
– Бала жөтөлгөндө көпчүлүгүбүз, анын ичинде мен да дарыканадан дарыларды алып бере беребиз. Ушинтип балабызга зыян келтирип алуубуз мүмкүнбү?
Даяна, 35 жашта, Бишкек
-Дарыны дарыканадан алып бере берүүгө болбойт. Анткени жөтөлдүн түрлөрү жана аларды айыктыруучу өзүнүн дарылары болот. Аны сиздер билбей туруп колдонуп, мүмкүн, балдарыңыздардын абалын оорлотуп жатасыздар.
Кургак жөтөл болсо жөтөлдү басуучу, ал эми какырык коштолгон жөтөл болсо, жөтөлдү күчөтүү менен какырыкты жумшартып чыгаруучу дары сунушталат. Аны канча өлчөмдө канча маал берүүнү педиатр баланы текшергенден кийин жазып берет.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун» балдар дарыгери ТАМАРА ОМУРАЛИЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
Сурооңузга жооп алып бергенге аракет кылабыз. Дагы ушул сыяктуу суроолоруңуз болсо kenesh@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтсөңүз.