Көпчүлүк жарандар түрдүү себептерден жапа тартып, адистин кеӊешине абадай муктаж болушат. Бул ирет окурмандардын укуктук мыйзам, талаптар боюнча суроолоруна орун бердик. Суроолорго "Фемида" юридикалык компаниясынын жетекчиси Азиз Токтосунов жооп берет.
«КАНТИП ФОНД АЧСАМ БОЛОТ?»
– Жеке тарбия фондун ачып, жаштар үчүн тарбиялык иш алып барсам деп ойлоп жаткам. Жеке фонд ачуу үчүн кандай документтер керек? Ачсам болобу?
Фарида, Бишкек
-Коммерциялык эмес уюмдар үчүн мыйзамдын негизинде жеке жана юридикалык тарап канча бир мөөнөткө фонд ача алат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 11-беренесинин 4-пунктуна (филиалдар, мамлекеттик каттоо жана юридикалык тарап) ылайык, фонд түзүүчү, каттоочу органдарга төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү абзел:
-
Өкмөт тарабынан бекитилген талапка ылайык каттоо арызы;
-
Коммерциялык эмес уюмдун куралышы, уставдын бекитилиши жана коммерциялык уюмду башкаруучу органдардын түзүлүшү боюнча чечими;
-
Коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин колу коюлган уставдын эки нускасы;
-
Коммерциялык эмес уюмдун башкаруучу мүчөлөрүнүн аты-жөнү жазылган тизмеси;
-
Коммерциялык уюмду түзгөндөрдүн тизмеси.
«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеӊештерге муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg
Төмөнкү шилтеме менен өтүп, сурооңузду калтырсаңыз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=115
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.
Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Дагы суроолоруңуз бар болсо, kenesh@super.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.
Жооп алып берүүгө аракет кылабыз.