Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алмазбек Атамбаев: “МЫРЗАКМАТОВ БОЮНЧА ИНТЕРНЕТТЕН ОКУП, ЭМИ МУНУ ДА МЕНДЕН КӨРҮШӨТ ДЕП КЫЖАЛАТ БОЛДУМ”

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж


1-декабрь күнү Алмазбек Атамбаевдин мамлекет башчысы катары кызматка киришкенине 3 жыл болду. Буга байланыштуу өлкө башчысы ишинин жыйынтыктары жана келечек пландары тууралуу маек берди. Биз анын урунттуу учурларына токтолдук.

“ГАЗ СУРАП КОӉШУ ӨЛКӨГӨ ЧУРКАЙ БЕРБЕЙ, МАСЕЛЕНИ БИРОТОЛО ЧЕЧИШ КЕРЕК”
– Кудай буюрса, кыштан аман-эсен чыгабыз. Электр энергиясынын маселеси боюнча Казакстан менен сүйлөшүлүп, чечилди. Тиешелүү акча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин эсебине которулду.
Ошто газдын өчүрүлүп калганы дагы бир маселе болду. Акыркы айлар ичинде бул маселени чечүү боюнча катуу иштеп жатабыз. Учурда 2 жолун таптык. Биринчиси – Кызыл-Кыянын жанында көмүрдөн синтетикалык газ өндүрүү боюнча завод куралы деп чечтик. Буга инвестор да табылды, декабрдын ортосуна чейин Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен инвестордун ортосунда келишимге кол коюлат. Экинчи жолу – "Баткеннефтегаз" ишканасы Баткенден газ резервдерин тапты. Ал өлкөнүн түштүгүн 5-10 жыл газ менен камсыз кылууга жетет экен. Бул боюнча "Газпромго" да кайрылдык.
Соӊку 20 жылдын ичинде коӊшу өлкө тарабынан биринчи жолу газ өчүрмөй, жолду жапмай болуп отурган жери жок. Көп жолу эле болгон. Андайда биздин чоӊдор чуркап барып, туура эмес келишимдерге кол коюп берип келишкен. 2001-жылы да, 2008-жылы да Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр жооп бербеген келишимдерге кол коюлуптур. Кыргыздын бийлиги жалдырап күздөн баштап 31-декабрга чейин “газ береби-жокпу?” деп Ташкентте жүрчү. Бул жолу дагы газ өчүрүлгөндө кыргыздын премьери, президенти чуркап келишет деп ойлошту. Жыл сайын чуркап отурбай, бул маселени түп-тамырынан чечип, өзүбүз башка булак табышыбыз керек. Кандайдыр бир мамлекет менен башка бир талаштар болсо, ошол эле убакта ошол мамлекетке көз каранды болсоӊ, жаман бүтөт экен да. Мындан ары мындай болбойт. Кыргызстан бутуна туруп, коӊшулар менен теӊ ата сүйлөшөт.

БАЖЫ БИРИМДИГИ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН
– Бул кадамга 3 жылдан бери даярданып жатабыз. Өткөн жылы декабрда Москвага барсак, "Кыргызстандын Евразиялык биримдикке кире турган жол картасы даяр, кол коёбуз" дегенде мен "мындай шарттар менен кирбейбиз" деп айткам. Эми биз койгон шарттар менен кирип жатабыз. Айрымдар "биримдикке кирсек реэкспорт кыла албай калабыз" деп жатышат. Кирбесек да кыла албай калабыз, андан да жаман болгону турат. Сый менен кирип алганыбыз туура.
Ошол эле Бажы биримдиги эми Евразиялык экономикалык биримдик болот, ага кирбесек, азыр алып жаткан бензиндин ар бир тоннасы дароо 300 долларга кымбаттайт. "Кытайдан келген товарды сатып жан багып жатабыз" деп жатышпайбы, аны эч жакка чыгара албай калабыз. Казакстанда, Орусияда жашап иштеп жаткан биздин 500 миӊдей кыз-жигитибиз кадимкидей ошол жергиликтүү орус менен казактай эле болуп, өзүн адам катары сезип калат да. Ал эми буга каршы болуп жаткандар – бизге жакшылык каалабаган күчтөр.

