Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«МЕН БАШЫН КАШЫК МЕНЕН УРДУРГАН АКАЕВ ЭМЕСМИН»

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге өткөргөн маалымат жыйынында талкууну жараткан негизги маселе Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу болду. Маселе боюнча суроо "Супер-Инфо" тарабынан берилип, ага узатылган ажонун жообунан жакынкы жылдарда бийликти чоң өзгөрүүлөр күтүп жатканы белгилүү болду. Конституция эми кандай көйнөк киет? Башкаруу парламент менен андан куралган өкмөткө оойбу же президенткеби?

– Буга чейин Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президенттерге да, калкка да жакшылык алып келген эмес. Акыркы күндөрү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгелер кайрадан айтылууда. “Мыйзам катаал, ал ошого мыйзам” деген накыл кепти эске алуу менен Баш мыйзамды өзгөртө берүү залалдуу прецедентке айланып кетпейби?
(Суроо “Супер-Инфо” гезитинен берилди)
– Менин мөөнөтүмдөн кийин калайын, мөөнөтүмдү узартайын деген оюм жок. Керек болсо Конституцияда каралган президенттин укуктарын азайтуу зарыл.
Буга чейин Баш мыйзамга колдон келишинче тийбешибиз керек деп айткам. “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизбей туруп, соттук реформа жүргүзө алабызбы?” деген бизде азыр тандоо турат. Мисалы, адамды өлтүрүүгө буйрутма берген кылмышкерлерди соттор үч жылдан кийин эркиндикке чыгарып жатышат. Соттук реформаны жүргүзүүгө ушуга окшогон учурлар, мыйзам жол бербей турат. Юристтер “Конституциянын конструктивдүү кемчиликтери жөнүндө” деген корутундуну колума карматышты. Бир айдын ичинде жазылган Конституция идеалдуу болбойт. Адилеттүү сот керек десек, Баш мыйзамдын кээ бир беренелерин оңдоо зарыл. Конституциянын маңызын кардиналдуу түрдө өзгөртпөшүбүз кажет.

– Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү экономикалык жактан канчалык негиздүү болду?
– Мейли, Бажы союзуна кирбей коёлу, анда эмне болот? Эмне үчүн азыр “Дордой” базарынын кожоюндары менен соодагерлери аталган биримдикке киребиз деп жатышат? Анткени товар алып өтүү жолдору жабылууда. Бүгүнкү күндө күйүүчү май, буудай, ун жана башка Бажы союзундагы өлкөлөрдүн товарлары экспорттук салыгы жок алынып келинет.
Украина менен Молдова коңшулары менен болгон мамилесин бузуп алып жыргап кеттиби? Биз аталган биримдикке ансыз да араң кирдик, Бажы союздун бир мүчөсү каршы болуп туруп алды. Бирөө-жарым чыгып, “андай эмес, мындай жол менен кетели” десе, мен макул болмокмун. Европалык союздун өкүлү Кыргызстанга келип, Бажы союзу боюнча нааразы пикирин айтты. Мен ага “анда бизди Европалык союзга алгыла” дедим. Ал “биздин жалпы чек арабыз жок” деди. Анда биз кайда баралы, Ооганстангабы? Өзбекстан менен Кытайга кошулуп кетелиби? Альтернатива айткыла...
Мен үчүн актай-карадай эле көрүнүп турат, Кыргызстан Бажы союзуна кирбесе, келечек абдан кыйын болот.

