17-ноябрь күнү Спорт Ордосунун артында Анжеликанын машинасынын айнегин сындырып, буюмдарын уурдап кетишкен. Анжелика машинасын токтотуп, Нурлан Насипти концерти менен куттуктап чыккычакты эле ушул окуяга туш болгонун айтат. Ырчы дароо милиция кызматкерлерине чалган.
“Менин 3 жылдан бери алмаштырбай айдап жүргөн машинамдын терезесин талкалашыптыр. Ичинде сумкада телефон, косметика, майда-чүйдөлөрүм бар болчу. Ошондой эле чет жактан алып келген чач жасалгалоочу шаймандарымды да көтөрүп кетишиптир. Жакындарым “душманыӊ жасады” деп жатышат. Менимче, муну душмандар эмес, уурулар жасаган. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери эч кандай илинчек таба алышкан жок. Атүгүл бармак издери да калбаптыр. Ошондуктан арыз деле жазбадым,- дейт кейиген ырчы.
star@super.kg
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/article/?article=17869
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүлөт. Сын-пикирлер же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек!
Саламатсызбы! Инстаграм тууралуу бул жакта маалымат бар, шилтеме: http://www.super.kg/article/?article=27249. Мындан башка суроолоруңуз болсо, колдонуучуга купуя кат менен кайрылыңыз.