоктор коп болсун!!!
21.10.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ССМ (Саламаттыкты Сактоо Министирлиги) ушул кардиохирургга сыйлык берсе болмок. Он достоен большего.
21.10.2014. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эржурок врач экен азаматсынар. Адам омурун сактап калдынар ,
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: