Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Бейшекан Керимова, Майра Керим кызынын сиңдиси: «ЖЕЗДЕМ КОЛУМДУ СУРАГАНДА МАЙРАНЫ ЭСТЕП КАТУУ ЫЙЛАДЫМ»

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж


Төкмө акын Майра Керим кызын билбеген кыргыз болбосо керек, ал көзү тирүү болсо 8-январда 53 жашка толмок. Бирок мындан алты жыл мурун шум ажал аны арабыздан алып кетти. Мезгил өзүнүкүн алат эмеспи, төкмө акындын жолдошу Канат мырза ага-тууганынын, балдарынын уруксаты менен Майра эженин бир тууган сиңдиси Бейшекан айымга баш кошкон. Анда кеп учугун каармандарыбыз уласын.

Бейшекан Керимова:«АТАМ ӨЛГӨНДӨ МАЙРА ЫРДАЙМ ДЕСЕ ЭЛ ЖАМАН КӨРГӨН»

– Бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Биз үй-бүлөдө 12 бир тууганбыз. Апабыз кыргыз, атабыз казак. Майра эжем менден эки жаш улуу болчу. Экөөбүз улуу эжебиздин колунда чоңоюп, Казакстанда мектепте окудук. Кичинекейибизден эле домбрага, ырга жакын өстүк. Ал өнөр бизге атабыздан келген деп ойлойм. Атам боз үйдүн ичинде куюлуштуруп ырдап жатып илхому келсе мандаш токунуп отурган боюнча жөрмөлөп сыртка чыгып кетчү экен. Мен домбраны 4-классымда үйрөндүм, Майра болсо биринчи жолу атам кайтыш болгондо кошок айта баштаган. Атамды жерге бергени жатканыбызда колуна домбрасын алып «мен ырдайм» десе эл жаман көргөн.
Мектепти аяктаган соң бухгалтердин окуусун Алматыда окуду. Ошол учурда ала качып кетип, ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам бир уул, бир кыздуу болгон соң ажырашып кетти. Казакстанда өткөн чоң айтыштарга 3-4 жолу катышкандан кийин эле Канатка турмушка чыгып, Кыргызстанга кетип калды.

– Балдызы катары жездеңиздин кулагын чойдуңуз беле?
– Жезденин кулагын чоюу, жезде менен ойноо деген түшүнүк болгон эмес. Жалгыз балдызы болгондуктан ортодо аябай чоң сый бар эле. Анын үстүнө башында Канаттын сөзүн такыр түшүнчү эмеспиз. Апабыз кыргыз болгону менен, анын тили деле казакчага бурулуп калган. Бир гана «кокуй» деген сөзүн түшүнчүбүз.

– Майра эже менен жакшы эле катташып турдуңузбу?
– Чыгармачылык кечелерине үзбөй келчүбүз. 1998-жылы жолдошум автокырсыктан каза болуп калгандан кийин бир жыл Каракол шаарында Майралардыкында жашадым. Анын балдары мени мама дешсе, менин 2 уулум тең аны чоң мама, Канатты чоң папа дешчү. Майра Канат менен 20 жыл жашады. 20 жылдык өмүр аз болгону менен, саз жашап, Канат кайда барбасын жанында жүрүп, чыгармачылыгын колдоп, кыргыз элине атын таанытып, алга сүрөдү. Эжемдин Канатка турмушка чыга электе жүрөгү ооручу, Кыргызстанга келгени ал оорусу түп тамыры менен жоголду. Буга бир жагынан Көлдүн абасы таасир этсе, экинчиден, Канаттын катуу сүйлөбөгөнү, аял катары бапестегени таасир берди го дейм.

– Майра айым ооруп жүргөнүн айтты беле?
– Ал көп наалый берчү эмес. Телефондон «ден соолук кандай?» деп сурасак, «жакшы» деп эле койчу. Биринчи операция болду дегенде эжем Казакстанда туруп төлгө ачыптыр. Анын анча-мынча чымыны бар эле. Мага телефон чалып эле «төлгөм жайылып түштү, Майрадан айрылып калат окшойбуз» деди. Анан бир жарым жылга жетпей каза болуп калбадыбы.

