Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КЫРК ЧОРО» БААТЫРДЫКПЫ ЖЕ ӨЗ БИЛЕМДИКПИ?

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж


«Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин "Кырк чоро" кошууну өткөн жылдын декабрь айында «Таатан» соода борборунун жанындагы караоке-барды текшерүүгө алышты. Аталган текшерүү тартылган видео интернет айдыңына таркатылып, ал жерде кыргыз кыздар кытайлык жарандарга интимдик кызмат көрсөтүшөрүн бирикменин мүчөлөрү айтып чыгышкан. Мындан улам "чоролорду" сындагандар да, колдогондор да чыкты.
Бул бирикменин максаты эмне? Алардын жасап жаткан иштери мыйзамдуубу? Жасаган иштери пайдалуубу же тескерисинче зыян алып келеби? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.

«Кыргыз чоролорунун» "эрдиктери":

2013-жылдын май айында Чүй облусунун Гроздь айылындагы кытай жарандары иштеткен кыш заводун текшеришкен. Ошол эле жылдын июнь-август айларында Чүй облусундагы бир нече кыш чыгаруучу кытай жарандарынын заводдорун да текшерүүгө алышкан.
2014-жылдын февраль айында Кара-Балтадагы «Жунда» нефть кайра иштетип чыгаруу заводунун иштешине каршы акцияга катышышкан.
2014-жылдын март айында коомдук бирикменин мүчөлөрү Кемин районундагы кытайлык ТВЕА компаниясында иштеген кытай жарандарын текшеришкен;
2014-жылдын май айында «чоролор» Токмоктогу нефть кайра иштетип чыгаруучу заводду да текшерүүгө алышкан;
2014-жылдын декабрь айында «Таатан» соода борборунун жанындагы кытайлык жарандар эс алуучу караоке-клубга кирип барышкан;
2015-жылдын 23-январында «Кыргыз чоролору» «Люкс» жана «ХО» караоке-барына кирип, жашыруун сойкуканалар бар же жогун аныктоо үчүн текшерүү иштерин жүргүзүшкөн

Замирбек Көчөрбаев, «Кыргыз чоролору» бирикмесинин мүчөсү: «БИЗДИ ПАРТИЯСЫНА ЧАКЫРГАНДАР ДА БАР»
– Бирикме 2010-жылы 8-августта «Ала-Тоодон Алтайга Манас баскан жол менен» деген жүрүшкө барган жигиттер кайтып келгенден кийин түзүлгөн. Мыйзамсыздыкты жоюу, коррупция менен күрөшүү жана улуттун коопсуздугунун алдын алуу максатын коюп келебиз. Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуу жүрүшүн камсыздоо боюнча иш алып барып жатабыз (ред. Алар кандай негизде чет өлкөлүктөрдүн жүрүшүн текшерүүгө алып жатышканын тактап айтып бере алышпайт. Укук коргоо органдары менен түзүлгөн меморандумга таянышууда. Бирок бул документ текшерүү жүргүзүүгө укук бербейт). Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы миграция башкармалыгы, Баш прокуратура жана УКМК менен түзүлгөн меморандум бар. Анда «Кыргыз чоролору» мыйзам чегинде иш алып бара алат деп жазылып турат.
2014-жылы декабрда «Таатан» соода борборунун жанында жашаган тургундардан "мамлекеттик органдарга кайрылсак да ушу сойкукананы жаппай коюшту" деген кайрылуу түшкөн. Биз ал жакта мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар бар-жоктугун тактайлы дегенбиз. Иликтөөдө кытайлык гана жарандар кирип көңүл ачарын, аларды кээ бир мамлекеттик кызматкерлер калкалап жүргөндүгүн биле алдык.
Бизге кылмыш иши козголду деген маалыматтарга келсек, алар жалган. Биздин эч бир мүчөбүзгө иш козголгон жок.
Бүгүнкү күндө бизди партияларына чакыргандар да жок эмес. Бирок бирөөнүн акчасын албай, өзүбүз алга жылабыз деген ойлорубуз бар.

МЕМОРАНДУМ ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРБЕЙТ
Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башкы адиси Эмир Зулпуев: «Чынында эле "Кыргыз чоролору" коомдук бирикме катары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүптүр. Башкача айтканда, коомдук бирикмеге тиешелүү документтерди берген соң каттоого алынган. Коомдук уюмдун иш-аракети уставына жараша болот. Мыйзам чегиндеги устав болсо ал каттоого алынат. Бирок коомдук бирикме мыйзам бузууларга барса аны тиешелүү мамлекеттик органдар көзөмөлгө алат»,- деп билдирди.
Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы «Аталган бирикме менен коррупцияга каршы аракет көрүү боюнча меморандум бекитилген. Документ текшерүү жүргүзүүгө эч кандай уруксат бербейт. Андыктан "Кыргыз чоролору" уюмунун эс алуучу жайларды текшерүүгө алгандыгы ошол меморандумга ылайык келбейт жана УКМКга тиешеси жок",- деп билдирген.
Буга катар эле Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Санжар Абжалов: «Негизинен Баш прокуратура менен «Апрель байрагы» коомдук бирикмесинин ортосунда меморандум түзүлгөн. Ал эми «Апрель байрагы» бирикмесинин ичинде ар кандай 19 кыймыл, уюмдар анын ичинде «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси бар экен. Ошондон улам меморандум бар деп жатышса керек. Бирок ал меморандумда аларга текшерүү укугу берилген эмес»,- деди. Ал эми Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынын кызматкери Олжобай Казабаев аталган коомдук бирикменин көңүл ачуучу жайларды мыйзамсыз текшерүү фактысына байланыштуу «өзүм билемдик,» жана «тоноо» беренелери боюнча иш козголгонун маалымдады.

Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин депутаты: «ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРГӨ КЫРГЫЗСТАН ТАИЛАНД БОЛУП КӨРҮНБӨШҮ КЕРЕК»
– Аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт! Энесин, кызын коргой албаган эркек жигит эмес! Биз намыстуу, жеке абийирди болобу же улуттук абийирди болобу эң жогору койгон элбиз. Ошол үчүн улутун шерменде кылып жаткан эркеги болобу, аялы болобу аларга кайдигер болбоо керек. Эгерде кайдигер болсоң, анда сен маңкуртсуң! Чоролор маңкурт жана кайдигер эмес!
Экономикалык же саясий реформаларга караганда эң керектүү, эң татаал реформа – бул руханий чөйрөдөгү адеп-ахлактын чөйрөсү. Улутту сактоодо намыскөй жигит ар кандай ишке барышы мүмкүн.
Ооба, чоролордун иш-аракеттери мыйзамга туура келбестир, бирок бийликтин шалаакылыгы, укук коргоо органдарынын кош көңүлдүгү жана элибиздин ыйманы төмөндөгөнү аларды ушундай "санитардык" иштерге түртүүдө...
Мисалы, Бириккен Араб Эмиратына, Сауд Арабиясына, Иранга, Малайзияга жана башка мусулман өлкөлөргө чет өлкөлүктөр барышса алар сөзсүз ошол мамлекеттин мыйзамдарын сыйлайт жана жергиликтүү калктын үрп-адаттарын урматтайт. Чет өлкөлүктөр жүрсө таза жүрүшсүн. Кыргызстан алар үчүн экинчи Таиланд болуп көрүнүш керек эмес!

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: «БУЛ ЭМНЕ ЖАПАЙЫ МАМЛЕКЕТПИ?!»
– Менимче, бул аша чапкандык. Бирөөнүн аймагына кирип барып тебелегени – өзүм билемдик. Алар өздөрү кандай гана асыл, тунук тилектерди ойлобосун Кыргызстандын өзүнүн мыйзамдары, атайын укук коргоо органдары бар. «Кыргыз чоролору» күчүн мамлекетке көрсөтсүн, пикет өткөрүшөбү, митинг кылышабы... Ал иштерге аябай тунук максатта барса да эртең дагы башка бир 20-30 адам үйлөрүбүзгө кирип келип текшере баштаса эмне кылабыз? Бардык түшүнгөн адамдар, мыйзамды сыйлагандар кооптуу иштер орун алып жатканын сезип жатышат. «Кыргыз чоролору» ошончо эле кыйын болсо ошондой жайларда отурган депутаттарды, генералдарды, прокурорлорду эмнеге кармашпайт?! Эмнеге күчүн чет элдиктерге көрсөтүшөт? Бул одоно көрүнүш. Эгер Кыргызстанда тартип орноп, бардыгы идеалдуу болуп туруп, анан чет өлкөлүктөр эле чардап жатса анда бир жөнү болмок. Каршы чыксаң тартип бузган кыйындарга, министр, депутаттарга каршы чык. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Канткен күндө да чет элдиктер биздин конок. Алар тартип бузса укук коргоо органдары чара көрсүн. Анан топтошуп алып коркута бергидей бул эмне, жапайы мамлекетпи?!

"Кырк Чоро" кошуунунун караоке-барларга барган "рейддеринин" биринде

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(85)
23.02.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Мыйзам чегинде, мыйзам чегинде" деп эле айтышат ушул биздин чон соройлор. Оздоруно келгенде кимиси мыйзам чегинде иш кылышты?
23.02.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч кандай андай болгон эмес. Болгону кыргыз КЫЗДАРЫН алып чыгып кетишкен. Бунун неси тоноочулук.Силер озунордун карындашынарды, эженерди коргой албай жатсанар бул жакта башка бироо кыргызым деп коргоп жатат. Мыйзам бизде качан эле иштечуу эле. Же мыйзам намыстууларга гана иштейби. Рас мыйзам бар экен кедейге да, байга да, жетимге да жесирге да, жогору жактагыларга да, томон жактагыларга да бирдей иштесин. Эгер андай болбойбу мыйзамды оозунарга албагыла. Козунорду ачкыла кыргыз калкым.
23.02.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай намыской жигиттер чыгып жатса тоноочулук деп баспай, которгуло.
23.02.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоролорду кош колдоп колдойм Аззаматсынар эркексинер ошол кыздарды урсанар да мен колдоймун. Ким силерге каршы чыкса ал эл душманы жана Кыргыздын душманы. катары баалайм.
23.02.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанагы аялын сабаган зордуктаган педофилдерди тарбиялашса абдан да жакшы болмок.
23.02.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен да колдойм Кырк Чоролорду...
23.02.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жапайычылык! Же мамлекеттик коопсуздук кызматы иштесин же ушулар. Озум билемдик бул.
23.02.2015. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur92sultan, Коопсуздук кызматы иштебегени учун ушулар иштеп жататда
23.02.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамга баш ийген болуп коруно бербегилечи!Мыйзам баарына "тен" болуш керек ошондо ар бирибиз баш иймекпиз!Азаматтар,сиздерге окшогон намыской элим жерим деп куйгон инсандарга суусап турушат элибиз...
23.02.2015. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырк чорого макул жакшы мыйзамсыз иштерди текшерип жатышыптыр. Бирок Невтини кайра иштетип чыгуучу заводго эмнеге каршы чыгып жатышат? Чет мамлекетке жалдырап ошол жерден куйуучу май ташыгылары келип жатабы же кыргызстан озу май чынарган жакшыбы? Ал заводдун мыйзамын текшерсе текшерсин бирок заводдун иштегенине каршы чыкпасын. Ал завод иштеш керек куйуучу майды оз жерибизден чыгарган жакшы болбосо бая 2011 жылдагыдай дизел дефицит басса кором ошондо. Май дыйкандарга аябай керек тийишпегиле завод
23.02.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Кырк Чоро! Сойкуларды жок кылгылачы.Аларды уюштуруучуларды, баарын тиги кочо сойкуларын тазалагыла силерге ийгилик!Эдил Байсалов озу сен кыргызга куйосунбу?, карындашын же кызын сойку болсо экен коноктор келиптир деп коюп бересин
23.02.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eldar87,1000 % кошулам Кырк Чорону колдош керек азматсыздар элим жерим деген патриот инсандар башка улутагылар Кыргызстанга толуп кетишти каалаганын кылып каалагандай журушот сойку каналардын баары эле кыргыз кыздары харам акча учун денесин сатышат кыргыздардын наамысын коргоп чыгып жатат бекерчиликтен чыккан жоок мыйзам мыйзам дейсинер мыйзамды биринчи атка минерлерден башташ керек аларга акча болсо болду кыйратса ушул убакка чейин кыйратышмак
23.02.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koldoym!Alga!Militsiyalar da koldosh kerek bunu,koro albastik kilbay,echkimdi olturup atkan jok go akiri,adam olturup dele miyzam buzup jurgondor bar
23.02.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоролор, Ошгода келип ушинтип рейд жургузгулочу, сураныч.
23.02.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыгында мамлекетте порядок жок болгон учун,куч органдары,мамлекеттик кызматтар коррупцияга батып турушса,Кырк чоролордун коомду кичине болсо да тазалоо аракетин туура эле кором.Анан нефть жана башка заводдорду текшеруу бир чондун буйругу менен эмеспи?Ким каржылап турат,ошол жонундо да кененирээк маалымат жаза кетсениздер.
24.02.2015. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсыл мыйзам, качантан бери иштеп жатат? Мыйзам деп куйдуротда!
Чоролор туура кылат, кош колдоп колдойм!
24.02.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул болгон окуя уксанар ,менин эки досум бир сойкуга барат ооруу жугузат экоотен алар аялдарына отот , чыр болуп баары дарыланышты бирок ошондон кийин алар балалуу болбой калышты бироонун бир уулу бар , бироонун бир кызы бар . Ал сойку канча кыргызды тукумсуз калтырды ? Баарыбызга ыйман берсин кудайм ,баарыбыздын эже-карындашыбыз бар ,буларга каршы туруп жок кылганга аракет кылалы.
