БИР БҮРКҮМ
№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
-

Казанда өткөн «Turkvizyon-2014» эл аралык сынагында
«NON-STOP» дуэти 4-орунду ээледи.
-
ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ «Үмүт», «Бир бол кыргыз», «18 жаш» деген жаңы ырларды жаздырып, жакында концерт берем деп жүрөт.
-
Эки кызды тарбиялап келаткан ырчы БЕГИМАЙ КАРАБАЕВА биротоло Бишкекке көчүп келип, «эми чыгармачылыкка катуу киришем» деп турган чагы.
-
Куудул БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ «Оо, жаным», «Жубайың болоюн» дуэттерин жаздырып, клип тартууга киришти.
-
Актёр, режиссёр МУРАТ МАМБЕТОВ «Чак түштө түшкөн чагылган» аттуу сериалын көрөрмандарга тартуулаганы турат.
-
ДАНИЯР ЭРМАТОВ 21-ноябрда казакстандык кесиптештери Кайсар Кукишов менен Алишер Балтаевдин концертине барып катышып келди.
-
ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВА обону Муратбек Бегалиевге, сөзү Анатай Өмүркановго таандык «Мекеним Кыргызстан» деген ыр жаздырып, учурда клип тарттырууда.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/?article=20231 ушул шилтеме менен кириңиз.
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат! Тийиштүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.