
– Үй-бүлөм менен барак тибиндеги үйгө батирге кирген болчумун. Кожоюн Орусияга кеткен боюнча келген жок. Арадан 10 жыл убакыт өттү. Үйдүн коммуналдык төлөмдөрүн, салыгын толугу менен төлөп жатам. 10 жыл салыгын төлөсөм, үй мага автоматтык түрдө өтүп кетеби? Кандай документ даярдашым керек?
Аскар, Бишкек шаары
–Жарандык кодекстин 265-беренесине ылайык, мүлктүн ээси болбогон учурда ачык жана өзүнүн мүлкүндөй татыктуу карап, 15 жыл ээлик кылган жаран же юридикалык тарап мүлккө ээлик кылуу укугун алат. Андыктан 15 жыл ээлик кылганыңызды тактап, сотко кайрылуу менен юридикалык фактыны каттатып коюу керек. Негизи, светке, сууга, таштандыга төгүлгөн квитанцияларды чогултуу зарыл, себеби алар ээлик кылган убакытты тактоого керек болот.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg
сиздин нигинизге да 10 жыл болоюн деп калыптыр, колдонбойт да экенсиз бироо менчиктештирип албасын ))))
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!