24.02.2015. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турсунбай агабыздын Оштогу точкаларын эл айтып эле журушпойбу тооба уялбай суйлогонун! Намыстуу элбиз деп куйдурот! Чоролор ушул агабызды дагы териштирип коюшса жакшы болмок. Чоролор алга!
24.02.2015. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jogorku byilik mn ukuk korgoo organdarybyz kahan ele korrupsiyaga malynyp butso...kyzdar akha uhun ar kanday yplas iwterge baryp jatywsa...chet olkoluktor kaalaganyn kulup,bizdin urp-adattardy syilabasa...anan alardyn baaryn nukka tuwuro turgan eh kim bolboso,baary oz janyn gana oilowot...Demek biz bul kyrgyzdyn patriot jigitterine koldoo korsotup anan yraazy boluwubuz kerek...arabyzda uwunday chynygy jigitter kalganyna...Iygilik silerge!!!
24.02.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эдил мырза билет экенсиз баарынын устундо чиновниктер бар экенин. А эмнеге озунуз кармабайсыз? Укук коргоо органдары чечет деп айткан жериниз бар экен. Кайдан чечет? КРда качан адилетту чечилди эле? Баары коррупция укук коргоочун да башкасы да. Ошолор чече албай ушундай иштер болуп жатпайбы! Ошол сиз айткан "жапайы мамлекетте " жеткирбейли, намыстуу бололу деп аракет кылып жатат Чоролор. Патротчулук жапайы а сойкучулук эмне анда?
24.02.2015. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура эмес.буларды камаш керек.буларды коруп эртен дагы бир топ чыгат даватка чыгып.сонушкула деп.бурсугуну дагы бир топ чыгат уйубузду тинтип налог токкуло деп.беспредел болуп кетет
24.02.2015. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edil myizamga baw iebiz dep namysyny tebeletkenden koro japaiychylyk menen bolso da namysty korgogon artyk!!!1-namys anan myizamyny tyzo beresin ochkini tazalap alyp!!!
24.02.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эдил Байсаловдун бир кызы жоголуп кетип ошондой сойку канадан чыкса корот элем. Ошондо ушу кырк чородогудай жигиттерге зар болуп жанагы бийлик тоболдору колдогон сойку канандан кантип кутутулаар айласын таппай турмак
24.02.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы менен аялын таштап, башкага үйлөнгөн Тата Улан ушулардын арасында деп жүрүштү беле? Кыргыздын келечегин ойлогон иырзалар аялын менен ажырашып, баласын ара жолдо калтырмак беле? Алгач өздөрү үлгү болушсун элге, чынбы? Калп эле бир нерсе өндүргүсү келген коом окшойт деп эле ойлоп калдым
24.02.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге демократия ушул сыяктуу нерселерди алып келди. Голубойор ачыкка чыга баштатды. Бала-чакаларыбыз буларды корсо кандай болуп чоноет. Мындайлар кобое берсе, ким коргойт мамлекетти? Мыйзамдын баары кыргыз элибиздин маданиятына, адеп-ахлакка, улуттук салт-санаага таянып кабыл алынышы керек. Европанын баардык эле стандарттары бизге туура келе бербейт.
24.02.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы унутта калган мыйзамдарды айтып жатышат я не пойму. Я с Вами братья " Кырк чоро" . Алга! Алга! Алга! Керек болсо президенттин уйун текшергиле.... Ну и что с того.. Проверьте.... Атка минерлер алдын Ала текшеруу оздоруно жете электе токтотуп калалы деп чечишкенго сыягы
24.02.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнегедир жалан кытайлыктарга каршы иш кылышыптырго...
24.02.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калп эле "патриот болчубуз!!!" деп жылаңач төштөрүн койгулап, бирөөнүн кызыкчылыгын коргоп, алардын каршылаштарына бут тосуп жаткандар. Эптеп соодалашып бийликке, жок эле дегенде мандат алып парламентке келип, мыйзамсыз, маданиятсыз, түркөй жоукрту, чайкоочулукту уланткысы келгендер!!!! "Патриотпуз" деп күйгүзбөгүлөчү!!!!
25.02.2015. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrk 4oro alga .men koldoim
25.02.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эдил байсаловтун созуно кошулбайм. ушундай рам ишти токтоткондорду колдош керек ти эле жапайы мамлекетпи деп илимдин туу чокусуна чыгып алгансып ..Жакшы иш башаты акырындап жолго салуу керек мындай шариятка каршы иш кылып жаткандарды
25.02.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанагы эшек союп аткан касапчыларды да ушу Кырк чоролорго салып бериш керек.
25.02.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 Choro-nazistter !!!
26.02.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
FSB,Ошондойу да керек Кыргызстанга. Башка мамлекеттерде бар, а неге бизде жок болсун...?! Жириновскийге окшогон бир депутат керек и "Кырк Чорону" колдойт турган болушу да керек.Ошондо Кыргызстанда кичине болсо да порядок болуп калат..
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: