Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Марат Жанталиев, актёр: «ЖУБАЙЫМ ЭКӨӨБҮЗ БИР ЖУМАДАЙ СҮЙЛӨШҮП ЭЛЕ ҮЙЛӨНҮП АЛГАНБЫЗ»

№628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж


«Артисттин аялына медаль тагыш керек» деп артисттер өздөрү айтып калышат эмеспи. Бүгүнкү коногубуз айтылуу Бопуш деген каймана аты менен таанымал актёр Марат Жанталиев болмокчу. Өмүрлүк жубайы Асел Дооронбаева менен түтүн булатканына 24 жылдын жүзү болуптур. Маек учурунда медаль тагууга татыктуу эле жеңебиз бар экенине ынандык.

– Марат мырза, Асел айым, турмуштук тажрыйбаңыздарга таянып үй-бүлөнү сактоо сырлары менен бөлүшө кетсеңиздер?
Марат:
– Жаш үй-бүлөлөр менен бөлүшө турган көп эле кеңештерибиз бар. Азыркы жаштар сүйдүм-күйдүм деп эле үйлөнүп, кайра ажырашып жатышпайбы. Мен тойлорго көп барам, ошондо «бири-бириңерди түшүнүшүп жашагыла» деген каалоо-тилектер көп айтылат. Мен да ушул сөздү айтар элем, түгөйлөр бири-бирин түшүнүп жашабаса, бактылуу үй-бүлө кура алышпайт. «Мен кыйын, сен кыйын» деп тирешип турушса ынтымак-ырк кетпейби. Чогуу жашагандан кийин казан-аяк кагышпай койбойт, талашып-тартышып экөө бир чечимге келсе, мына ошону түшүнүү деп эсептейм.

– Чейрек кылым чогуу жашап койгон түгөйлөр кантип табышып калды экен?
М.: –
Москвадагы кинематографисттердин институтун бүтүп келгенден кийин үйдөгүлөрдүн үйлөн дегенине болбой, «актёрдун окуусун бекер окуптурмунбу, иштешим керек» деп бир топ жыл иштеп жүрдүм. Иштеп жүрө берип карасам эле жашым отузга жакындап калыптыр. Биздин киностудияда айдоочу болуп ыраматылык кайнагам иштечү, ошол аркылуу Асел менен таанышып калдым. Алгач досторум менен бапырап-тапырап үйүнө барганда куурчактай созулган кыз чай сунуп жаткан. Ошол кыз жубайым Асел экен. Ага чейин бир топ кызды сындан өткөрүп, эч кимди жактырбай калган кезим. Досторум муну жактырып, «алсаң ушул кызды аласың, албасаң, Макетай, өл» дешти. Анан макул деп эле Аселди алып калдым (күлүп).

– Жигит болуп жандаганга убакыт болдубу?
М.:
– Бир жумадан ашык сүйлөштүк да, үйлөнүп алдык. Ал кезде сүйүү жөнүндө айтуу уят болчу. Бир жолу досум экөөбүз Асел менен жолугушууга Кемин шаарына барып калдык. Анда бул Кеминдеги орус тилдүү гезитте журналист болуп иштеп жүргөн. Ага «Балыкчыдан келе жаттык эле» деп алдап койгонбуз. Сүйлөшүп отурганда досум «Балыкчыда аба ырайы аябай жакшы деп жатышат го» деп жиберсе болобу, калпыбызды чыгарып, аны ийиним менен түрткүлөп «эй, биз Балыкчыдан келе жатабыз» деп оозун жаптым.
Ошол жолугушууда кафеге кирип тамак-аш алып бергенбиз. Бирок жеңеңер азыркыга чейин «мага ошондо бир да шампанский алып берген эмессиң» деп айтып жүрөт, кашайып кафеде шампанский калбай калса эмне кылайын.

Асел: – Мен Маратты алгач көргөндө анчейин көңүл бөлбөптүрмүн. Кыргыз киносунун деле ашыккан күйөрманы эмес элем, кандай артисттер бар экенин деле билчү эмесмин. Марат тоодо өсүп-чоңойгону менен, интеллектуалдык деңгээли бийик, билими күчтүү жигит сезилди. Негедир мен ошол нерсесине кызыгып кеттим.

