Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Бегимай Карабаева: «ЖОЛДОШУМ МЕНЕН АЖЫРАШТЫМ, ЭМИ ТУРМУШУМА ЭЧ КИМДИ АРАЛАШТЫРБАЙМ»

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж


«Баёо сезим», «Адашпайм», «Жалгыздык» деген ырлары менен эл оозуна алынган Бегимай Карабаева турмушка чыгып, эки кызын тарбиялап үйүндө отурган эле. Улуу кызы бешке чыгып калганда ырчы айым жолдошу менен ажырашып кеткенин билдирди. Турмуштан жолу болбогон Бегимай «эми чыгармачылыкка жан дилим менен киришем» дейт.

– Бегимай, салам! "Чыгармачылыкка кайттым, жеке жашоомдо да өзгөрүүлөр болду, жолдошум менен ажыраштым" деп жатасыӊ. Эмне болуп кетти?
– Ооба, чыгармачылыкка кайттым. Кайтканда да алдыма опол тоодой максат, пландар менен келдим. Кудайым мага ошол максаттарымды ишке ашырууга күч-кубат берсин. Жеке жашоомдо да чоӊ бурулуштар болуп кетти. «Кыздын барар жери күйөө» дегендей, бактымды табайын, бала жытын жыттайын деп, сүйлөшүп турмушка чыктым эле, тилекке каршы, ажырашып кеттик.
– Бири-бириӊерди жакшы билбей туруп эле турмуш курдуӊар беле?
– Жолдошум экөөбүз бир мектепте окуганбыз, менден бир жаш улуу. Ошондо эле жакшы сүйлөшчүбүз. Ортодон байланышыбыз үзүлүп калып, арадан алты жыл өткөндөн кийин кайрадан жолугушуп калдык. Экөөбүз сүйүшүп, бир айча сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Турмуш башыӊдан өтмөйүнчө баары бир түшүнбөйт экенсиӊ. «Ажырашып кетиптир» дегендерди укканда «эмнеге ажырашып кеттиӊер, сүйүшүп жүрүп үйлөнбөдүӊөр беле? Сүйлөшүп табышып албайсыӊарбы?» деп баарын оӊой ойлочумун. Көрсө, жашоо биз ойлогондой жеӊил эмес экен.
– Кайын журтуӊду түшүнүктүү, интеллигент адамдар деп уктук эле. Катачылык кимден кетти?
– Кайын ата, кайын энем абдан жакшы адамдар. Беш жыл жашадым, ошончо жүрүп бир да жолу алардан жаман сөз уккан жокмун, мени өз кызындай көрүшчү. Аларды азыр деле сыйлайм. Сонун күндөрдү башымдан өткөрдүм, бирок жолдошум экөөбүздүн ортобузда эч кимге айтылбаган бир гана нерсе туруп алды. Ал нерсе болбогондо дагы деле чогуу жашай бермек элек. Экөөбүз урушуп-талашпай дасторкон үстүндө баарын чечишип алып эки жакка кеттик. Кайын журтум дагы «бул экөөӊөрдүн турмушуӊар, өзүӊөр чечкиле» дешти.
– Кыздарыӊдын экөө теӊ сендеби?
– Улуусу Айдай төрт жарымда, ал атасында. Анткени ал учурда Ош шаарында англис, орус тилдеринен сабак алып жатат. Мен кичүү кызым Адемай менен Бишкекке келе бергем, ал үчтө. Учурда жөн отурбай визажисттин курсуна окуп жатам. Бүтүп алып сулуулук салондорунда иштеп тажрыйба топтоп, анан Баткен шаарына Бишкектегидей заманбап салон ачсам деген тилегим бар.
– Кызыӊ атасын сагынып ыйлаган жокпу?
– Улуусу атасына, кичүүсү мага жакын. Кичүүсүнө мен эле болсом болду. Ошентсе да атасы үйгө тез-тезден келип турат.
– "Жаштык кылып эрте турмушка чыгып алдымбы?" деп өкүнгөн жоксуӊбу?
– Өкүнгөн жокмун. Өтө жаш деле турмушка чыккан жокмун. Кыз бала үчүн 23 жаш ак-караны ажыратып калган курак. Алтындай эки кыздын энеси болдум. Апамдын кадырын түшүндүм. Жашоо эмне экенин жон терим менен сездим. Турмушка чыга электе таптакыр башка Бегимай элем, азыр 180 градуска өзгөрдүм.
– Мурун кандай элеӊ да, азыр кантип өзгөрдүӊ?
– Мурун көк бет, каалаганымды жасатчумун же жасачумун. Көп да сүйлөчүмүн. Азыр сабырдуумун, ойлонуп иш кылам, көп сүйлөгөнүмдү азайтып, укканга өткөм. Бир нерсени угуп, көрүп коём, бирок аны талкууга алып сүйлөй бербейм. Мурун чечим кабыл аларда апамдын кеӊешин колдойт элем. Азыр "бул жеке менин турмушум, өзүм билем, мындан ары жашоомо эч кимди аралаштырбайм" деген принципке туруп алдым.
– Чыгармачылыкка кандай пландар менен кириштиӊ?
– Сахнаны аябай сагынып калыптырмын. Жолдошум менен жашап жүргөндө «мен ырдайм, колдоо көрсөт» десем таптакыр бул теманы жаап салган. «Унут да, ал теманы экинчи козгобо» дечү. Кээде гезит окуп калсам «ии, дагы гезитиӊди баштадыӊбы?» деп калчу. Ошондо жараны ырбатпайын деп, анын айтканы менен болуп, сахна деген баштыгымдын оозун жаап койгом. Эми белимди бекем бууп киришип жатпаймынбы.
– Жаӊы ыр жаздырдыӊбы?
– Бек Борбиевдин Назми эже ырдаган «Тамаша» деген ырын жаӊы жаздырдым, жакында радиолордон уга аласыздар. Анын артынан эле дагы бир ыр жаздырып, клип тарттырганы турам.
– Чыгармачылыктан беш жылдай алыс жүрдүӊ, жалгыз иштөө кыйынчылык туудурса керек, бирөө-жарым менен чогуу иштешүүнү ойлонгон жоксуӊбу?
– Ушу тапта кеӊеш сурап байланышкан адамдарым бар. Бирок кимдир бирөө менен чогуу иштешүүнү ойлонбоптурмун. Кандай кыйынчылык болбосун мен азыр баарын көтөрүүгө, аны жеӊүүгө даярмын.
– Оштон концерттерге барчу белеӊ?
– Бир да концертке барган жокмун. Ал гана эмес, чынын айтайын, турмушка чыкканы шоу-бизнестегилердин эч кимиси менен байланышпадым. Балдарымдын кийимин жууйм, тамак жасайм, бала бакчага алып барам, алып келем. Анын арасында балдарыӊ оорушат, алар менен кошо ооруп калат экенсиӊ. Ушуну менен эле күнүм өтчү.
– «Эмне ырдабай калдыӊыз?» деп сурагандар болчу беле?
– Ооба, аябай көп сурашчу. «Эмне ырдабай калдыӊыз, ырларыӊыз бизге жакчу, качан чыгасыз?» деп сурай беришчү. Азыр деле чогуу окугандар таанып сурап жатышат. "Турмушка чыктым, балалуу болдум" деген жоопту узатам. Тааныштар жолукканда ден соолугуӊдан кийин эле «балалуу болдуӊ беле?» деп сурашат экен. «Канча кабат үйүӊ бар, машинаӊ барбы, канча алтыныӊ бар, дүкөн ачтыӊ беле?» деп сурабайт экен да. Көрсө, бала баарынан бийик, кымбат турбайбы.
– Баягыдай жаш кыз эмессиӊ, бир турмуш көрүп калдыӊ, колуӊду сурагандар болсо эми жигиттердин эмнесине карайсыӊ?
– Азыр бул жаатта мен эч нерсе айта албайм. Жакынкы күндөрдөгү пландарымдан таптакыр чийип салгам. Ал туурасында ойлогум да келбейт. Менин эӊ негизги максатым – кыздарымды аман-эсен чоӊойтуу жана чыгармачылыгымды колго алуу. Баарынан жүрөгүмдү өйүгөнү эркектер аялдары менен кеӊешип иш кылышса. Менин жолдошум кеӊешүү дегенди билчү эмес, баарын өзү жасачу. Мага жоопкерчиликтүү, сарамжалдуу, үй-бүлөсүн ойлогон, эрки күчтүү мырзалар жагат. Бардык айымдарга ушундай мырзаларды каалайм.
– Рахмат маегиӊе, чыгармачылык эргүү каалайм!

"Кичүү кызым Адемай менин жанымда".

"Жолдошум мени менен кеӊешпей өз билемдик кылып жүрдү".

Бегимай сахнаны багындырып жүргөн кези.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(108)
09.02.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канткенде да 2 кызы бар екен атанын орду болок келечекте атанын да тарбиясы керек болуп калат ошондо окунуп калбас бекен.
15.02.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marmilantka, Созуно караганда абдан эстуу жан экенсин, оз турмушунда ушул акылындан тайба ылайым. Айткандарын жаштыгы менен космосту энсеген, кийинкисин ойлонбогон аял затына чон тарбия, азаматсын.
09.02.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы эле жигит корунот. Ортонордо ото олуттуу чон проблема болбосо кайра жарашып алгыла жакшысы, Кыргызстанда ажырашкандардын санын кобойтпой.
09.02.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм кааап жаман иш болуптур уй було бузулса жаманда.
10.02.2015. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ортодогу балдарга эле жаман да....
09.02.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жаман мактаныпсын го,ээлибиздин ушундай абройлуу кыздарыбыз ажыраштым деп мактанып жатса,жөн кыздарыбыз каяка барат.
09.02.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жашоо болбой калса чечкиндуу болуп ажырашыш керек!Эзилгендер деле бар!Кулагын дулой кылып салса деле эзилип журо беришет!Баштты бийик которунуз бактылуу болосуз созсуз!
09.02.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурда ырлардын текстине конул болчу эмессин, мейли жаш элен. Эми тексттерине маани берип ырдайт болушун керек. Озгордум депсин, чыгармачылыктагы табитинда озгоргондур?!
09.02.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашоодо нелер болбойт..баарын кутсо болот.Бегимай сага берээр кенешим жолдошун ошол сен жакшы коргон кыздарындын атасы.Жаман соз айтпа аркасынан.Эчкимге сыр бербе,ичине сакта баардыгын.Жолдошун мн жараш,кыздарындын кийинки турмушун ойло.Мин жакшы багып тарбияласан дагы ал атасынын орду башка.
09.02.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ажыраштым Деп мактанатко
09.02.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажырашып эмне пайда табасын?ошону ойлоп корчу,арада 2 кызды кыйнайсынар огой ата огой энеге коз каранды кылып!!Сабырдуу жана кечиримдуу болуп жарашып эле алгыла..Балдарым учун мен душманым мн да жашашка даярмын..Бала деген омурдун булагы.
09.02.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайын журту ото жакшы адамдар. Куноо кимден кетсе да жакшы иш болбоптур. Не болсо да, карьеранды эмес кыздарындын келечегин ойло
09.02.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыкта кыйла эле ордун тапкан эле,бирок жолдошун жамандабай эле койсо болмок озу макул болуп тийгенден кийин,анан да эки кызы учун чыдап жашашса болмок-биринчи уй-було маанилуу да.
09.02.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажырашып балдарды кыйын кунго салыптырсынар да, оба балдар кыйналбайт силердей адамдардын колунда бирок ичинен оксуп отот ата-энем эки жакта деп... Бактылуу болгула эмнеси болсо да.
09.02.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Осом, оном деген аялзаты ажырашса да куйоосун жамандабайт, Пугачева болуп кеткендей эле мактаныптыр да, бул атты мен биринчи угушум
09.02.2015. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыйналып жашагандан коро ажырашып кеткенин он болуптур.Башка ырчылардай болуп жок ырдайм дебесе айылда жашаса куйоосу жакшы караш керек болчу.Жакшы жерден эч ким кетпейт.Бирок сага айтарым сырынды ар кимге ача бербе гезитке ал нерсени жарыялаштын кереги жок.Чыгармачылык ийгилик.
09.02.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки кызы менен ажырашпай эле койбоптур. эмнеси болсо да мындан кийинки жашооно ийгилик.
09.02.2015. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тааныбайт экенмин бул ырчыны
09.02.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менин коментимди неге очурдунор яя?!
10.02.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
SULUU-KYZ, саламатсызбы!
Сиз бул макалага комментарий жазган эмессиз.
09.02.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ортого бир кара мышык бардай сезилди....неси болсода бакыт кушу алыс учуп кетпесин!
09.02.2015. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кайсы ырчы,ырчылар эле кобойуп кетти
09.02.2015. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчыны бир кездерде суйчумун да, ишенем мындан ары сабырдуулук менен тилеген максаттарына жетсин.
09.02.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи эр сени,балдарынды жыргатмак беле.куноо сенде эле болуш керек деп ойлойм мен.ХХХ ХХХ тойлордо ырдап журдунда.ырчылардын кобу эле ушул себептен ажырашат.ХХХ ХХХ ХХХ.балдарынды ойлосон мындай ишке барбайт эленда.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-10 11:46:18
10.02.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakulya79, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 2 күн БАН!
10.02.2015. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakulya79, ырдабай уйдо олтурдум деп ататко
Модератор admin_superstan түзөттү 11.02.2015 10:20
12.02.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakulya79, экинчи турмушума эч кимди аралаштырбайм деп турат темада))) мындай сарасеп салсан окуп жатканда
10.02.2015. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
МММ да уж... Не мы такие а жизнь заставляет дейбиз баарыбыз... Бир колдон ун чыкпайтда эки колдон чыгат. Эркектер уйбулоодо кожоюн бирок аял да кочодо калган эмесда Алда бироонун козун карап чонойткон периси атасынын эркеси. Ата энесин бир тууганын таштап жат уйбулоого барып було болуш кыздар учун онойго турбайт. Куйоосуно ишенип- ата оордуна ата эне оордуна эне ага оордуна ага болот деп башни кошсо мындай кылык корсотуп жатсанар эч кимге жакпайтго деп ойлойм....
10.02.2015. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратыпсын!!!
10.02.2015. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оздору билет да.не болуп ажырашканы биз учун сыр экен.
10.02.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башынардан отпогондон кийин бироону соз кылганга жол болсун,качан башынан откондо тушунот адам.
10.02.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куноо менимче Бегимайда окшойт, куйосун жамандаганына караганда, ажыраша албай эле тургандай корунот куйосу менен, конулу куунак кыз окшойт, мактанчаак, озун которгон, эмнеси болсода кыздарынды ойло ааа сахнаны ойлобой, кыздарына конул бура албай каласын эртенки кундору, негизи азыркы кыздардын кобу дал ушул Бегимайдай, эээн эркин кафе той ойношсо чабандес болушууну каалап калышты, эгер катуу тийсе кечирим сурайм.
10.02.2015. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менимче уй келини болуп отура бериш бул кызга жакпай,тажап чыдабай калган.(убагында бул кыз 2-3 фонограммасы менен бирраз таанылгансып калган болчу)Азыр шоу бизнес кандайдыр денгеелде осуп онугуудо,жаны форматтагы клиптер тартылып,ырчыларга ар кандай олколорго путевкалар берилип ж.б.Негизинен булардын жашоосу бир караганга малинадай корунот эмеспи.Кайрадан эл козундо болгусу келгени го бунун.Семьянды сактап калсанчы андан коро.Сени азыр бироо жарым колдоп-суроп кетишине кумонум чон.Таанышпайт
10.02.2015. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркин журуп, сахнага чыгыш учун ажырашкан болсон жанылышасын. Коп болсо сахнада Саламат эжебизче бардырсын. Саламат эжебиз деле окунгонун айткан.
10.02.2015. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйоосу озумчул болуп,аялы менен кенешпесе анда аялын тооготпогондугу,куноо Бегимайда эмес,куйоосундо да бардыр,мумкун башканы таап алгандыр!
14.02.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жактын ой пикирин угуп, анан жыйынтык чыгарам. Бирок эркек баары бир эркек боюнча калганы жакшы.
10.02.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык айымдар бирдей: Куйоосу канчалык жакшы болуп турса да,ал аздык кылат. Анан да ажырашкандан кийин,куоосунун кылган мин жакшылыгынын бирин да жокко чыгарып,жаман атты кылат. Булар эмне деген калк,тушунбойсун. "Бала эле тороп бербесе,балталап салчу калк экен " деп бекер айтпагндыр Байдылда.
12.02.2015. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
EdikoKG,жигит ары бери жагынды карап жазчы ээ)))) азыр баары наоборот экенин биле элек окшойсун
13.02.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Deniza88, Наоборот болуп,айымдар айнып жатат. Жегил ой кетип. Акча,дуйно деп,семьяны калтырып.
13.02.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG,беш кол тен эмес.ошондо озунордун чонойткон эненерди кошуп айтып жатасынарбы,баары бирдей дегенге кошула албайм.жашоо эми алардыкы эмнеси болсо да жаштарыбызга ыйман берсин.
13.02.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos, Албетте беш кол тен эмес. Бирок,акча,дуйно аялдын жузун кандай кылып озгортоорун билип койгонунар кем болбос.
15.02.2015. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos, мурдакы аялдар менен азыркы аялдардын асман менен жердей айырма бар азыркылар женил ойлуу жогорудагы EdikoKG айткандай эле болуп атат.
14.02.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG, ХХХ ХХХ Беш кол тен эмес, ойлонуп жазыныз! Кээ бир Эркекти жолго таштаган кыйын аялдар бар. Бул ырчы кыз озундо деле куноо бардай, мунозу корс окшойт деп ойлоп калдым.
Модератор admin_media түзөттү 2015-02-16 10:20:25
16.02.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG, Senuchunzhashaim,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: