«2009-жылдын супер спортчусу» наамынын ээси футболчу Азамат Байматовдун жашоосу учурда бир калыпка салынып, өзү айтмакчы «план боюнча кетип бара жатат». Дегенибиз, Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарына олимпиадалык курама команданын лидери катары барып келди. Декабрда болсо футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы менен Кытай курама командасынын ортосунда болчу беттешке даярдануу үчүн Таиландга жөнөп жатат.
Ал эми жеке жашоосунда да жакшы жаңылыктары бар өңдүү. Азаматтын акыркы учурда интернеттеги өздүк баракчасына байма-бай киргизген сүрөттөрүнөн, жазган сөздөрүнөн жаңы сүйүүсүн тапканбы деп ойлодук. Айткандай эле футболчу учурда бактылуу экенин билдирди. «Жубайым менен жарым жылдай жашап, ажырашып кеткеним мага сабак болду. Ал кызды өзүм тандагам, эч кимди күнөөлөбөйм. Үй-бүлөлүү досторумду көрүп мен дагы ата болоюн, сүйүнүчүмдү жакындарым менен бөлүшүп той берейин дегем, бирок ортодо уруш-талаш, түшүнбөстүктөр көп болуп кетти... Мындай окуядан кийин эл көзүнөн, сөзүнөн качып калгам. Эми баары жакшы, мени бактылуу кылчу сүйүүмө жолуктум. Сүйлөшкөн кызымдан мурунку жубайымдан, буга чейин достошкон кыздардан таппаган жылуулукту таптым. Мен эмнени туура деп эсептесем дайыма колдойт»,- дейт спортчу жигит.
star@super.kg
Сөзүм оозуман түшүп калды.
Макаланы окуп бүткүчө оо "илгери" медиа порталдагы илинге видеосу көз алдыма тартылды. Бактылуулар эле…
Сизди түшүнүп турам, бир тууганыңызга жан тартып, күйүп бышканыңыз үчүн.
ХХХ ХХХ ХХХ
Сиздин оюңузду бул сайттагылар окуп күбө болду, бирок сиңдиңиз өзүда ушундай жол м.н интервью берип Азамат да Айжандан жообун алсын.
Эркектин оозунан мындай сөздөр чыгып жаткан
...чыгып жаткандан кийин, кыздын намысын тепселеп кеткени аз келгенсип артынан ушак сүйлөгөн ЭРКЕК жооптуу түрдө сүйлөгөн сөздөрү үчүн жооп берсин.
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
Озунун башындагы тоону корбой, бироонун башындагы чопту корот, деген макал бар, ал деген озундо тоодой проблемалар бар болсо да, бироонун бир тал чобун коросун деген да
Эскертүү! Далили жок билдирүү жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!