– Энергетика тармагындагы көйгөйлөр кантип чечилет?
– Электр энергиясынын тарифине нааразы болуп жаткандарга айтарым: ошол эле Нарын облусунун тургундары азыр мал-жанды 5 жыл мурункудай баа менен сатып жатышабы же башка баа мененби? “Нарынга тариф арзан болсун, башкалардыкы кымбаттай берсин” дегендерге такыр кошулбайм. Ансыз да Кыргызстан Нарын дубанын 23 жылдан бери багып келе жатат. Мына, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун тургуну 2 сотых жер алса, Нарын облусунун жашоочусу 2 гектар жер алган. Ошондо кимдин турмушу кыйын? Ооба, Ат-Башыда кыш катуу болот, бирок Ат-Башы Кыргызстандын керчөөсү, эң сонун жери, жайында чөп 2 метр болуп өсөт. Анан баткендиктер жыргап жатат деген туура эмес да. Кыргызстандыктар кыйынчылыкты чогуу башынан өткөрсө туура болот.
Жаратылыш газына келсек, 2015-жылдын күз мезгилине чейин Кыргызстандын түштүк аймагы көгүлтүр от менен камсыз болот. Мен мурунку президенттерге окшоп Өзбекстан менен жашыруун келишимдерге кол койбойм. Мен силерге башын кашык менен урдурган Акаев эмесмин, жашыруун келишимдерге кол коюуну буюрган Бакиев эмесмин. Биздин Өзбекстан менен 2001-жылы жана 2008-жылы кол коюлган эки жашыруун келишимибиз бар.
Ош жана Жалал-Абад облусунда газсыз күн кечирип жаткан тургундардын сабырдуулугуна рахмат айткым келет. Эмдиги жылы энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болобуз.

– Уулдарыңыз Сейтек менен Сейит далдалчы катары “АвтоМашЭнерго” ишканасы аркылуу электр энергиясын сатып алып, кайра кымбат баада сатат деген кептердин чын-төгүнү канчалык?
– Аталган ишкана Аскар Акаевдин убагында эле түзүлгөн. Уулдарымды чакырып алып “мени жаман атты кылбай ушундан кутулбайсыңарбы” деп айткам. Сейтек ишканадан кетип калды. Сейит болсо “Ата, Акаевдин кезинде кыйналсак да иштеп жаттык. Бакиевдин убагында да кордоого карабай иштедик. Таптаза иштеп жатсам, эмне үчүн кетишим керек? Таза эмес болсо, мени камашсын” деп айтты. Уулум Сейит намаз окуйт, орозо кармайт. Жаман иш кылып жатса, баламды камап эле салбайсыңарбы? Уулум күнөөлүү болсо, камап салгыла.

– Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды деген кеп тарады. Бул чынбы?
Аида Салянова башкы прокурорлуктан кетем деп арыз жазган эмес. Бирок ачык айтайын, мурун Салянованын андай арыз жазган күндөрү болгон. Аны да түшүнүү керек, себеби иши оор. Аида Жеңишбековна төшүн тосуп, найзанын учунда жүргөндөй кызматта иш алып барат. Ал да чарчайт, анын үстүнө биздин башкы прокурор аял жана үй-бүлөсү бар.
Эс алып келейин деп суранган, мен уруксат бердим. Эмгек өргүүсүнөн кийин, албетте, ишине кайтып келет. Ошол эле учурда Башкы прокурор ким болбосун Атамбаев президент болуп турган чакта коррупцияга каршы күрөш токтобойт.
Кудай жалгасын, келечекте Кыргызстанда Аида Саляновадай президент болсо дейм.

– Парламенттик шайлоого карата КСДП кайсы бир партия менен биригүүсү керек деп ойлойсузбу?
(Суроо super.kg порталынан берилди)
– Аны партия өзү чечет. КСДПнын 20 жылдык тарыхы жана тажрыйбасы бар.
Башка күчтүү жана таза партия биригүүнү сураса, ал сунушту карап көрсө деле болот. Менимче, биригүүнүн кажети жок, КСДП өз жолу менен эле кете бергени туура.

P.S. Алмазбек Атамбаев жаңы жылдык эсте калган белек катары 1-январда кыз неберелүү болгонун айтты. “Жаңы жылды жубайым, бала-чакам менен Кыргызстанда эле тосом. Мындай көрүнүш биздин үй-бүлөдө калыптанып калган”,- деди.
Макалада маалымат жыйындын урунттуу учурлары берилди.

Эльвира Караева
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(134)
05.01.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринер да Акаевке жетбейсинер!!!!!!!ал киши илимдуу билимдуу суйлогон созун билген.ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-05 13:16:06
05.01.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gul75nur, мазактоодон алыс болуңуз.
05.01.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
элди алдап атат электр энергиясын которуп. 1 айга 3500 сом толодум бул ото коп. ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-05 14:34:04
05.01.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
vassabi, провокацияга жол жок! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
05.01.2015. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакиев убагында кары картан,жаш балдар баары саясат деп жатып калышчу эле.Себеби пенсия которулгон,окуучуларга коп шарт тузгон ошол учун.А азыр эч ким саясат менен иши жок,себеби иштегени корунбойт мааниси жок...
05.01.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
((((( бир Мелиске,бир Акаевге кайра Бакиевге тийишти го
05.01.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
(Башын кашык менен урдурган)деп ушуда олкобашчы суйлоочу созбу,кашык емес андан аркысы болсо да ушу сосуз тимеле койбоптурда
05.01.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми бул киши да озунун денээлине жараша иш алып барып жатат.Кандай кун болсо да кыргыз эли чыдаап келген ии мындан ары да чыдайт да , башка тушсо байтал жорго деген сыяктуу накыл создорубуз бар эмеспи.Бирок эл учун иштегендерге жеке озунун кызыкчылыгы учун тийишпей эле койсо болмок, ошондо бул киши иш жургузуп атабы же жокбу эч кимдин назары тушмок эмес .
05.01.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башканы сындагыча туура жазганды уйронгуло!Жок дегенде кыргыз тилин онуктургонго салым кошкон болосунар,достор!Мектепти толук буттунор беле?
05.01.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ммм карышкыр тулкусун жаман мактап эми президент кылгысы келип жатабы
05.01.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарыле андай оюм жокдешет шайлоого чейин анан элим колдоптур мен баш тарта албайм дешет
05.01.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
маданияты томон адамдын созу болуп калыптыр!
05.01.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХ ХХХ ХХХ!!! Кыйратып атам ойротуп атам деп эле качан корбо оозун коптуро берет же
кылган иштери корунсочу ХХХ ХХХ ХХХ. Кыйын экен Нарынга барып жашап корсунчу ошондо бакылдаган эчкини суу кечкенде коробуз...
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-06 09:40:31
06.01.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
TARANTINO313, мазактоого жана кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
05.01.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне болсо да эл башчыбыз,антип кемсинтпейли
06.01.2015. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ аман болсун Атамбаев.жер аман эл аман эл ичинде мен аман болоюнчу.!кудай мандайга жазганын коро жатаарбыз..
06.01.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен кашык менен урдурган деген созуно анча кошулбаймын себеби откондо россиянын тв каналдарынан кордум докменталный фильм Акаев жонундо коруп
олтуруп ушунчалык суйундум чындыгында билими кучттуу инсан экен андай адам кыргызстанда жок болсо керек азыр туугандар [moderated]дан корсонор болот ошол тасманы
07.01.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ilek-ilek88, Акаев бирок акылдуу киши эгемендикти алгандан бери он беш жыл отурду Кыргызстанды сызга отургузду корупцияны, ошол эле кумторду чек- ара маселеси завод фабрикалар ошол проблемалардын бардык фундаменттин Акаев тузуп кеткен
06.01.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кудайдын козу тушкон адам хан болот ойунарга келген созду жаза бересинерби
06.01.2015. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
эми баары эле өз убагынын башында жакшы иштеген, Аскар Акаев Кыргызстанды түптөп СССР ден кийин көп эле иштерди жасады, Бакиев деле жаман иш кылганы жок, пенсия, пособия, көтөрүлдү, мектепте окуу куралдары, ремонтко акча дечу эле ал, жана окуучуларга тамак бердиртти бул деле жакшы, баарынын жаман жагын айтбай жакшы жагын деле айткыла да, Но Атамбаевдин жакшылыгын азырынча эл көрө электей,
06.01.2015. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Adilet2014,
туура атамбаевдин жакшылын коргон жок эл. Бензин, Электрэнергия, комур, газ дегеле бардык нерсе которулду. Аз келгенсип правый рулду жок кылып атат. Эл жарылайын деп атат
06.01.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
vassabi, эскилер бюджетти таптаза кылып которуп кетишсе , элди талап жеп кетишсе, анан которулот да.
07.01.2015. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DBA.Patriot,
жалкоонун шылтоо коп. Иштеш керек ар кимге жабышпай
06.01.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
vassabi, правый рульду жок кылуу бул туура иш деп ойлойм. Анткени именно ошол он рулдуу машиналардын айынан жол кырсыктары коп болуп жатат.
07.01.2015. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aselya_9105,
айдоочулук куболукту сатпаш керек. Бул жерде европадан машина алып келгендер менен япониядан алып келгендердин чыр чатагы. Алар кимдер жепжутарлар.
07.01.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vassabi,
Туура айтасыз, айдоочулук куболукту сатпаш керек жана сатып да албаш керек. Кээ бир адамдар бар жалкоолонуп, "окуп отурбай, сатып эле алам" дегендер. Ошондо ким куноолуу болуп жатат бул жакта? Албетте саткандар да сатып алгандар да! Коррупция кучоп баратат деп эле "жепжутарларды" куноолоп жатып калабыз, ошол коррупцияны озубуз кучотуп жатканыбыз менен ишибиз жок.
06.01.2015. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акаевдин Кыргызстанга кошкон салымы ото чон бул факт,а Атамбаев аттуу баштуу адам болуп антип суйлогону туура эмес,Кудайды оозуна коп алган адам эч качан бироону гыйбат(ушак) кылбайт!Айланаааайиндааарим.
06.01.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ширелген болоттой,
Оор заманды тоготпой,
Жашайлычы кыргызым,
Улутубуз жоготпой...
06.01.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажобуз жаш балдарча суйлоп койуптур го.
06.01.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ажобуз, коп кишиге жакпайт, эмнеге десенер-баарынын бетине айтат, акты ак, караны кара дейт. Сен жакшысын деп элди алдап, артынан болгонун ичип-жеп кеткен эмес. Туура айтып атат, орустардын союзуна кошулбаса 1-си казактар чек араны жаап коймок, кытайдан келген товарды саттырбайм деп, 2-си орустар Россияда иштеген 100 000 деген жарандарыбызды кысмакка алып жонотуп салмак. Бул миллиондогон кишинин ачка калышы демек. Ажобуз коп нерсени билип коруп эле турат, акча жок мамлекетте,ал жалгыз эмнекылсын
07.01.2015. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DBA.Patriot,
Калк айтса калп айтпайт...
Калк эмнени айтса анын бардыгы чындык...булардын бардыгы кетет... Дагы да карапайым эл, сен жана мен калабыз..(эгер сен карапайым элден болсоң)
Билесиңби? Эгер биздин иштетүүбүз Орусия менен эле чектелип калса анда Кыргызстан жакынкы жылдары өнүгүп кетет деп айтуу кыйын ...Биз дүйнөгө кол созушубуз керек эле...
Орусуз деле кыргыз элим өлбөй кылымдар б
09.01.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrawit, айткандарына кошулам бирок кандай кылып дуйного кол созобуз , кошуналар менен да жаман катнашта болсок. Орустарга азыр 100% коз карандыбыз, билесиз канча кыргыз Оруссияда иштээрин жана алардын жоноткон акчасы менен канча кишинин курсагы тойорун. Аларды кууп кетирип салышса Кыргызстанга келип тонкоруш кылбайт деп айта албайбыз. Курулуш сферасы да токтойт, мигранттардын акчасы менен кандай коп кабатту уйлор тургузулуп атат. Баары токтойт, анда кандай кылабыз
07.01.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DBA.Patriot, Ошону тура айтып жатса айтбайбы анан эрте жазда Озбекистанга сууну жашырун турдо кол коюп сатканбыз. Себеби Ош шаарына 30 декабрдан баштап газ бериш керек деп. Куршаб айылынан Кытайга ток сатканбыз деп.
06.01.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
пайгамбарыбыз (сав) эл кандай б.о башына да ошондой башчы келет деген.
07.01.2015. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sultanim,
Ооба туура сөз...
Булар асмандан келип олтуруп алганы жок...булардын баарын өзүбүз шайлап олтурганбыз. Коррупцияга жол ачкан өзүбүзбүз...кимдин ким экенин билип туруп өз дубушубуду саткан да өзүбүзбүз..
06.01.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажобуз туштукко газ берилишин билбей калганына танмын да ,,,2015-жылы кузгочейин берилет дедиле суйлоп буткондон кийин эртеси эле берди го
07.01.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikinookat, бул киши не деп суйлогонун озу билбейт эптеп эле журот убакыт отсо болду
06.01.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бая куну Президентибиз берип аткан интервьюсунда ,жон деле тушундурсо болмок, суроо берген журналист кызга ото эле катуу айтып жооп берип атты.Алар андай суроо бербегенде ал суроону ким берет , ким жеткирет элге.Андан тышкары мен жаман дегенден алысмын ,бирок Акаевди кошпой эле суйлосо болмок кашык менби же балта мененби кантсе да биздин тунгуч Президентибиз болгон.
09.01.2015. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саби,Туура айтасын ...Жаш балдардай ушак айың кепти деле айта береби ...Акаевди башына кашык менен урганда Алмазке карап тупуптурбу...Акаевдей иштегенде Алмазке жылыш болмок давно...
06.01.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салянова чын эле кетет деп жатышат.Эми убакыт корсотор,бирок ото кыйын аял экен.Мен анын президент болушуна каршы болбойт элем.Эркек корккон,кылбаган ишти жасап.Кичине да болсо чондордун алкымын кысып койду.
06.01.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саби туура айтасын чындыгында кыйын аял екен. Акаевке соз тийгизбей еле койсо болмок.
06.01.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаевди башын кашык менен койгулаганын Атамбаев эмне коруптурбу? Ушу созду айтпай эле койбоптур да кайран:-( Акаевди антип жамандаган убакта да эл билет Акаевдин ким экенин и атамбайдын ким экенин!
06.01.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bazardagy soodagerdin sozundoi suiloptur, ehhhh... prezident dep kim aytat?????
07.01.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
el aldynda suyloshtu bilbeyt, Maanisiz sozdordu koshup suyloyt, Keebirki sozdorun ugup bul jakta turup men uyalam.

07.01.2015. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев, Акаевди кууп кетирип алып эми жакшы деген турасынарбы?Революция кылып ким эмне пайда тапты? Атамбаевтер бийлике келип эле жыргаганы болбосо ,мамлекетибиз онукпой эле кайра жаман ,оор учурда турат... Кетирип кууган озунор ,анан эми жакшы жагын коруп отурасынар...
09.01.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begai_kg, Акаевди дагы Бакиевди дагы алып келип соттоп, жазасын беруу керек эле. Элдин акысын жегендерди, мамлекеттин акчасын сиздин, биздин, балдарыбыздын баарынын акысын жеген кишилерди кууп жоготуш керек жана соттош керек.
09.01.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DBA.Patriot,Акаев жеген деп жазган сөзүңүзгө далил!!! Жазып койсонуз...
07.01.2015. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер тушунсонущ урмату президент мырза убагында Аскар Акаев тузуп кеткен система менен эле жашап келе жатабыз,элдин революция кылып алдап К.Бакиевти кетирип туура эмес кылдыныздар мунун баары азыркы бийликтин куноосу,канча Адам бей куноо олуп Кети ,кайран элди бийликта аты ошол эле мезгилде оппозиция (азыркы бийлик)да аткан бул чындык факт.
09.01.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erikkarakulja, Бей куноо адамдарды ким олтурду, аттырчусун аттырды киши жалдап, ким туштукто тополон чыгартты, андай мансап учун, акча учун мамлекетин , элин жерин саткан адамдардын кереги жок бизге. Канчалык эрте кутулсак ошончо эрте бутубузга турабыз. Кайсы мамлекет 5 жылдале жыргап онугуп кетсин, онугушуно кандай салым кошуп жатабыз, мамлекетибиз учун. Ызылдагандан башка эчким эчнерсе кылган жок Кыргызстаныбыз учун.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: