
«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп, тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.
– Оозумдан жаңы эле жууганыма карабай жагымсыз жыт чыга берет. Тиштеримде курт жок, таза. Эмне себептен сасыйт?
Кымбат, 33 жаш, Ош облусу
-Эң алгач ички органдарды, ашказандын иштешин, ичеги-карынды текшертишиңиз керек. Ички органдарында мандеми бар адамдын оозу аркылуу жагымсыз жыт чыгышы мүмкүн. Ал эми стоматологияга келсек, тишимде курт жок, таза деп жүргөн менен, көбүнчө адамдар тишти туура күтө алышпайт. Ооздон жагымсыз жыттын чыгышына тиштердин түбүндө таштардын туруп калышы себеп. Таштар кайдан пайда болот? Тиш жууган сайын бүйлөсү канаган адамдарда таш пайда болот. Бүйлө жууп жатканда канап, жарымы суу менен жуулуп кетип, жарымы бүйлөнүн түбүндө калып калат дагы, ташты пайда кылат. Жөнөкөй эле канды 22 градустагы бөлмө температурасында 1 күн сактап көргүлөчү. Ал бузулуп, сасып кетет. Ал эми адамдын денесинин температурасы 36 градус. Анан элестетиңиз, ошончолук температурадагы ооздо калган кандын калдыгы эмне болот?
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg
Канча дейт болду экен Москоодо кымбатчылыкта чиркин(
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатканын бизге купуя кат менен жазып койсоңуз.
эмнеде кантип кам корсо болот
Саламатсыздарбы! Сунушуңуздарга рахмат!