БИР БҮРКҮМ
№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
-
ЖУМАГҮЛ РАИМЖАН кызы жазында Түркия, Малайзияга эл аралык музыкалык фестивалга барууга камданууда.
-
Тамада, телеалпаруучу САНЖАР МЫКЫЕВ жакында Коомдук каналдын «Түнкү Кыргызстан» берүүсүнө алып баруучулук кыларын айтат.
-
«ИНСАН» тобу кайрадан жанданып, 25 жылдыгын белгилөөгө даярданышууда.
-
Ырчы ДИНАРА ТИЛЕКЕЕВА үй сатып алганын сүйүнчүлөдү.
-
11-февралда ырчы АРСЕН Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде чыгармачылык кечесин өткөрдү. Кечеде ырчынын «Сени издеп», «А бирок билбейсиӊ», «Кыргыз жерин даӊктайлы» аттуу ырларына тартылган клиптеринин бет ачары болду.
-
Манасчы, актриса ШИРИН САРЫГУЛОВА Хонда үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду.
-
Учурда «КАУХАР» бий ансамбли менен «ТАБЕРИК» музыкалык театры Индияда жыл сайын өтүүчү Элдик маданият фестивалына катышууда.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1