“ЭЛ КЕЛЕЧЕГИН ОЙЛОП, 500 СОМГО АЛДАНБАЙ ДОБУШ БЕРИШИ КЕРЕК”
– 2007-жылы өткөн шайлоодо участкалык комиссия же бийлик өзү "бул партия мынча алды, тиги партия тигинче алды" деп жазып койгон. Ошол эле комиссиялар урналарга керектүү бюллетендерди салып коюшчу. Ушул маселени жок кылыш үчүн бул жолу биометрикалык шайлоо кылалы деп жатабыз. Ар бир адам бюллетень алыш үчүн компьютерге өз бармагын басат. Эгерде бармагынын изин бере албаса, анда бюллетень ала албайт. Ошондуктан кошумча бюллетендер болбойт. Бул шайлоого абдан күчтүү партиялар биригип туруп катышканы турат. Участкаларга ар бир партиялардын өкүлдөрү отурат, катуу көзөмөл болот.
Эл өзүнүн келечегин ойлошу керек. Бир бөтөлкө аракка же 500 сомго алданып калбай, добушун ойлонуп туруп бериш керек.

“ЖАГАБЫ-ЖАКПАЙБЫ, МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРГЕ БААРЫ БИР КИРИШЕ БЕРЕМ”
– Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн деп, өз жанымды багып жыргап жүрө берсем деле болмок. Бирок эл кийин баары бир менден сурайт. Жыл сайын өкмөт алмашып жатса, депутаттардын кээ бирлеринин деӊгээлин көрүп жатабыз, парламент дагы жаӊы бутка туруп баратса, мен четте жыргап отурсам эчтекеге кабатыр болбой, анда акыбал өтө эле кыйын болмок. “Бул өкмөттүн иши да, эмне киришип жатат, же эмне үчүн парламентке мындай сөздөрдү айтып жатат?” деши мүмкүн мага айрымдар. Бул маселелерге айла жоктон киришип жатам. Ошол эле энергетикага киришпесем, жарык азыр өчүп турмак. Жагабы-жакпайбы, мына үч жыл калды, мен мамлекет үчүн керектүү маселеге өзүмдүн укугумдун чегинде, Конституцияны бузбастан баары бир кирише берем.

“КАЧАН МАГА КЕЗЕК КЕЛЕТ ДЕП ҮРПӨЙҮП КҮТКӨНДӨР КӨП”
– “Качан мага кезек келет?” деп үрпөйүп күткөндөр көп. Саясатка барам деген жаран таптаза болушу керек. Мен деле 15 жыл оппозицияда жүрдүм. Акаевдин бийлиги да, Бакиевдин бийлиги да канча издегени менен, мага каршы эч нерсе таппай койду, анткени эч нерсе жок болчу. Азыр бирөөгө карата кылмыш иши козголсо эле дароо ооруп калууда. Же “бул бийликтин мага каршы уюштуруп жаткан иши” деп кыйкырып чыгууда. Менин бирөөнү аӊдыгандан башка кылар ишим жокпу?
Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголгонун интернеттен окуп алып, чынын айтайын, кыжалат болдум, “эми муну да менден көрүшөт экен” деп. Бирок депутат болобу же мэр болобу, өзүн пайгамбар же хан катары көрүп, кылыктарды кылса, эртели-кеч ал чыгат. Кандай кыйкырык, кандай ушак болбосун, коррупция менен күрөш мындан ары да улана берет. Башка жолубуз жок. Кыргызстанды мамлекет катары чиритип жаткан илдеттердин бири – бул коррупция. Муну менен күрөшүүнү токтотпош керек.


“КУМТӨРдөгү” ӨЗ АКЦИЯЛАРЫБЫЗДЫ КОЛДОНУУ УКУГУНАН АЙРЫЛГАНЫ ТУРАБЫЗ”
– Өткөн жылы эле бул маселени чечип, орток ишкана түзгөндө, канадалыктар биздин акцияларды камакка алмак эмес. Быйыл болсо биздин акциялардын бөлүктөрүнө канадалыктар тарабынан жыл башында бир жолу арест салынды, мына азыр экинчи жолкусу. Биринчисин алдырсак, эми экинчи фирма биздин акцияларга арест койдуруп жатат. Минтип отурса, бул өӊдүү аракеттер адат болуп, өзүбүздүн колубуздагы 33 пайыздык акцияларды пайдалануу укугубуздан айрылганы турабыз.
Былтыр популизмди азайтып, парламент Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн колдоп койгондо, бул маселе чечилип калмак. Азыр 50 пайызы Кыргызстанда боло турган мүмкүнчүлүктөн да ажыраганы турабыз. Ошондуктан бул маселени тез арада өкмөт менен парламент чечиш керек. Төө кушка окшоп башыбызды катып отурсак, такыр эле талаада калганы турабыз. Жок дегенде бир чечимге келиш керек.



“ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТҮМДҮ УЗАРТЫП АЛАЙЫН ДЕГЕН ОЮМ ЖОК”
– Сот реформасын анча жакшы жүргүзө албай жатабыз. Такыр эле болбой баратса, мүмкүн, чын эле Конституциянын айрым беренелерин карайбыз. Мен аны, Конституциянын атасы деп коёбуз го, Өмүрбек Чиркешович Текебаев менен дагы сүйлөшкөм. Акыркы жолу кеӊешмеде колдон келишинче мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен башка бир жолун тапсак деп айттым. Конституцияга тийбей турганыбыз жакшы.
Менин президенттик мөөнөтүмдүн бүтүшүнө үч жыл калды. Өз жаныӊды бакпай, туугандарыӊды, чөнтөгүӊдү ойлобой, Кыргызстан үчүн иштейм десеӊ президент болуп иштеш өтө кыйын. Күнү-түнү мамлекет деп жашаш керек. Алты жылда жакшы иштерди бүтүрүп берип кетсем, мага ошол эле жетишет. Мөөнөтүмдү узартып алайын деген оюм жок. Үч жылдан кийин элибиз татыктуу президентин шайлап алат деп ойлоп турам.

“КЫРГЫЗСТАН КЕДЕЙ МАМЛЕКЕТ ЭМЕС”
– "Кедей мамлекетпиз" дей беребиз. Элибиз да, маалымат каражаттары да байкабай калышты, бирок быйыл расмий түрдө Кыргызстан кедей мамлекеттердин тизмесинен чыгарылды. Кыргызстан кедей мамлекет эмес.
Кыйынчылыктар болот. Бирок биз кыйынчылыктардан кантип чыгабыз, кайда барабыз, жакшы билебиз. Ошол эле энергетикада эгемендик болуш керек, каражатта эгемендик болуш керек. Чыныгы эгемендикке жетиш үчүн эмнелерди жасаш керек, аларды Улуттук стратегияда Жол картасына жазып алганбыз. Кыргызстандын 25 жылына, 2016-жылга чейин бир топ олуттуу маселелер чечилет. Мамлекетибизди сактап калбасак, баасын түшүнбөсөк, бизди Кудай урат. Тынччылык болсо, аманчылык болсо, элибизде ынтымак болсо, Кыргызстандын келечеги кеӊ.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(114)
08.12.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Евразия биримдиги бул кремльдин гана жеке кызыкчылыгы учун тузулгон азыр бажы биримдигине мучо болгон Казахстан менен Белоруссияны дагы коруп атабыз эч кандай жыргап кетишпеди наоборот зыянын коп тартып атышат.. Алар даже бул уюмдан мыйзамдуу турдо чыгып кетуунун жолдорун издеп атышат.. азыр бизде элге туура эмес маалыматтарды беришип элдин башын айлантып коюшту эртен союзга кирип кыйынчылыктарын тарта баштаганыбызда 10 сомдук нанды 20 сомго сатып алып жей баштаганыбызда гана тушунобуз.
08.12.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ак болсонуз эч качан актаныштын кереги жок убакты сааты келгенде билип алышат
08.12.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Даа. АША шайлоого жакын актана баштаган го.
08.12.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эх алмазбек алмазбек ажыга барып келипсин ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ озубуздун свет озубузго жетпесе озубуздун алтынга озубуз ээ боло албасак озубуздун суубуз озубузго буйрубаса. анда сени президент деп ким айтат.. акаев менен бакиевти качып журот дейсин президент болгондон кийин ошол экону тутуп келбейсинби? кайда колунан эч нерсе келбейт.. себеби алар сени тоготпойт.. сен алардын алдында президент эмессин. кана 3 жыл калды жакшы иштеп койчу
Модератор admin_media түзөттү 08.12.2014 17:48
08.12.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бир эле мисал.бакиев бишкекте кочолорун пешком без телехранитель кыдырып журчу кочонун тазалыгын элдин турмушун коройун деп.ошону ойлоп корчу эмне учун ал президент болуп туруп кочодо телехранители жок журду?себеби аны эл шайлаган президент жана оз элине ишенген учун кочодо коркпой жургон эл менен суйлошуп элдин акыбалын сурап.аа сен ошондой кылып элдин акыбалын сурап кочого чыгып элдин пикирин укпайсынбы.жок сен без тел-тель кочого чыгыштан коркосун.себеби элге ишенбейсин коркосун.
Модератор admin_media түзөттү 08.12.2014 17:48
08.12.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
alai1987,
Далили жок билдирүү жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү, дагы кайталанса сайттан убактылуу четтетүүгө аргасыз болобуз.
Модератор admin_media түзөттү 08.12.2014 17:50
09.12.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
alai1987, 100% кошулам сизге АША бизди жыргатпайт
09.12.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бакиевдин кочодо жургонун оз козун менен коргондой айтыпсынго.Ошол сен ишенген Бакиевчилер Кыргызстанды эмне кылганын билесинби.еще без телехранитель журуптурбу.Анда жугуруп барып саламдашыпта койсон керек.
08.12.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин билдируум чыкпады.
08.12.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ALIK-BRO,
Саламатсызбы! Кайра жазып көрүңүз.
08.12.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр бийлик Мелистен.Ташиевтен. и Садыр жапаровтордон коркот. Ошол 3 адамдын козун тазаласа. Буларга кенен болот оздору каалаган нерсени кылат. Ал 3 адам буларды ушутуп койотда.
08.12.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ,неге менин пикирим жарыяланбай калды?
09.12.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marra,
Саламатсызбы! Кайра жазып көрүңүз, биз тараптан өчүрүлсө себеби жазылат.
08.12.2014. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ХХХХ ХХХХ ХХХ менимче ажобуз жакшы эле иштеп жатат эмне мырзакматов ташиев жапаровтордун козун тазаласа эле бийликтегилер кенен журуп калат бекен juroguak сенинче ошо учобу гана сайасатты тушунот да карапайым калк тушунбойт деп турасынбы
Модератор admin_media түзөттү 09.12.2014 09:59
09.12.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalai_kg,
Башка колдонуучулардын өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз! Азырынча оозеки эскертүү!
08.12.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдаганын беш эчки ышкырыгын таш жарат.Президентибиздин айткан создору туура Мелистен башкасы бирок пайдасы жок болуп жатат жана гарантия бере албайт.Бакиев тарифти которуп эскирип,иштен чыгып калган электр тетиктерин жанысына алмаштырам деген эле бирок эл аны созун туура эмес тушунуп калды.эми болсо электр энергиясын казактардан сатып алып жатабыз.биздин бийликте отурган коз боемочулар качан онолот экен.
09.12.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх заманыбыз тынч эле болсунчу.
09.12.2014. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

