
– Мындан 1 жыл мурун кошунам кызуу абалында машинесин айдап биздин дубалды сүзүп алган болчу. Натыйжада дубалдын жарымы кулап калган. 1 жыл эч нерсе дебей келдик. Өзү билип төлөп берер ою жок. Эми мыйзам чегинде чечүүнү туура көрдүм. Бул иш боюнча укук коргоо органдарына кайрылсам болобу, же жөнөкөй иш деп карабай коюшабы?
Жоробай, Ысык-Ата району
– Жашаган жериңиз боюнча (шаардык, райондук, облустук) сотко «зыян келтирген мүлктүн ордун толуктоо» боюнча доо арыз жазыңыз. Арызга кошунаңыздын күнөөсүн далилдей турган (дубалдын сүрөтү, күбөлөрдүн көрсөтмөсү, мүлктү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдын баасы) документтерди кошо тиркешиңиз зарыл. Талап кылуу арызы менен 3 жылга чейин кайрылсаңыз болот.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
Оа ошондой номери керек эмеспии????)))
Ошол кичине нерсени оздору эле кылып коюшпайбыыыы
андан кайтпаса Аллах тааладан кайтышын унутпа
Макаланын төмөн жагында жазылгандай, kenesh@super.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.
мындай кичине нерсеге баш оорутбайм мен.сотту аралаштырбай оз ара эле чечип ала турган нерсего!?