
– Менин колдорумдун кан тамырлары дайыма көгөрүп чыгып турат. Бул оору эмеспи? Кетирсе болобу?
Жыпара, 26 жашта, Ош
-Денедеги көк кан тамырлар – вена кан тамырлары деп аталат. Адатта колдогу веналар оор жумуш кылганда чыгып калат. Бирок андай кан тамырлар оор жумуш жасабаган учурда деле дайыма көгөрүп чыгып турса, анда адамдын табиятынан, терисинин жукалыгынан деп эсептөө керек. Оору эмес жана колдогу веналарда варикоз болбойт.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси ТААЛАЙБЕК БАЙСЕКЕЕВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.