Ажообуз озун наристедей тунук суттой ак сезип алыптыр го кырзгыз элинин алдына чыгып алып оз Элин мазактап суйлоду эле го алары Эстен чыгып калган го таластыктар эл эмес нарындыктар малсынар деп а озу эмне экен. Эми суйлогон созуно жанын караят да. Качанга чейин ар мамлекеттин эшигин кагып тилемчилик кылабыз бир алла билет. Аллахым баарына ыйман берсин.
09.12.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу комен жазуучулар катуу тийсе кечирим сурайм ушул жерде урушпасанар боло биз атка минерлерди деп бир бирибизд жаман создор менен урушуп келебиз а алар эл менен иши жок алардын да жоп берер куну келет сиздер алардын кунолорун которбонуздор. Ак иштесе баары эмдигиче Кыргызстан гул болуп кетмек озу бейиштей жерибиз бар анын баркын билбей жатпайбы тоболдорубуз. Макал бар эмесби "колдо бар алтындын баркы жок "деген.
09.12.2014. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Like''' жакшы суйлогон.
09.12.2014. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаевти жаман деп кубалаган ушулар (ашалар)эми анын жумушун алып бара албай жатышат.Элге эн коп жакшы иштеген Аскар Акаевич.
09.12.2014. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туугундар бир аз болсо да. Адамды колдогонду уйронолучу. Кыргызстанга азыр Путин келседа 1-2жылда онолбойт. баары акырын болот. Кыргызстан азыр АКШ Россиядан 50-100 жылга артта эми май жашоо болгончо коп бар. бекер айтпаган кыргызды казанга салып койсо бирин бири тартып чыгалбайт деп. жаман болсода колдосок онолот. АША жаман дейсинер озунорго суроо бергилечи кыргызстан учун эмне кылдынар?? однокнопочные тамга тергенден кыйынсынар!!
09.12.2014. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bako.baike, кошулам сизге!
09.12.2014. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bako.baike сабыр кылалы онолот деп журо бериш кк экен да сиздин ойунузча,ушундай жылдан беери сабыр кылып эле келетавыз.баары акырын болот дейсиз 3жылдан беери эмне озгорду Ажо акебиз менен
09.12.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bako.baike, Путин эмес эле,Акаев менен Бакиевди алып келиш керек.уй булоосун жок оздорун эле.ошолор гана ондойт.А так башка бир адам кора албай жатам.АША акемде толк жок.тигилер жаман мен жакшы дегенден башка билбейт.
10.12.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bako.baike, тура айтасыз. Чын эле эмне кылдык мамлекет учун? Биз деле аракет кылсак болот да чон салым кошконго,чондорду сынап отура бербей.
11.12.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZANIA-92, sen araket kuluwyn ychun akcha a tanyw kerek sende jok
09.12.2014. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу А.Атамбаев КРда коррупция менен курошконунуз жакшы 100 пайыз колдойм бул жаатында сизди.бирок эмнегедир сиздин айлананыздагы жан жоокор коррупциянер,кызмат абалынан пайдаланып мамлекетке зыян келтирген адамдар жоопко тартылбай келет,мисал И.Омуркулов,Ж.Сатыбалдиевге Ош шаарындагы курулган уйлор боюнча?окуп калсаныз ойлонот чыгаарсыз.
09.12.2014. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу А.Атамбаев КРда коррупция менен курошконунуз жакшы 100 пайыз колдойм бул жаатында сизди.бирок эмнегедир сиздин айлананыздагы жан жоокор коррупциянер,кызмат абалынан пайдаланып мамлекетке зыян келтирген адамдар жоопко тартылбай келет,мисал И.Омуркулов,Ж.Сатыбалдиевге Ош шаарындагы курулган уйлор боюнча?окуп калсаныз ойлонот чыгаарсыз.
09.12.2014. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
09.12.2014. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Урматту АША сизден караганда Мелис Мырзакматовду кобуроок сыйлайм эгер билсениз, себеби Мелистин эмгеги зор башкаларга салыштырмалуу.
09.12.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сиз ак болсонуз эмне учун быйыл Ошко келгенде Ошттун эли мн жолукпай кеттиниз даже ЭЛТР мн КТРК башкасына интервю бербей койдунуз
09.12.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгерде кийинки шайлодо Атамбаевдин командасы отбой калса коросунор ошондо. Бир эле мисал кыргыз озбек урушу
09.12.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элчилик, тилде соок жок. Алмазбек Атамбаев да оз колунан келгин жумшат атса керек. Бирок эл ошол ажоону татдап алган. Бирок Аллаадан сураналы элибизге жана ажообузга ыйман, ынсап берсиндеп. Бири бирибизди ылдый тартпастан которолу.
09.12.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Уч жылдан кийин кетем дейт ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 10.12.2014 12:13
09.12.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"Интернеттен окуп, эми менден көрүшөт",-деген жери өзгөчө чыгыптыр)
13.12.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AZIK01, хе хе))) Биздин билдируулор жетет экен да иши кылса ээ))
09.12.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Балык башынан сасыйт дегенди унуткан сыягы бул ажообуз
09.12.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаевге эле эмне асыласынар. Каримовтой президент болгонунда корот элем ушинтип жазганынарды да
09.12.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мырзакматовду жамандайт озу Мырзакматовдой болуп алсынчы
09.12.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акаев Бакиевтерди алып келбесениз коюнуз аларга духунуз деле жетбейт Кадыржан Баатыровду алып келип жоопко тартсаныз эл сизге ошондо ишенет эле кучтуу президент экенинизге
09.12.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каримов жаман деген киши уй булосу менен дайынсыз жоголот экен.Атугул ошол жоголгон жакындарын сурап барган адам озу да дайынсыз жоголот зкен .Демократия бизде жакшы .каалагандай щыбайбыз.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: