«Тамашоунун» таланттары
“Юристтер” командасынын капитаны Нургазы келечекте депутат болгусу келет. Анткени ага Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаалар аябай жагат.
Жашы – 22 жыл, 14 күн, 2 саат, 3 мүнөт, 1,2,3,4,.. секунд
Бою – 175 сантиметр, эгер бийик така кийип алса
Салмагы – Бадыевадан 10 эсеге жеңил
Лакап аты – Темиштин кичүү уулу
Хоббиси – Өзүнүн жыртык байпактарын жамоо
Дежур сөзү – “Жол, жол! Фигура береги!”
Фобиясы – Аракты закускасыз ичкен бийкечтер
Жактырган тамагы – Беш бармак. Ошондуктан жакын досунун 5 бармагы жок.
Кумири – Наполеон. Анткени анын бою Нургазынын боюнан кичине
Өзүнө жаккан сапаты – Күзгүгө каранууга 2 эле саат короткону
Үй-бүлөлүк абалы – Бейонстун сүрөтүнө нике кыйдырып алган
Максаты – Көлдүктөрдү оштуктардай кылып бүт Кыргызстанга жайылтуу
Кыргыз балбандары жакында Афиныда өткөн эл аралык мелдештен 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло тиш алып келишти.
Тата Улан концерттердин биринде бет кабын чечип ырдаган. Бирок чогулган эл анын чыныгы жүзүн көрүп, бет кабын кайра кийүүсүн суранган.
Сенсация! Көрсө, кыргыз парашютчулары мелдештерге күнүмдүк турмушта кийип жүргөн үй-бүлөлүк парашюттары менен катышат экен.
Чочко тумоосунун айынан эми презервативдер да бет кабы менен чыга баштады.
Бир гана кыргыздын тойлорунда беш бармакты түнкү саат 12де беришет. Андан кийин торт берүүгө да жетишишет. Анысы аз келгенсип, коноктор тарагандан кийин үйүнө барып чай ичмейинче уктай алышпайт.
Баткендин тургуну 100 үйүн сатып, Бишкекке барып машина минип алды.
а че сразу "тупой"? нормальные шутки симпотного парнишки.