БИР БҮРКҮМ
№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
-
ШАХРЕЗАДА АСКАРОВА мартта бере турган концертине даярдык көрүүдө.
-
АСКАТ МУСАБЕКОВ 12 күн Орусиянын шаарларын кыдырып концерт коюп келди.
-
СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ “Ананайын”, “Мезгил сапары” деген жаӊы ырларды жаздырды.
-
13-14-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда “ТАМАШОУ” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалы жыйынтыкталды.
-
Бир нече хит ырлардын сөзүн жазган жаш акын КУНДУЗ КАЧКЫНБАЕВА тун наристесин жарыкка алып келди.
-
Төкмө акын ААЛЫ ТУТКУЧЕВ 12-декабрь Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган иш-чарада Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болду.
-
Лондон шаарында өткөн "Дүйнө сулуусу-2014" сынагында Кыргызстандын атынан барган АЙКӨЛ АЛИКЖАНОВА алдыӊкы жыйырма бештикке да кирген жок.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0