– Кандайча Канат байкеге турмушка чыгып калдыңыз?
– Майранын кыркылыгына жанагы төлгө салган эжем экөөбүз келдик. Алматыдан маршруткага отурганда эле эжем Канат менин колумду сурарын сезген окшойт, «Бейшекан, Канат менен Акжолтой жөнүндө эмне ойлоп жатасың?» деп 3-4 жолу сурап жиберди. Майранын биринчи турмушунан бир уул, бир кызы бар эле. Алар бой жетип, ак-караны түшүнүп калышкан. Ал эми Канаттан төрөлгөн Акжолтой деген уулу өткөөл куракта болчу. Ошондуктан экөөнү сурап жаткан го дедим. Оюмда эч нерсе жок эле «байкуштар Майра жок куурашты го» дедим. Келип үйдү иреттеп кирдик, ошондо Канат эжемден «эже, мен эми кимге бармак элем, туура көрсөңүз Бейшенин колун сурайын дегем» деди. Эжем жаман болуп, кыймылдабай туруп калды да «жок, билбейм» деп койду. Мен сыртка бакырып ыйлаган боюнча чыгып кеттим. Бактардын жанына барып, «Майра, ушул күндү көрөт белек, турмушта ушундай да болот экен, ээ» деп бакырып ыйлап жаттым. Ошол боюнча Алматыга кеттик.

Канат Байышов, Майра Керим кызынын жолдошу: «БАЛДАРЫМ БЕЙШЕКАНДЫ КӨРСӨТҮП ТУРУП АЛЫШТЫ»

– Канат мырза, сөздү эми сиз уласаңыз, Майра эжеге каяктан жолугуп калдыңыз?
– Нике кайып да, Казакстанда курулуш тармагында 19 жыл иштеп жүрүп Майрага жолугуп калгам. Биз үйлөнгөндө апам Майрага «эми Канатты эптеп алып кел, сен кийлигишпесең ал ошол жакта калып калганы турат» дептир. Майра «сен күч күйөө болмок белең» деп Кыргызстанга алып келди. Бул жакка келерде Майра казактардын чоң айтыштарына чыгып калган эле, «менин тилимди, домбрамды түшүнүшөт болду бекен?» деп калды. «Түшүнбөгөндө эмне, кыргыздарды сокур же дүлөй деп ойлоп жатасыңбы?» дедим. Ошентип биз жакта да аты чыгып кетти.

– Каяка көчүп келдиңер?
– Өзүм туулган Тоң районундагы Ак-Сай айылына көчүп келдик. Айылда «Үмүт» деген ансамбль бар болчу. Ансамблде иштеген инилерим үйдөн Майранын ырдаганын көрүп жүрүшчү. Алар 1992-жылы январда гастролго чыкмак болуп, «Майра эже биз менен барып келсин, сиз автобус айдап жардам берип коюңуз» деп калышты. Гастролубуз Түп районунан башталды, Көлдү айланып келсек, Майранын аты биздин айылда дүң болуп жатыптыр. Ошол жылы май айында республикалык айтыш болмок экен, ал районду, облусту жеңип, республикалык деңгээлде алдыңкы орунду алып, аты таанылды. Ошондо айтышкан өнөктөштөрүнүн бири «колдон келсе Канат байкебизге бир эркек бала төрөп бериңиз» деди. 1993-жылы 20-майда кайра айтыш болуп, Майра бара албай калды. Анткени ошол күнү Акжолтоюм төрөлдү. Ошондон улам Акжолтойду батадан бүткөн бала дейбиз.

– Апасынын жолун жолдоп Акжолтой да айтышып жүрөт...
– Ооба, айтышып жүрөт. Апасы «кана, уулум, ырдап койчу» десе комузду алып ырдап калчу. Апасы биринчи операция болордо казактарда айтыш болуп Майраны чакыртышыптыр. «Балам, домбра менен ырдап, 10 эле мүнөт казак болуп кой» деп өзүнүн ордуна жиберген эле. Уулум сахнага чыкканда эле «ассалому алейкум, агашалар, эл колдосо жээниңердин багы ашылар» деп баштап, жыйынтыгында алдыңкы орунга ээ болуптур. Сыйлыкка алган килемдерин, конверттеги акчасын алып келип мага бергенде «мен ыраазымын, апаңа бер, көңүлү көтөрүлүп калат» дедим. Акжолтой келгенде апасы операциядан чыгып палатага которулган эле. Көрөбүз деп келген бир короо кыргыз, бир короо казак учурашып болуп, кезек уулума келди. Ошондо «Ишенип канат кагып учаарымда, мен Казакстандан жакшы кабар алып келсем, энем түшүп калыптыр доктурлардын бычагына. Мен түшө албай кыжаалатмын апамдын эң мээримдүү кучагына» деп тургандарды ыйлатты.

– Балдызыңызга үйлөнүшүңүзгө балдарыңыз каршы болушкан жокпу?
– Бир туугандарым, балдарым чогулуп Бейшеканды айтып туруп алышты. Ашын бергени Казакстанга барганыбызда кайын эжем «баягыда бир сурадың эле, Бейшенин тилин тапсаң, жүрөгүн тартсаң биз кыйдык, көрбөй жүргөн бала белең» деди. Менден мурун Акжолтой көндүрдү, ал апалап Бейшеканды жыттайт. Балдарымдын мүнөзү оор, башкага көнүшү кыйын эле. Алар азыр эркелегиси келсе эркелешет, айтчу сыры болсо айтышат, Бейшекандан тартынышпайт.

– Үйлөнгөнүңүздү билбегендер, сизди дагы деле Майра айымдын жолдошу деп билишсе керек?
– Кээде айрымдар көчөдөн Майра эженин күйөөсү деп шыбырашып калышат, унчукпай өтүп кетем.

Канат мырза: «Көчөдөн кээде «Майра эженин жолдошу» деп сүйлөшүп жаткандарын угуп, унчукпай кетип калам. Бейшекан бир жылдай жаман болуп элден качып жүрдү. Элге да аралаша албай эле кыйнала берчү. Тагдырга баш ийет экенбиз да».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Жездеме турмушка чыкканда бетин карай албай жүрдүм" дейт Майра Керим кызынын сиңдиси

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
03.01.2015. 05:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Майра Керим кызынын жаткан жери жалуу болсун топурагы торкоо болсун.
SUPER.KG видео
03.01.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жездеси мн Балдызы.... кантип жашашат болду экен?
SUPER.KG видео
03.01.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эх Майра апа Майра апа сиз олгондо кыргыздын куроо тамыры кесилгендей эле болгон сиздин "казыр сен бар казакты жыйнасан да алмашпайм жездендин бир башына"деген алтын саптарыныз журогумдо очпоз куу болуп казыр да жанырып турат Канат байке туура кыласыз башка аялды алгандан коро синдисин алыпсыз Майра апанын арбагы деле раазы болуп жаткандыр
SUPER.KG видео
04.01.2015. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйосу Жоодарбешимге окшош экен))))
05.01.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешене тагдырга не жазылса ошо болот экенда.
05.01.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жар керек деген ырдагы Кыргыздан жолуктурган жары Канат аке экен да.
05.01.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбептирмин... Майра эженин арбагы ыраазы болсун!
05.01.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы
06.01.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааааааййййййййй жашоооооооо(((((((
07.01.2015. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттон кимиси Майра? Кимиси Бейшекан?
07.01.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidai88, тиги эркек менен турганы Бейшекан эже, а ойдодо турган Майра эже.
07.01.2015. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжолтойдун айтышканы жагат.... Олгон адамдын эле шору болуптур да.
08.01.2015. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээй жараткан турмушта эмнелер гана болбойт ээ синдиси кыйын экен эжесинин балдары учун жездесине турмушка чыккан тура
08.01.2015. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жездесине турмушка чыкканы жакшы болуптур,башка аял Акжолтойду озунун баласындай карамак эмес. Канат байке Майра эжени аябай жакшы корот экен эле ыйлап жибериптир
11.01.2015. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу тагдыр экен
11.01.2015. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тагдыр экен даа
SUPER.KG видео
14.01.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле копияго жоодаобешимге атасыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: