
– 7 жаштагы сиңдимдин башы жакындан бери сиркелеп жатат. Бат-бат жууйбуз, өзү да таза жүрөт. Таза жүрсө эмнеге биттейт деп санааркап жатам. Бит эмне себептен пайда болот, андан арылуунун жолдору барбы? Биттеп кетүү кандайдыр бир оорунун белгиси эмеспи?
Мээрим, Бишкек шаары
– Бит жугуштуу, андан сырткары иммунитет түшкөндө да пайда болушу мүмкүн. Сиңдиңиз, балким, бирөөлөрдүн тарагы менен чачын тарап же биттеген адамдын баш кийимин кийип жуктуруп алышы ыктымал. Атайын шампундарды, кара май самынын (дегтярное мыло), күкүрт майын (серная мазь) колдонуп көрүңүз. Бирок дарыгерге кайрылууну унутпаңыз. Андан сырткары адам өзүн дайыма таза алып жүрүүсү керек. Жаткан жерди, кийим-кечени, таракты таза кармоо абзел.
Сиздердин сурооңуздарга врач-дерматолог, косметолог АЙНУРА САГЫНБАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Жибек Мурсакматова
kenesh@super.kg
Гребень Nit Free деп издеп коргуло.