БИР БҮРКҮМ
№638 23-январь-29-январь, 2015-ж
Ырчы Мээрим Карыпова Бишкек, Каракол, Балыкчы шаарларында концерт берип келди.
- Кыргызстандын «Азия Микс» КВН курама командасы Сочиде өткөн «КиВиН-2015» 16-эл аралык фестивалынын 3-айлампасына өттү.
- Жаныш Момунов сөзү Султан Раевге таандык "Жолдорубуз жолукпайт эми кайра» деген ырга обон жаратуу менен алек.
- Кинорежиссёр Темир Бирназаров жаӊы сценарийдин үстүндө эмгектенүүдө, ага азырынча ат коюла элек.
- Якутияда «Түрк шоу. Бүгүн бирге» аталышындагы долбоор өтүп, ага Кыргызстандан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти Бек Борбиев катышып келди.
- 7-февралда Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарында өтчү фестивалга Кыргызстандын атынан ырчы Салима Балтаева катышат.
- 7-8-февраль күндөрү Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдык мааракесине карата иш-чара өткөрүлөт.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
Жакынкы арада көрө аласыздар.
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/kabar/news/97465/