– Марат мырза, жубайыңызга чейин көп эле кыздарды сындан өткөрдүм дедиңиз, ошолордун арасынан Асел айым кантип сиздин көңүлүңүзгө төп келди?
М.:
– Ал кезде жеңеңердин азыркыдай мүнөзү жок, мөлтүрөп эле чай сунуп жатса мени жыргатат дедим да. Кайненеси жакындан бери эле «Аселичка» деп калды, болбосо «ай, орус келин» деп чакырчу. Асел Кара-Балта шаарында өсүп-чоңойгон, орус мектепти, университетте да орус филологиясын бүтүрдү. Мүнөзү да орус кыял болчу. Калп айтканды азыркыга чейин такыр үйрөтө албай койдум. Мен кээде бирөө бирдеме сураса жок деп койсом, бул бар деп калпымды чыгарып коёт. Илгери орустардын «Маяк» деген радиосун аябай укчубуз. Атам басып баратып кыргызча радиого бурап койсо, Асел өтүп баратып орусча радиого коюп койчу. Ошентип экөө радио талаша беришчү.

– Асел айым, Марат мырза сизге үйлөнүп жатканда кандай убадаларды берген, аларды аткарып жатабы?
М.:
– Мен үйлөнүп жатканда эч кандай убада берген эмесмин, ошого кубанам (күлүп).
А.: – Ооба, убада берген эмес, бирок аталык, күйөөлүк милдетин мыкты аткарып келет. Мен Маратка «сага миллиондорду коротуп атактуу кылган демөөрчүң боло албасам да, балдарды карап үйдө отурганым, сенин чыгармачылыгыңа жолтоо болбогонум менин жардамым болду» деп айтып калам. Мен муну курмандык деп эсептебейм, бул менин энелик, жубайлык милдетим. Сахнадагы, кинодогу өнөктөштөрүнөн кызганып жаман айткан жокмун, такыр кызганбайм. Тескерисинче, кечигип баратса «байкушум съёмкада жүрсө керек, чалып тынчын албайынчы» деп чалбай койчумун.
Жаңы үйлөнгөндө театрга тез-тезден барчумун, кесиптештеринин баары мени таанып калышкан. Тойго барсам да «бул Бопуштун аялы» деп тааныштырышат. Биздин үй 10-15 жылдай артисттердин «вокзалы» болуп турду, анткени өнөр адамдары абдан көп келчү. Ушул кезге чейин Марат алып берем дегенин алып берип, айтканын аткарып эле келе жатат.
М.: – Асмандагы жылдызды эле алып бере элекмин, калганынын баарын эле алдың, ээ...

– Марат мырзанын сахнада, экранда кандай экенин билебиз, ал эми үйдө кандай кожоюн?
А.:
– Үй-бүлөсүнө камкор, баласаак. «Боз салкында» тартылып жүргөнүндө балдарын сагынганынан улуу балам менен кызымды атасына салып жибергем. Алар атасы менен жүрүп тасмага да тартылып келишиптир.
Маратты мен аарыга салыштырат элем. Аарыдай иштеп, тапкан-ташканын үйгө алып келет. Өмүр бою эле ушунун тапканы менен 3 балабызды багып отурабыз. Кээде Маратка суктанып кетем, жакшы көргөн жумушунан ырахат алып иштейт. Менде ошондой мүмкүнчүлүк болбоптур. Турмушка чыккандан кийин кесибим менен иштеген жокмун, учурда бала бакчада тарбиячы болуп иштейм.

– Балдарды тарбиялоодо кимдин ролу чоң?
А.:
– Мына, кечээ күнү эле балдардын айынан экөөбүз урушуп кеттик. Улуу балабыз Адилет үйгө аябай кеч келди. Маратка «урушпайсыңбы, уул баланы атасы катуу кармаш керек» десем бул үн катпайт. Өзүңдүн милдетиңди мага жүктөп жатасың деп уруштум.
М.: – Мен балдарга кол көтөрмөк түгүл, катуу сүйлөй албайм. Бизди да атам ошентип чоңойткон. Апасы педагог да, тарбиялай берсин.

– Бири-бириңиздерге жасаган эң жагымдуу сюрприз эмне болгон?
А.:
– Жаш кезде романтиканы жакшы көрчүмүн. Марат гезит-журнал окуп отурса, «гезит окубай, мени менен сүйлөшүп отурчу» дээр элем. Бир жолу туулган күнүмө кийим үтүктөөчү стол алып берем деп мени аябай таарынткан.
М.: – Асел мага сюрприз кылам дегендегиси болуш керек, бир күнү чачын сарыга боётуп келиптир. Көзүмө ушундай өөн учурады дейсиң. Сүйлөшпөй, ары карап жатып алгам. Эртеси кайра карага боётуп келди. Мага ушунусу жакшы сюрприз болгон.

«Бопушту сахнадагы өнөктөштөрүнөн кызганбайм, тескерисинче, баары менен курбу болуп алгам».


"Жубайым менен бир жума эле сүйлөшүп үйлөнгөнбүз" дейт Марат Жанталиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
15.11.2014. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ынтымыктуу уй булоо экен,мындын ары да бактылуу болунуздар.
.
SUPER.KG видео
15.11.2014. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булолук бакыт каалайм чыгармачылыгыныз оркундой берсин Бопуш!!!
SUPER.KG видео
15.11.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Агай бактылуу болунуз!сонун уй-булоо экен.кызыгы агай мамалекеттик сыйлыктарды алды бекен?анткени коп болду таанымал болгонуна эстештиби деген ой.
SUPER.KG видео
16.11.2014. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu bolushsun soonun jan serikter eken
17.11.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сакиш Бопуш экоо аял куйоосу деп ойлочумун.
17.11.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун маек болуптур, жаап жашырып жасалмалабай, "от души" жооп беришиптир го.
SUPER.KG видео
17.11.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун маек болуптур
17.11.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун,маанайды которо турган маек беришиптир.озгочо "эртеси кайра карага боетуп келди,мага ушунусу жакшы сюрприз болгон"дегени жакты.тен аарып,тен каарыныздар.
17.11.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага кобуроок жаккан маеги кийим утуктоочу стол аперем дегени жакты
17.11.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бопуш байке мага абдан жагат.
Кинодо рольдордун майын чыгара аткарат го.кинодо эле эмес ,уйбулоосуно да карамдуу жакшы киши экен,абдан сыйлап калдым.бактылуу болунуздар.узун омур берсин кудайым.
SUPER.KG видео
17.11.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bopush baikeni oilopturmun da Sakish ejenin kuoosu dep.
18.11.2014. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маанайды которо турган маек болуптур бар болунуз Бопуш байке уй-булоонуз менен,ишинизге ийгилик негизи мыкты актёрсуз!!!
18.11.2014. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzygyp jurdum ele akyry taptym kenen malymat.
SUPER.KG видео
19.11.2014. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жакшы
20.11.2014. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек куруп беришиптир. Карап отуруп суктанып ушундай уй-було курсам деп тиленип кеттим жараткандан. Уй-блуолук бакыт уул-кыздарыныздардын сый урматын корунуздор.
20.11.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакиш Бобуш деп озунун турмуштагы атын анча деле эл билбесе керек,бактылуу жубайлар экен баарына аллахым ушундай бактылуулук берсин
21.11.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayalı abdan tushunuktuu eken
SUPER.KG видео
22.11.2014. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча аз убакытка болгон маек. Озу ушул кыз жакшы маек тузгонду билбейт. Сонун жубайлар экен. Мен сыйлаган актер! Чыныгы таланттуу актер десем жанылышпайм. Талантынызга таазим агай! Коп жашаныз.
SUPER.KG видео
29.11.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы актёр кудул Марат байке дагы жакшы ролдорду жаратып кыргыз елине кулку жаратып журо бериниз
SUPER.KG видео
30.11.2014. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу маек болуптур
SUPER.KG видео
17.02.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корунуп эле турбайбы жубайы орус муноз,токтоо таза жан экени.Марат байке ойнотуп эле койсо керек аны тамашасы менен.Мага да жакты бул уй-булоо,ырыскыдан кем болушпасын.Бой которуп,мактанбаган жонокой,чыныгы адамдар экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: