Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ОШ АЭРОПОРТУНАН КУРАЛЧАН КИШИЛЕР 5 МИЛЛИОНДОН АШЫК ДОЛЛАРДЫ ТОНОП, БИР ЖАРАНДЫ БАРЫМТАГА АЛЫП КЕТИШТИ

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж


27-декабрда Ош эл аралык аэропортунда ойго келбеген, кинодогудай окуя болуп өттү. Күндүзгү саат 10:00 чамасында «спецназ» деген жазуусу бар формачан, көз айнек тагынган, автомат менен куралданган 5 адам аэропорттун VIP залынан бир нече миллион доллар акча салынган баштыктарды тартып алып, өздөрүнө кошуп бир жүргүнчүнү барымтага алып кетишти.

КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИН БИРИНИН ФОТОРОБОТУ ТҮЗҮЛДҮ
Кылмыш тууралуу Ош шаардык жана облустук ИИБинин басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси ЖЕҢИШ АШИРБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып өттү:
– Окуя Ош эл аралык аэропортунун түштүк-чыгыш тарабындагы текшерип өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан сыйлуу конокторду тосуучу (VIP) залынын Ош-Үрүмчү авиакаттамына жүктөрдү даярдап жаткан учурда болгон. Ал жерге беш адам кирип келип, алардын бири колуна тапанча жана видеокамера кармап жүргүнчүлөргө «Атайын операция жүрүп жатат. Жерге жаткыла!» деген буйрук берген. Алардын төртөө аркасында «спецназ» деген жазуусу бар кара формачан жана Калашников автоматтары менен куралданган экен. Дагы биринин колунда Макаров тапанчасы, экинчи колунда видеокамера болгон. Жүргүнчүлөргө таандык 5 баштыкты жана анын ээси болушу мүмкүн деген ойдобу, айтор, бир жүргүнчүнүн колун скотч менен байлап, алып чыгып кетишкен. Андан соң мамлекеттик номуру «D 0118» болгон ак түстүү Тоyota Estima үлгүсүндөгү унаага отуруп, из жашырышкан. «Жерге жаткыла!» деп буйрук берген адамдын фотороботу түзүлдү. Ал болжол менен 30-35 жашта. Боюнун узундугу 168-170 сантиметр, азиат түспөлүндө.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Уурдалган акчалар бир нече кишиге таандык, кыргыз ишкерлеринин Үрүмчүдөн товар алып келе турган акчасы экен. 5 баштыкта болжол менен 5 миллион 679 миң доллар болгон деп жатышат. Ишкерлер акчаны топтоп, бир ишкерге санап берип, аны декларациядан өткөрүп жаткан учурда ушундай кылмыш болуп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам азырынча биз ишкерлердин да, фирмалардын да аттарын атай албайбыз.

«КЫЛМЫШКЕРЛЕР БОЮНЧА БИР ТОП МААЛЫМАТТАР БАР»
Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси ТААЛАЙ НУРБАЕВ буларга токтолду
:
– Кылмышкерлер өздөрү менен кошо алып кеткен адам Араван районунан табылды. Барымтага алынган адам туристтик фирманын Руслан аттуу 35 жаштагы кызматкери экен. Ал жабыр тарткан жок. Башына мүшөк кийгизип коюшкандыктан, ал кылмышкерлердин өңүн жана кайда кеткендерин көргөн эмес. Ал адамдын уурдалган акчаларга эч кандай тиешеси жок экени аныкталды. Уурдалган акча 5 фирмага таандык болгон. Кылмышка байланышкан бир топ маалыматтар бар, бирок иликтөө, тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн кылмышкерлер табылмайынча азырынча ачыкка чыгара албайбыз. Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматкерлерине да кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.
Аэропорт өзгөчө маанидеги объект болгондуктан, аны атайын күзөт кызматкерлери, транспорттук милиция кызматкерлери кайтарышат. Андан сырткары чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөрдү чек ара кызматы да текшерүүгө алат. Ушундай өзгөчө маанидеги объектте, анан калса анын VIP залында чак түштө куралчан адамдардын ээн-эркин ишкерлерди тоноп кетишине булар кантип жол берди деген ой туулбай койбойт. Аэропорттун жетекчилиги менен байланышууга такыр мүмкүнчүлүк болбоду. Ал эми чек ара кызматынын Оштогу башкармалыгынын маалымат кызматкери Салкын Абдыкарыева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жүргүнчүлөр аэропорттун ичинен текшерүүдөн өтүп, учакка бара жатканда биздин текшерүүдөн өтөт. Окуя аэропорттун ичинде биздин кызматкерлердин текшерүүсүнө чейин болгон.

