
– Балам 3-класста окуйт. Жакында ооруганынан доктурга алып барсак колит деп диагноз коюп, дарылоону сунушташты. Кантип дарылашат?
Жигитаалы, 37 жашта, Жалал-Абад
-Колит бул – жоон ичегинин сезгениши. Белгилери: баланын арыктап кетиши, дене табынын көтөрүлүшү, шалдырап, ичинин бат-баттан өтүшү (1 суткада 15 жолкуга чейин). Заңы көбүрүп, жашыл тартып турат, кээде кан аралаш чыгат. Оорулууга антибактериалдык дарылар, витаминдер топтому, анан ичегинин микрофлорасын калыпка келтирүүчү дары-дармектер чектелет.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун» балдар дарыгери ТАМАРА ОМУРАЛИЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg