Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы мектептердин биринде 8-класста окуган кыздын боюнда бар экендиги тууралуу факт ачыкка чыкты. Маалым болгондой, 15 жашар кыздын ата-энеси Орусияга иштегени кетишип, кызын эжесинин үйүнө убактылуу ташташкан. Мына ошол тууганынын 21 жаштагы уулу окуучу кыз менен жыныстык катнашта болгонун 4-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Боюнда болуп калган кыздын ата-энеси курсактагы баланын атасын жазалоо суранычы менен органдарга кайрылышкан. Учурда бул окуя боюнча «16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 21 жаштагы жигиттин Орусияга иштегени кеткени айтылууда.
Ал эми окуучу кыздын өзүнө келсек, курсагындагы бала 7,5 айлык болуп калган. Кош бойлуу өспүрүм доктурларга ооруп жатканын айтып кайрылган. Текшерүүдө анын жакында балалуу болору билинген. Ага чейин кыздын ичи чыгып калганын байкабаган туугандары менен мектеп мугалимдерине да таӊ калуу жаралбай койбойт.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
Анткени кыз жигиттер эрте жетилип, гормондор эрте өсүп жетилген үчүн боюнда болуп олтурат да.
Азыр кыздардын этек кири 4-5 класста эле келип калган.
Аны ата энесине айтпай жашырышат.
Бул кыздын гана күнөөсү эмес.
Ошол окуган мектепте окуучулар үчүн интим жөнүндө ачык түшүндүрүү тарбиялоо сабактары болуш керекда.
ой койчу ай, башкасын айтсанда мейли эле.
Боюнда болуп калса эле акыр заман болот бекен?!
Только бул кыз "в не браке" боюнда болду да,
а эгер "в браке" боюнда болсо анда да акыр заман болобу???
Айтылат: "никесиз төрөлгөндөрдүн көбөйгөндүгү кыяматтын бир белгиси" деп.
Шончүн илгери кызды жетиле элегинде (12-13 жашында) эле турмушка берип коюшчу экен. Тайнем айтып калчу, "ал убакта күйөөгө тие элегиңде этек кириң келип калса коркчубуз. Апаларыбыз урушчу "каерге тууп койдуң" деп" деп...
http://www.super.kg/kabar/news/97957/