БИР БҮРКҮМ
№643 27-февраль-5-март, 2015-ж
-
АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА жаӊы бий студиясын жана сулуулук салонун ачууга даярданууда.
-

Ырчы
РОЗА ШАКИРОВА Тынчтык, Айгүл аттуу окуучуларын 5 жылдан бери тарбиялап келет. Учурда шакирттери менен чогуу ырдап, клип тартып, форма тиктирүү менен алек.
-
«КЫЗ-БУРАК» тобу «Практикант агай» аттуу ырына клип тарттырууда.
-
АЙПЕРИ КУЛБАЕВА март айынын башында Ош шаарында жеке концертин тартуулайт.
-
Коргоо министрлиги режиссёр САДЫК ШЕР-НИЯЗГА «Курманжан датка» тасмасы үчүн «Намыс» медалын тапшырды.
-

Ырчы
БАКТИЯР ТОКТОРОВ «Биз» тобу менен Орусиядагы мекендештерди «буй-буйлатып» концерт берип жүрөт.
-
«WE`LL BE» бий тобу Ош жергесине гастролго чыгып, бий боюнча мастер-класс өтүп келди.
-
АНЖЕЛИКА рак илдетине чалдыккан балдарга колдоо көрсөтөт.
-
Ырчы ГҮЛНАРА ТОЙГОНБАЕВА досторунун чакыруусу менен Түркияга барып эс алып кайтты.
-
МИРБЕК ИМАНБЕКОВ "Сага гана" деген ырына клип тарттырып бүттү.
-
ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВА жеке концертин берүүгө камынууда.
-
ЖАНЫШ, БАЙЫШ МОМУНОВДОР 20 жылдык чыгармачылык кечесине даярданышууда.
-
"АЗИЯ МИКС" командасы Москвада өткөн КВНдин Жогорку Лигасынын жарым чейрек финалына өттү.
-
Ырчы АВАЗ АКИМОВ менен АЛМАЗ ШААДАЕВ Орусияга гастролго аттанышууда.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Анжелика балдарды колдоп жатабы, же орукчан балдардын аркасынан озун анан кийимдерди рекламалап жатабы?