БУГА ЧЕЙИН ДА ИРИ СУММАДА АКЧАЛАР ТОНОЛУП КЕЛГЕН
Биз буга чейин өлкөбүздө белгисиз адамдар тарабынан тонолгон акчалар туурасында жазып, алардын изи толук ачылбай келе жаткандыгына токтолгон элек. Алардын кээ бирлерин эске салууну туура көрдүк.
2013-жылдын 9-ноябрынын түнүндө Ош эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан куралданган 5 кылмышкер Ош облусунун Кара-Суу районунун 38 жаштагы тургунуна ок чыгарышып, ири өлчөмдөгү акча салынган 2 баштыгын тартып алып кетишкен. Жабырлануучу кылмышкерлердин артынан кууп, алардын бирин кармаганга жетишкен. Жабырлануучунун айтымында, баштыктарда 4 жарым миллион доллар болгон экен. Ал акча «Кара-Суу» базарында иштеген бир канча ишкерге таандык болуп, Түркияга алтын-зер буюмдарын алып келүүгө жиберилип жаткан. Кармалган жарандын жанында чет өлкөлүк үлгүдөгү курал жана уурдалган акчанын 1 миллион 129 миң доллары болгон. Калган акчалар кылмышкерлердин колунда кеткен.
Бул кылмыш боюнча «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Жыйынтыгында кылмышка шектүү делинип дагы 2 жигит кармалып, калган экөө ушул убакка чейин кармала элек. Кылмышка шектелип кармалгандардын жактоочусунун жазган арызынын негизинде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 7 кызматкерине «кылмышка шектүүлөрдү ур-токмокко алган» деген айып тагылган. Бул иш боюнча сот жакында эле жыйынтыкталып, кызматкерлер акталган. 1 миллион 320 миң доллар гана ээлерине кайтарылган. Калган акчалар эми табылып, ээлерине кайтарылып бериши күмөн.
2014-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында да ири тоноо болгон. Анда «Дельта-Восток» күзөт агенттигинин кызматкерлерине белгисиз кылмышкерлер ок атып, инкассаторлордун унаасындагы 1 миллион 770 миң 457 доллар жана 6 миң евро салынган баштыктарды карактап кетишкен. Натыйжада күзөт агенттигинин эки кызматкеринин бири ур-токмоктон, экинчиси октон жараат алып ооруканага жеткирилсе, аталган күзөт агенттигинин 45 жаштагы жетекчиси тийген октон көз жумган. Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бети да эмгиче ачыла элек.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(52)
05.01.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не аэропортто охрана милиция камера деген жок бекен.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-05 12:42:18
05.01.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каракчылык жакшы эмесда жакшы таап улгуруп капсыздар
05.01.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар дагы да онуго элекпиз,ушул кылмыш Россияда болгондо 2 кундо тапмак. Чондор Кыргызстандагы бар акчаны жебей ошол акчаларга бардык жерге камера койдуртса кылмыштын бети эртерээк ачылмак.
07.01.2015. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
altysia, баардык жерге камера койгон сизге жагабы ?
Мисалы мен каалабай , баскан турганымын камерага тартылышын. Ар ким озунун иш канасына коюп алса, анда соз жок.
05.01.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле ошол кишилер киргенин байкабай калсын,не охрана жокпу аэропортто,оозундагы ашты жон эле алдырып олтуратко.
05.01.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн тура камера койдуруш керек же камерага акчалары жок бекен
05.01.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алар эмдигиче, Озбекстанда, же Казакстанда, же болбосо россияда журушкондур кафе барларда, эр болсонор таап алгыла деп, и бул жерде чон бир сыр бар, усту жактан козомолдоп турган, кок уй тараптан
05.01.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ Jana organdarda Jalan ХХХ iwteytda. Kylmyw iwterin korkutup urkutuu menen beykunoo adamdardyn moynuna aldyrtyp jabywwsa Anan dalil toptoo, ykcham araket emne ekenin kaydan biliwsin. Pozor aeroporttun jetekchiligine da, ХХХ da.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-05 12:43:08
05.01.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Batken, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө, жаргон сөздөрдү колдонууга тыюу салынган! Эскертүү сызыгыңыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-05 12:45:31
05.01.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кокуууй, камера кантип жок болсун. Ушул убакытка чейин не журушот, камера койбой.
05.01.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эчтеке эмес бизде тоок уурдасан табыласын милион уурдасан табылбайсын. Мындай иштерге баш оорутбай эле коюш керек.
05.01.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кантип аэропортто 5 доллар болот менимче инкассация деген барго алар банкка алып кетип туруш керек элего аэропорт эмес кичинекей магазинде бир кундо эки жолу касса снимайтетет ) мен тушунбодум силердин жоругунарга.
05.01.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайдагы кочодогоу сойкулардын тарабын талашып аларды коргогондон коро ушундай иштер менен алектенсе болмок . Чак тушто тоноп кетип жатат аа тушунуксуз табышмак гоо?
05.01.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошончо кирип баштыктарды бир адамды алып чыгып кеткенче охраналар каякты карап атышыптыр.
11.01.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bliznesy, Охранан эмне демек эле биз собурдан деп кызматтык куболугун коргозуп кирип келсе
05.01.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тажатышты!Кыргызым качан бир жакшы жашоодо тынчылыкта жашайбыз.
05.01.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Билген адамдар кылатта жадакалса оздору да болушу мункун ууру алыстан келбеейт уксан жомоко окшош иш болуптур
05.01.2015. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камера болгон бирок кылмышкерлер спецназдын формасын кийип маска менен задержание деп киришкен да ошол учун эч ким тоноо деп ойлогон эмес жана таанылган да эмес.Жанында пистолет кармап камерага тартып жургон адам да болуп жатпайбы.Спецназдын операциясы деп ойлошкон да.Бирок ууру алыстан келбейт деген чын билген адамдар жасаган да.Бизде милиция жакшы эле иштейт ошол учун кенири эркин журобуз да.Болбосо ачык турдо эле ар куну ушул иш болмок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: