
– Биз жашаган көп кабаттуу үйдүн чатыры тешилип калган. Менин үйүм жогорку кабатта болгондуктан, өткөн тамчыдан улам бөлмөлөрдүн дубалдары саргарып, шыптары көчүп жатат. Кимге кайрылышым керек? Мамлекет тарабынан үйүмдү оңдоп-түзөгөнгө жардам көрсөтүлөбү?
Мээрим, Жалал-Абад шаары
–Биринчи кезекте сиздин үйүңүз оңдоо иштерин жүргүзүп, техникалык кызмат көрсөтүп жаткан кайсы уюмдун балансында экенин тактап алууңуз зарыл. Андан соң аларга арыз менен кайрылыңыз. Эгер чындыгында сиздин үйүңүздө ошондой жагдай түзүлүп жаткан болсо, алар оңдоп берүүгө тийиш.
Суроолорго КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана шаарды өнүктүрүү агенттигинин башкы адиси ЧЫҢГЫЗ КУБАТБЕКОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.