Ырчылардын коӊур үнү менен аыйрмаланган, 2007-жылы «Супер-Инфонун»«Алтын үн» наамына татыган Роза Шакированын ак өргөсүнө конокко бардык «3 бөлмөлүү үйүм мен үчүн хан сарай» деген ырчы айым бизди кучак жая тосуп алды.
– “Канчалык көп бут кирсе, ошончолук кут кирет” демекчи, мейман тоскондон ырахат алам. Бул менин чакан конок бөлмөм.
– Ашканам тар, бирок өзүмө ыңгайлуу. Жолдошум манты менен оромомду мактап жесе да, гүлчөтайымды мактай элек.
– Укмуш чебер болбосом да үйгө керектүү төшөнчүлөрүмдү апам экөөбүз эле тигип коёбуз.
– Бул кооз сандыкты түрмөгө концерт коюп барганда белекке беришкен.
– Биздин уктоочу бөлмөбүз. Кийим илүүчү гардеробумду батыруу үчүн боёнуучу столумду – трюмону төргө жайгаштыргам.
– Сыйлыктарымдын баарын тизсем текче көтөрө албай калчудай. Айрымдарын ушинтип коюп алгам.
– Уулум Руслан мага караганда компьютерде көп отурат. Жалгыз болгондуктан үйдүн эркеси. Көптөн бери терезени ачып, “оо, Кудай, апама көп ляля бере көр” деп тилек кылып жүрөт. "Жаштын тилегин берет" дегендей, наристелүү болуп калсам ажеп эмес.
– Гардеробумда жолдошум, Гүлнур Сатылганова, Замира Молдошевалар белек кылган кийимдерим бар. Мурда эски формаларымды сиңдилериме берчүмүн. Жакындан бери эч кимге бербей, чогулта баштадым.
– Туулган күнүмдө жолдошум белек кылган мандарин дарагы. Артындагы менин 2 жаштагы сүрөтүм. Баткакта ойноп жаткан жеримден апам сүйрөп келип, сүрөткө түшүргөн экен.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg
3 күн БАН!
Роза айым. Плоф тефлондо эч даамду молбойт. Чугунныйга алмаштырсаныз,,ошондо жакшы басылат