Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«ДАРЫГЕРЛЕР ТУУРА ЭМЕС ОПЕРАЦИЯ ЖАСАП, УУЛУМ МАЙЫП БОЛУП КАЛДЫ»

№639 30-январь-5-февраль, 2015-ж


10 жаштагы Арген Аскарбековдун кыймылсыз жатканына 4 айдын жүзү болду. Анын ата-энеси уулунун мындай акыбалга туш болгонуна дарыгерлерди күнөөлөйт. Биз окуя тууралуу кененирээк билүү үчүн Сокулук айылына барып, Аргендин акыбалы менен таанышып, ата-энесинин арыз-муӊун угуп кайттык.

«БАЛАМДЫ МАЙЫП КЫЛГАН ХИРУРГ БАСЫП КЕЛГЕН ЖОК»
Баланын атасы Советбек Наралиев окуяны төмөнкүчө айтып берди:
– Арген 4 уулумдун үчүнчүсү. Кара-Балта шаарында жашайбыз. Келинчегим экөөбүз 2014-жылы март айында Москвага иштегени кеткенбиз. Балдарымды чоӊ энеси карап калган. Арген «ичим ооруп жатат» дегенинен өткөн жылдын 6-октябрь күнү апам Жайыл райондук ооруканасына алып барыптыр. Ал жактан дарыгерлер «сокур ичеги экен, шашылыш операция жасабасак жарылып кетиши мүмкүн» деп баланы эртеӊ мененки 10до операцияга алып кирип кетишкен боюнча саат 16га чейин баламды туугандарыбызга көрсөтпөй коюшуптур. Ошондо кошумча эшик аркылуу чыгарып баратышканда апам таанып калыптыр. Артынан жетип барып «кайда алып баратасыӊар?» десе, «балаӊар операциядан кийин эсине келе албай жатат» дешиптир. Туугандардан бул жаман кабарды угуп келинчегим экөөбүз түндөп учак менен учуп келсек, балабыз комага түшүп калыптыр. 7-октябрь күнү уулумду Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жеткириш керек болуп, бирок ал ооруканада «Тез жардам» кызматы жоктугуна байланыштуу 5 миӊ сомго менчик «Тез жардам» кызматын чакыртып, борборго алып келдик. Ал жакта жандандыруу бөлүмүндө 27 күн жатты, уулума операция жасаган хирург Мурат Керимкулов келип бир ооз ал-акыбалын сураганга жараган жок. Балага наркоз берген анестезиолог 2 жолу, оорукананын башкы дарыгери 1 жолу келип кетишти. Арген болсо ошол бойдон эсине келген жок. 3 ай өткөн соӊ анестезиолог Эльдар деген жигитке досум экөөбүз барып «ачыгын айт» деп сурансак, «Биринчи операция ийгиликтүү эле болгон. Балаӊыз наркоздон ойгоно баштаганда хирург келип «ичинде тампон калып калыптыр» деп кайра ачтырды. Бирок тампон ичинде эмес экен, медайым сырттан тапты. Эки жолу наркоз алып, эки жолу союлганына байланыштуу балаӊар ушундай акыбалга келип калды» деди.
Андан соӊ оорукананын башкы дарыгерине барып «баламдын дары-дармегине оорукананын эсебинен жардам бергиле, 4 айдан бери кыймылсыз жата берип оӊ жак тарабындагы бөйрөгүндө таш пайда болуптур. Отургузушубуз керек экен, майыптар отурчу коляска алып бергиле» десем, «балаӊа операция жасаган дарыгерлер өз каалоолору менен жумуштан кетип калышкан, телефон чалсам албай жатышат, кааласаӊ сотко бер» деди. Ал эми хирургга жолукканымда «Анестезиолог мени жамандап жүрүптүр. Баары башкача болгон, мен аны сага айтып бере албайм, сотто гана айтам» деп койду. Ошондон бери телефон чалсам эч кимиси албай жатышат. 28-ноябрда милицияга арыз жазганбыз, бирок тергөөчү «Бул кагаз жүзүндө бүтчү иш, тактап жатам. Экспертизанын жыйынтыгы чыксын, анан билинет» деп коёт, болду. Бүгүнкү күнгө чейин экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

«УУЛУМДУ БУТУНА ТУРГУЗУП БЕРИШСИН»
Аргендин апасы Анаркүл Калыева болсо төмөнкүлөрдү кошумчалады:
– Арген 4-класста окуп жаткан. Мектепте жакшы окуп, алдыӊкы окуучулардын бири болчу. Жакшынакай эле чуркап жүргөн баламды дарыгерлер майып кылып колубузга берип жатса, күйбөгөн жериӊ күл болот экен. Балам 4 айдан бери кыймылсыз, үн-сөзсүз жатат. Көзү көрбөйт, кулагы укпайт. Жок дегенде «апа, бул жерим ооруп жатат» деп сүйлөсө жакшы эле го. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору 26-ноябрда бизди чыгарып салышты. «Мен бул бала менен кантип үйгө кетем?» десем, врачтар «дарылоо курсу аяктады, үйүӊөргө барып өзүӊөр баккыла» деп коюшту. Үйгө чыккандан 1 жумадан кийин эле балам куса баштады. «Жайыл райондук ооруканасына барбайм, көӊүлүм калды» деп көгөрүп үйдө багып жатсам, акырында балам кан кусуп жибергенинен чыдабай кетип түн ичинде машине менен алып бардык. Ал жакта кусканы токтогончо карап, кайрадан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жиберишти. Ал жакта да 10 күн жаткырып, «дарылоо курсу бүттү, үйүӊөргө чыккыла, биз жардам бере албайбыз» деп дагы чыгарып салышты. Биз эмне кыларыбызды билбей отурабыз (көзүнө жаш алып).
Балам түтүк аркылуу тамак ичет, аябай арыктап кетти. Атасы экөөбүз эптеп уулубузду айыктырып алалы деп 4 айдан бери иштебей чуркап жүрүп карызга да баттык. Борборго жакыныраак болсун деп Кара-Балтадан Сокулуктагы кайнимдикине келип жашап, күн сайын Аргенди Бишкекке менчик ооруканага алып барып келебиз. Аргендин дары-дармегине, памперсине, күнүгө барып келгенге машиненин майына акча кетүүдө. Болгон мүлкүбүздү күрөөгө коюп акча алдык. Калган балдарыбызды кайненем карап жатат. Алар кантип күн кечирүүдө, курсагы ачпы же токпу, мектепте кандай окуп жатышат, билбейбиз. Баламды майып кылгандар акыйкат жазасын алышсын же балам ооруканага кандай басып барса, ошондой бутуна бастырып беришсин.

«ОПЕРАЦИЯ ЖАСАГАНДАР ӨЗ ЫКТЫЯРЛАРЫ МЕНЕН ЖУМУШТАН КЕТИШКЕН»
Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери Болот Байканаев окуя тууралуу буларды билдирди:
– Арген бизге 6-октябрда түшкөндө хирург көрүп, «курч кармаган сокур ичеги» деген диагноз коюп, шашылыш түрдө операцияга алып кирген. Операция бүтө электе хирург "тампондор жетишсиз" деп тигилген жерди кайра ачып карап көргөн экен. Ошол маалда бала ушундай абалга келиптир. Негизи хирург «бир нерсе унутуп калдым окшойт» деп күмөн санаса, ачып текшерип койгону оӊ. Бала эмнеден улам мындай болуп калганы азырынча бизге да бүдөмүк. Оору таржымалын карасак, баланын кан басымы төмөн болчу экен. Дарыданбы, наркоз ашыгы менен сайылганбы же туура эмес операция жасалганбы, азыр атайын комиссия иликтеп жатат. Балага операция жасаган хирург менен анестезиолог өз ыктыярлары менен жумуштан кетип калышкан. Азыр баланын ата-энеси «хирургду качырып жиберди» деп мени күнөөлөп жүрүшөт. Хирург бул окуя болгуча эле чет өлкөгө барып окуп келгенге чакыруу күтүп жүргөн экен. Мен арызына кол койгон эмесмин, бирок Эмгек кодекси боюнча өзү арыз жазган соӊ 14 күндүн ичинде жетекчилик тарабынан кол коюлбаса деле жумуштан бошойт да.
Биз да четте карап отурган жокпуз. Бишкекке барып баланын ал-акыбалын сурап, үйүнө чыгып келгенде да барып көрүп, өзүбүздүн эсептен ооруканабызга 7-декабрдан 5-январга чейин жаткырып дарыладык. Азыр Аргенге атайын коляска алып келип койдук. Атасы келсе беребиз. Учурда бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

«ИШТИ ТЕРИШТИРҮҮ КӨПКӨ СОЗУЛУП КЕТКЕН»
Аргендин ата-энеси акыйкат издеп акыйкатчыга кат жөнөтүшкөн. КРнын акыйкатчысы Бакыт Аманбаевге кайрылып, бул окуя тууралуу кандай иштер жүрүп жатканынан кабар алдык:
– Чынында, Аргендин акыбалы оор, эсине келбей комада жатат. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору аны ооруканадан чыгарып салышканда туугандары бизге арызданышты. Мен саламаттыкты сактоо министрине жана Жайыл райондук прокуратурасына кат жолдоп, тез аранын ичинде акыйкат териштирип берүүсүн сурангам. Себеби бул ишти териштирүү көпкө созулуп кеткен. Саламаттыкты сактоо министри мага бул ишти өзү көзөмөлгө аларын убада кылды.

«ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮП ЖАТАБЫЗ»
Бул ишти тергеп жаткан Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Адыл Орозалиевге байланышсак, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Баланын ата-энеси бизге арыз жазган. Мен бала жаткан Кара-Балта шаарындагы Жайыл райондук ооруканасына жана Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, ал жакта иштегендердин бардыгынан түшүнүк кат алып, соттук-медициналык экспертизага жөнөткөм. Экспертиза татаал, жыйынтыгы качан чыгары белгисиз. Медицинанын ар бир тармагындагы атайын адистер дыкат иликтеп, аныктап чыгуусу керек. Ага убакыт талап кылынат. Эгерде экспертизанын жыйынтыгында баланын майып болушуна чындап эле дарыгерлердин күнөөсү бар деп чыкса, анда алар сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азырынча бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголо элек.

"Кечээ эле чуркап жүргөн баламдын кыймылсыз жатканына 4 ай болду".

"Уулумду күнүгө ушинтип ооруканага алып барабыз".

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Дарыгерлердин айынан уулум майып болуп калды"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(39)
SUPER.KG видео
31.01.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткан ыпаасын берсин ата-энесине сабр берсин! бул кундор да отуп кетээр... УРМАТТУУ ДАРЫГЕРЛЕР озунордун жумушунарды мыкты билсенэр боло!!! Албетте жоопко тартыш керек кийинкибизге сабак болор эле аз да болсо!!!
SUPER.KG видео
01.02.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай шаалакы врачтардын айынан канча деген бала оорукчан болуп калып атат.Кечээ жакында эле синдим тороп ымыркайдын башын урдуруп алып башына ошол жерден муз басыптыр да уйуно чыгарып коет баары жакшы деп уйуно келсе баланын башы шишип врачка чалса кардан басып койгула деп коюптур синдим жаштык кылып басып коюптур жакшынакай ымыркайды оорукчан кылып коюшту.
SUPER.KG видео
01.02.2015. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягына чейин коро албадым журогум чыдабады. Жараткан Аллаh Таала баласына шыпаа ата-энесине сабр берсин. Тиги врач эмне башы жокбу жаш баланы абдандап анализ койбойбу бироонун баласы эмне оюнчукбу ия? Супер Инфо жааматы ошол хирургдан интервью алыныздарчы сураныч
SUPER.KG видео
01.02.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уулунузга кудайым озу шыпаасын берсин.коп коп дуа кылыныздар кудайдан тилениздер
SUPER.KG видео
01.02.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобо кылдым биздин врачтарга вообще ишенич жокда мен рфтин жараны болгонума байланыштуу москвада тородум.врачтын чакырган кунуно барбай калсам объяснительный жазат элем эмнеге барбаганыма кыргызстанда эжемин боюнда бар бирда жолу врач креслодо карап корбоптур. Бул баланын ата энесине сабрдуу болунуздар демекчимин чырактай баланы майып кылыптыр колунан баледа келбеген врач соройлор эптеп дипломду атасынын акчасына сатып алгандар. Аллахтан коркула врачтар.
SUPER.KG видео
02.02.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдай чырактай баланы майып кылышыптыр акмактар.Соттош керек врачтарды.врачтардын шалаакылыгынан омур бою шалболобу бала.?Баланы Саламат Сактоо министри бекер дарылашы керек ошолор куноолу.Биздин врачтар коридордон бутушот окууну акча менен.Мы на результат.Уяты болсо министрдин чара короор ошол эчнерсе билбеген врачтарына
SUPER.KG видео
02.02.2015. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качанга чейин врачтардан жабыр тартабыз Кыргызстандын врачын кантип ишенебиз
02.02.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ ушул медицина жаатында окугандар акча бербей оздору окушса...СССРский спциалистер пенцияга кетишсе жалан эле адам олтургучторго калабыз.
02.02.2015. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку жактагылар чет олкого дарыланууга жоносо дарыгерлер чет олкого окууга жонойт экен.
02.02.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан канчалаган адамдар жабыркат тартып келишуудо. Аллахым берген дартына шыпаасын кошо берет буйруса сакайып кетет ИНШАЛЛАХ.
02.02.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллаым шыпаасын берсин жаратканым бир дагы нарисиени оорутпасын куноолуулор оз жазасын эртеби кечпи аларына ишенем
02.02.2015. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чырактай болгон баланын, ата-эненин коз жашы чет олкого жетпей калмак беле?! Аман-эсен айыгып кетсин...
02.02.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтышка соз жок.Кыйын болуптур чындыгында
02.02.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх эн оор нерсе бала грипп болуп калса эле кандай азап.
Айыгып кетишин кудайдан тилейм.
02.02.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айыгып кетсин бала.Кудайым шыпаасын берсин!
02.02.2015. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай 4 айдан бери экспертиза чыкпайбы иликтоолор журуп жатат деп шашпайт врачтар таанышын жок болсо акчан жок болсо комадагы баланы ары-бери ташыттырышканы акмакчылык,кудай жардам берсин периштеге,Ата-энесине убал болуптур,зээним кейиди шалаакылар эмне кылдынаар...
03.02.2015. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Операцияны врачтар акча берчу банкомат коруп алышкан. Ичин ооруп барса да операция кылыш керек деп. Мен операция кылам деп врачтар талашышат. Унутуп калса ачып коруш керек дегени туура эмес. Адам омуру кетип жатса врачтар унутуп жатса. Анда калгандарга жол болсун экен да. Милдеттуу турдо унутпаш керек.
03.02.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ак халатчандардын девизи ''адам омурун сактоо'' эмес, ''адамды олтуруу'' окшойт
SUPER.KG видео
03.02.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата-энесине сабыр берсин.
03.02.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш шордуу бала!
Айыгып эч нерсе көрбөгөндөй бутуна туруп чуркап кетсе экен!
Хирургтар бир нерсе унутуп калып, кайра-кайра сойгудай мал бекен?!
Күйбөгөн жериң күл болот, өздөрүнүн оозунан ушундай сөздү уксаң!
SUPER.KG видео
03.02.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтын такыр башы иштебейт экен эки жолу да наркоз береби?
04.02.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шапаасын берсин,жакшы болуп кетсин,элдин керегине жараган балдардан болсун оомийн!
04.02.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хурургту эле куноолой бербей эки жакты угуш керек Айтып жатпайбы ичинде тампон калып калыптыр деп экинчи жолу наркоз бергени ошол да.Айыгып кетишин кудайдан тилейм мен дагы. Врачтан да интервью алсанар болмок экен.
04.02.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай кылмыщ иши козголо элек дегенге такыр тушунбодум туура эмес операция болгон учун ушундай болгону айдан ачык болуп турбайбы 4айдан бери териштиртлбесе кандай тушунсо болот ХХХ иштей албасан еске тутуун начар болсо уйундо отурбайсынбы ХХХ экенсин
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-05 10:53:21
05.02.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elnuram090, этика нормаларын сактаңыз!
05.02.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озум да кыйналып аттым эле, окуп алып аябай ыйладым. Аман эсен айыгып кетишин мен да кудайдан тилейм. Ата энесине сабырдуулук, куч кубат бере кор.
05.02.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сакайып кетсин.....
08.02.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол тен эместа,биз врачтар мындай созду уккунда каттуу тийет.Бир кумалак карын майды чиритет деген ушу да.
08.02.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Доктур деген жон эле соз болуп калды акыркы убакта...ушунчалык кайдыгер болбосок ишибизге(((
08.02.2015. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы медицина тармагы боюнча окуу жайлардын окутуучулары, акча алып, Адам омурун алган кызматкерлерди даярдабагылачы.
09.02.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал шалаакы врач мумкун Москвада кыргыздардын поликлиникасыда еле иштеп жургондур.Баланын убалы койбойт баарыбир.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: